МУЛЬТФИЛЬМ СЫРЛАРЫ

Симба, Аладдин, Винни Пух, Шрек, Алекс, Том менен Жерри, Лило жана Стич... Балалыкты эске салган сүйүктүү мультфильм каармандары улуу муундун да, жаңы муундун да жүрөгүнөн түнөк таап келет. Кичинекейлер ар бир сөзүн жаттап алгыча аларды жүз жолу көрүшсө да эч тажашпайт. Ал эми мультфильмдин мыкты жаратуучулары кинематографтардан кем калбай атактуу кызыл килемде басып, “Оскар”, “Энни” сыйлыктарына ээ болуп келет.
Бүгүн көнүмүш рубрикабыздын салтынан четтеп, мультфильм сырлары тууралуу баяндамакчыбыз жана убак-убагы менен популярдуу мультфильмдердин жаралышы, каармандары жөнүндө маалымат берип турмакчыбыз.

ТАРЫХТАН...
Көрсө, анимация кинематографиядан да улуу экен. Эгер кинематография 1895-жылы пайда болсо, мультфильмдин пайда болгон датасы 1892-жыл деп эсептелет. Француз окумуштуусу, сү­рөт­чү Эмил Рейно кадимки блокноттун ар бир бетине сүрөт тартып, беттерди тез-тез барактап, кыймылдуу сүрөт­төрдү көрсөткөн.
Тарыхчылар “биринчи графикалык мультфильм 1908-жылы Эмил Коль аттуу аниматор тарабынан тартылган” деп эсептешет. Анын чыгармасы “Фантасмагория” деп аталчу. Анимация тарыхындагы дагы бир пионер, америкалык Стюарт Блектон, карикатура жана комикс китепчелерин тартып, мультфильм тарыхынын өнүгүүсүнө салым кошкон.
Советтик мультфильмдин тарыхы 1929-жылы тартылган “Почта” аттуу мультипликациялык фильм менен башталат. Ал эми биринчи кыргыз тилинде тартылган анимациялык фильмдер – “Сандардын талашы”, “Акылкарачач” жана башкалар. Жакында жаш аниматор Изат Абдраимовдун “Гүл” деп аталган жаңы мультипликациялык тасмасы жарык көргөнү сүйүнтөөрлүк жаңылык.
Антсе да кыргыз мультфильмдеринин аз экендиги өкүнүчтүү. Бирок, чет элдик мультфильмдерди кыргыз тилинде көрсөтүү – кичинекей балдарга чоң белек. Кыргыз элинин менталитетине ылайык болгон советтик жана башка чет өлкөлүк мультфильмдерди которуп, дубляждоо ишин алып барган Кыргыз телевидениесинин алдындагы “Дөөлөт” студиясы 300гө жакын мультфильмди кыргызча которуп даярдоого жетишкен.

ТАРТУУ ЖОЛДОРУ
“Мультфильм” сөзү кулакка абдан сиңип калгандыктан, анын мааниси жөнүндө деле ой салып көрбөсөңүз керек. “Мультфильм” деген сөз “көбөйтүү”, ал эми “анимация” – “жандандыруу”, “жан киргизүү” деген түшүнүктөрдү берет.
Мультипликациялык фильмди тартуу­да адегенде куурчактар колдонулчу экен. Мисалы, “Чебурашка” (“Союзмультфильм”) тасмасы. Көптөгөн режиссёрлор чыгармалары үчүн пластилин колдонууну жакшы көрүшөт. Мисал катары Александр Татпарскийдин 1980-жылкы “Пластилин карга” аттуу мультфильмин эсиңизге салабыз.
Мультфильм жаратуунун дагы бир жолу – сүрөт тартуу. Бул абдан оор, кылдаттыкты талап кылган жумуш. Анимациялык фильмдерди тартуу жолдору техника менен бирге өнүгүп келе жатканы талашсыз. Заманбап компьютердик программалардын жардамы менен тез аранын ичинде көптөгөн мультфильмдер жаралууда: “Супер-үйбүлө”, “Мергенчилик мезгил”, “Желмогуздар уюму”...

КИНОДОН КЕМ ЭМЕС
1930-жылдарда ишке киришкен “Уолт Дисней” кинокомпаниясы жөнөкөй эле чычканды бренд (символ) катары колдонуп, тез арада популярдуулукка жетишти. Атактуу Микки Маус компанияга кадыр-барк менен бирге акча да алып келди. “Диснейдин” алдында кызмат кылган “Пиксар” студиясы жалаң мультфильм тартуу менен иш алпарат. Акыркы жылдарда балдар гана эмес, чоңдордун да көңүлүн бурган “Хан арстан”, “Лило менен Стич”, “Мадагаскар”, “Рататуй” сыяктуу мультфильмдер жаралды. Булар популярдуулугу жана топтогон кирешеси боюнча көптөгөн кинотасмалардан алдыда турушат. Ал эми андагы каармандар кадимки актёрлордой эле таанымал болуп калышты.

КЫЗЫКТУУСУ
Тарыхтагы эң баалуу мультипликациялык кадр – “Кар кыз менен жети гном” (“Дисней”, 1937-жыл) мультфильминдеги колго тартылган сүрөттөрдүн бири. Аны 1991-жылы 222 миң 525 долларга сатышкан.

Дүйнөдөгү эң кымбат мультфильмдер төмөнкүлөр:

  • Жапон аниматору Катсухиро Отомонун “Стимбой” аттуу анимациялык фильми. Бюджети 20 миллион доллар.
  • “Египеттин ханзаадасы” (“Дрим Воркс”, 1998-жыл) мультфильми, бюджети 60 миллион доллар. Мультфильм үстүндө 4 жыл бою 350 актёр жана аниматорлор иштеген.
  • Ал эми чыныгы рекордду азыркы учурда популярдуу болуп жаткан “Үчүнчү Шрек” койду. Анын бюджети 160 миллион АКШ доллары!
    Эң узун “Попей-деңизчи” деген мультфильм америкалык “Макс Флей-Шер” студиясы тарабынан 24 жыл бою тартылган жана 233 бөлүктөн турат.
    Голливуддун эң популярдуу мультфильм каарманы болуп атактуу Микки Маус эсептелет. Бул чычкан күйөрмандарынан айына болжол менен 60 миң кат алып турат. Ошондой эле кичинекей балдардын көңүлүн “Мадагаскар”, “Муз доору” тасмалары бурат. Анын каармандары оюнчук түрүндө миллиарддап жасалып сатылат.
    Эң көп киреше тапкан мультфильмдер булар: “Үчүнчү Шрек” – 570 миллион, “Хан арстан” – 785 миллион, “Немону издөө” – 868 миллион доллар. Кинодон түшкөн кирешеден аз айырмаланат бекен?
    Атайын анимациялык тасмага арналган эң чоң музей Американын Флорида штатында жайгашкан. Анда 50 өлкөдөн алынып келинген 160 миң кадр (сүрөт), жалпы эсеп менен 1000 саатка созулган видеокассеталар жана 250 адамга ылайыкташтырылган кинотеатр бар.
    Эң көп пластилин колдонулган мультфильм – “Тоокканадан качуу” (“Аардман Анимейшн”, 2000-жыл). Тасманы тартууда 2 миң 380 килограмм түстүү пластилин керектелген. Мындан сырткары, бул тасма кадрлардын саны менен айырмаланат. 82 мүнөттүк тасмада 118 миң кадр бар (салыштыруу үчүн: жөнөкөй кинодо кадрдын саны 500-1000 тегерегинде болот).

Даярдаган Бегайым Мусакеева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 245, 13-19-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан