Топчубай Айтмаматов, ырчы: “КАЙГЫЛУУ ЭКЕНИНЕ КАРАБАЙ “АПАКЕМДИ ЭСКЕРЕМ” ЫРЫН ТОЙЛОРДО КӨП ЫРДАТЫШАТ”

Бир жылдары популярдуулугу Кыргызстанды дүңгүрөтүп турган “Жаштык” тобу эсиңиздеби? Ошол топтун солисти, белгилүү ырчы Топчубай Айтмаматов маектешим. Каарманыбыз сөзү-обону өзүнө таандык “Апакемди эскерем” ыры тууралуу “бул ырды азыр да суранып ырдатышат” дейт. Чыгармачылыгы, жеке жашоосу тууралуу баарлаштык.

– Топчубай ага, учурда эмне менен алексиз?

– Азыркы күндө деле чыгармачылык менен алекмин. Тойлордо тамадалык кылам, ырдайм, музыкалык аппаратура иштетем, мектепте музыка сабагынан мугалим болуп иштейм. Жаңы ырларды да жаздырып жатам. Жазында Москвага барып чай-концерт коюп келдик. Келинчегим да музыкалык мектепти бүткөн, экөөбүз дуэт ырдап жүрөбүз. Уулум да ырдап калды. Үчөөбүз Орусиядагы мекендештерге концерт койдук. Абдан толкунданып, өзүмдү тээ 1996-97-жылдарга түшүп калгандай сездим. “Эмнеге ырдабай калдыңыз?” деп сурагандар көп болуп жатат. Күзүндө Бишкекте концерт берсемби деген жакшы максаттарым бар. Концерт койсоң жаңылануу болот экен, формалар, ырлар жаңыланат. Тойлордо жүрө берсең, эл эски ырларыңды суранышып, эски программа менен эле калат экенсиң.

– Үй-бүлөлүк топ болуп калыпсыздар да...

– Ооба, кыздарым да ырга жакын. Мектепте иш-чараларга катышып, ыр сынактарында жеңишке жетип жатышат. 2 кыз, бир уулум бар. Улуу кызым быйыл 11-класска көчтү.

– Арасынан ырчылыкты кесип катары тандай турганы барбы?

– Уулум ырчы болом десе, бул кесип ага ыңгайлуу болот деп ойлойм. Улуу кызым корейче, орусча, кыргызча татаал гармониялуу, фестиваль багытындагы ырларды ырдап жүрөт. Жеңил ырларды ырдагандан уялат. Мектепти бүткөндөн кийин музыкалык окуу жайга тапшыргысы келип жатат. “Ата, мен тойлордо ырдабайм. Фестивалдарга катышып Кыргызстандын атын чыгарган ырчы болом. Же окуу жайда музыка мугалими болом” деп жатат. Азырынча ойлонуп жатабыз. Кыздарга бул тармак бир аз оор болуп калабы дейм. Чындыгында жакшы ырдайт, өзүм да суктанам. Бирок мактай албай турам, анткени башка тармакты тандап калышы мүмкүн да.

– Сиздин чыгармачылыктан алыстаган учуруңуз болдубу?

– Жок. Ырчылык менен эле келе жатам. Айыл жеринде концерттерди берип жүрдүк. Ош менен Бишкекке концерт койсок гана чоң концерт бердик деп айта алат экенбиз. Расул Маматкулов, Бек Борбиев, Динара Акулова жана башка көп ырчылардын катарында жакшы концерттерди бергенбиз учурунда. Жыл сайын 29-30-31-август күндөрү Бишкекте концерт койчубуз. Кыргызстандын көп жерлеринде, Өзбекстан, Тажикстан, Кытай, Орусиянын көп шаарларында гастролдоп жүргөнбүз. Бул 1996-2004 жылдар... Андан кийин тыныгуу алдым. Себеби үй-бүлөлүү болуп, балдарыбыз жаш эле. Чоң концерт бере албадык деп намыстанып, бир чети ызаланып да калабыз. Жогоруда аты аталган ырчылар Эмгек сиңирген артист, Эл артисти наамдарын алышты. Биз чоң концерт бербей, наамга аракет кыла албай калдык. Мага наам алсаң гана атың элдин эсинде калчудай туюлуп калды. Ошон үчүн Эмгек сиңирген артист наамын алганга ниет кылып турам. Наамды да эмгек кылып алалы деп концерт бергени жатабыз.

– 5 жыл мурун “Апакемди эскерем” ырына клип тарттырыпсыз...

– Клипте менин жашоом чагылдырылган. 8-класста окуп жатканымда апам каза болуп калган. Ошондогу абалды клипте көрсөткөнбүз. Ырларым аркылуу жаштарга кеңеш айтып, ата-эненин эмгегин баалоого, ата, апа деген сөздөрдү барктаганга, сыйлаганга үйрөткүм келет. Жашоодо эң чоң иш – бала тарбиялоо. Балдарына жакшы тарбия берген ата-эне – кыйын ата-эне.

– Бул ырыңыз хит болуп турганда заман азыркыдан башкача эле да. Ошол мезгилди эскерип берсеңиз...

– Ал кезде элдин талабы күчтүү, концерт көрүү маданияты жогору эле. Ырдын текстине маани беришчү. Айылдарда “концерт болот экен” десе үйдө эч ким калбай баары клубга агылып барчу. Акчасы жок болсо да барып, сүйлөшүп кирип көрүшчү. Бишкекте алгачкы концертибизди “Россия” кинотеатрында койгонбуз. Алпаруучу мени чакырып, сахнага чыксам, эл дуу күлүп жиберген. Эл өзүбүздү көрбөй, кассетадан ырларыбызды гана угуп жүрүшкөн да. Мени жашы улуу, бала-чакалуу бирөө деп элестетишчү экен. Сахнага чыга калсам жаш бала адашып чыгып алды деп ойлошкон окшойт. Жапжаш болчумун да, 11-классты бүткөндөн кийинки эле жылдар.

– "Жаштык" тобундагылар азыр кайда, эмне менен алек?

– Мамат Парпиев, Кочкорбай Апсаламов агаларыбыз чыгармылык жол менен иштеп жатышат. Ал эми жаштардан Алмаз, Мирлан, Нурлан, Жумабек, Куту, Түгөлбай деген досторубуз бизнес жолунда, Орусияда эмгектенип жүрүшөт. Тилеке каршы, Руслан аттуу жигитибиз дүйнөдөн өтүп кетти. Талантуу, боорукер, ак көңүл бала эле.

– Азыр кайсы ырларыңызды суранып көп ырдатышат?

– “Апакемди эскерем” деген ырым кайгылуу болгонуна карабай тойлордо суранып калышат. Ырдабай коёюн десең “ошол ыр үчүн чакырдым эле” деп чакырган киши капа болот. “Айзирегим” деген бийге ылайыктуу ырымды көп суранышат. “Той”, “Эркелеп койчу, жубайым” деген да ырларымды көп ырдайм.

– Тамада катары айтсаңыз, тойлордо эмнени өзгөрткүңүз келет?

– Эл деле окшош тойлордон тажагандай. Антракт жарыяланганда агалар, аталар сыртка чыгып кетип, бүткөндө киришет. Тамадалардын программалары, жаттап алгансып сүйлөгөн сөздөрү да окшош. Акылдуусунуп узакка сүйлөп отургандарды тажаткандары бар. “Тойдун программасын өзгөрткүлө” деген талап көп. Маданият кызматкерлери акылдашып, элдин талабын орундатышыбыз керек. Себеби эл тойдон эс албай калды. Той ээсинин көңүлү деп кыйналса да аягына чейин зорго отурушат. Кытайга концерт коюп барганыбызда бир губернатордун тоюна туш болгонбуз. Экинчи антракт жарымдаганда ата-энелер ортого чыгат экен да, “урматтуу жаштар, той кут болсун, эми силер ойногула, биз, аксакалдар бата берип коюп кетели” деп туруп кетишет экен. Кыргызстанга деле ушуну сунуштагым келет. Аксакалдар катуу жаңырган музыкадан чарчайт, жаштар алардын көзүнчө бийлей албай ыңгайсыз болушат.

Калпак, жоолуктарды берип убакытты ала бербей, кошумчаны акчалай гана бергенди үйрөнсөк жакшы болмок. Жаш тамадалардын айрым кылык-жоруктары жакпайт. Элди күлдүрөйүн деп арыктарды арыксың, толуктарды семизсиң деп тамашага салгандары бар. Бирөөнү мыскылдоо туура эмес. Айтор, өзгөртчү нерсе көп.

– Жаш ырчыларга эмне деп кеңеш берет элеңиз?

– Жаштарга менден насаат болсун. Ар бир жолуккан адамдын жүрөгүндө жакшы адам болуп жашап калгыла. Чакырган жерге барып жакшы мамиле кылып, жакшы ырдап берсең, башкаларга сен тууралуу жакшы пикир айтылып, алар да сени тоюна чакырышат. Азыраак акчанын айынан элдин көңүлүн калтырбаш керек. Эл баалап, колдоп турса гана дөө болобуз. Убактылуу популярдуулукка берилип элге чоң сүйлөп алгандан абайлаш керек. Менин ырларымды сурап кайрылган ырчылар бар. Ырдайм десе, бардык ырымды бергенге даярмын. Аранжировкалары бүтүп калса, минустарын да интернетке жүктөп жаштарга ыңгайлуу кылып коёюн деген ниетим бар. Себеби жаштар ырдап турса ырдын да өмүрү узарат. Кээ бир обончу, ырчылар ырын бербей коёт экен, аны туура эмес көрөм. Ырды саткан да туура эмес деп ойлойм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан