Кандидоз венерикалык оору түрүбү?
Кандидоз оорусу жалпы түрүндө "молочница" деп айтылат. Бул аталыш кандидоз оорусу сүт азыгы болгон быштакка окшош бөлүнүп чыгуулар менен коштолгондон улам келип чыккан.
*Кандиданын ооз көңдөйүндө көбөйүшүнө ымыркайларда кездешүүчү оозулду мисал келтирсек болот. Оозул ымыркайга кандидоз оорусу бар болуп туруп, өзүн карап-багууга катышкан адамдардан упчу же башка буюм аркылуу жугуусу ыктымал. Анан албетте, иммунитеттин төмөндөшү да себепкер болот.
*Кандида ашказан, ичеги-карын жолунда көбөйүп кетсе, дисбактериоз оорусуна алып келет.
*Аялдардын жыныстык мүчөсүнүн чел кабыгында көбөйүп кетүүсү кандидозду (молочницаны) жаратат.
*Кандидоз оорусу эркектерде да кездешет. Ошондуктан, кандидозду венерикалык оору катары санабоо керек. Кандидозго чалдыкканда бирөөлөрдөн жугузуп алдым дегенден мурун күнөөнү адам алгач өзүнөн издөөсү керек. Эгер өзү таза болуп, жыныстык катнаштан кийин ооруга чалдыкса, анда ооруну жуктурдум деп эсептесе болот.
(Макаланын толук вариантын «Супер-Инфо» гезитинен окуңуздар).