Айзада Маратова, телеалпаруучу: “ҮНҮҢҮЗ СЕКСУАЛДУУ ЭКЕН ДЕП РАДИОГО АЛБАЙ КОЮШКАН”

Бул татынакай кыздын үнүн радиодон көп уккансыз, радиолордун бириндеги “Сезим сырлары” аттуу берүүдө ыр окучу. Эсиңизге түштүбү? Учурда “Музыка” телеканалында, ар кандай иш-чараларда алып баруучу. Каарманым – үнү жагымдуу, келбети келишкен телеалпаруучу, диджей Айзада Маратова.

– Айзада, кандайсыз? Бүгүн туулган күнүңүз экен, куттуктайбыз!

– Саламатсыздарбы? Рахмат чоң!

– 10 жыл мурунку Айзадага караганда азыркы Айзада кандай болуп өзгөрдү?

– Оой, ошондо 1-курс кезим болуп калат экен. 18 жаш, амбициясы күчтүү, тоскоолдуктарды тоготпогон, “бардык нерсе колумдан келет” деп күйүп турган, ошол эле учурда бир аз тартынчаактыгы бар кыз болчу. Азыр анчалык күчтүү амибицияга таянып, ташты жарам дебесе да, бардык нерсени орду менен, акыл калчап чечкен, оор басырыктуурак Айзада го дейм.

– Журналистикада кандай жолдорду басып өтүп, кантип такшалдыңыз?

– Өзүңүздөр билгендей, буга чейин “Кыргызстан обондорунда” 4 жылдан ашык иштедим. Андан кийин “Музыка” телеканалына баргам, бүгүнкү күнгө чейин ал жакта алып баруучумун. Кесибим боюнча кыргыз тили жана адабияты мугалимимин. Негизи мектепти аяктагандан кийин шаарга журналист болом деп келгем. Ошол учурда журналистика факультетинде бюджеттик орун болбой калып, кыргыз филологиясы факультетин окуп бүтүрдүм. Окууну бүткөндөн кийин эле радио, ТВ тармагына кеткенмин. “Кыргызстан обондору” радиосу мен үчүн эң күчтүү мектеп болду. Теледен биринчи жолу “Апрель” телеканалында эфирге чыккам.

Радиодо “Керемет шоу”, “Эрке таң”, “Сезим сырларын” алып барчумун. “Сезим сырлары” менин сүйүктүү программам. Ал эми “Музыка” телеканалында “Сонун шоу”, “Алтынчы күнү кечинде” телеберүүлөрүн алып барчумун. Азыр эс алуудабыз. Эми, буюрса, жаңы сезондо жаңы программалар менен чыгабыз.

– Ораторлук, туура, так сүйлөө боюнча сабактарды өтөт экенсиз. Бул үчүн да атайын окуудан өттүңүзбү?

– Бул тажрыйбамдын негизинде. Биринчиден, өзүм филологмун. Радио, теле жаатында иштегениме 10 жылдан ашты, ушул практикамдан алынган. Андан сырткары атайын ораторлук боюнча чет элдик курстардан окудум.

– Алып баруучулук тармакта кимдерден үлгү алдыңыз?

– Кумир туткан кишим болгон жок. Мага алпаруучулук таланты, сүйлөгөнү жаккандар бар. Мисалы, Ассоль Молдакматованын жүрүшү, сүйлөгөнү жагат. Орустардан Тина Канделакинин алып барганын, сөздөрүнүн курчтугун жактырам.

– Жүрөгүңүздүн ээси барбы?

– Ооба. Таанышканыбызга быйыл сентябрь айында 5 жыл болот. Билинбей эле ушунча жыл өтүп кетиптир. Биздики көп кездешкен эле таанышуу болгон. Курбумдун жигитинин досу болчу, ошол аркылуу таанышып калганбыз. Башында керсейген бала көрүнгөн. Ал кезде модель болуп жүрчү. Андан кийин эле сезимдер жаралып кетти. Сыртынан башкача адам көрүнөт, ичинен такыр башкача адам. Аябай жароокер, боорукер, камкор.

– Үй-бүлө курууну качанкыга пландап жатасыңар?

– Биздикинен да Жараткандын планы күчтүүрөөк деп коёт го. Буюрса деп эле турабыз. Буга чейин пландап, белгилүү бир себептерден ишке ашпай калган. Ошондон кийин элге жарыялабай туруш керек экен деп калгам. Анда мен “жумуштан эс алууга кетем” деп тим эле элдин баарына айтып жар салып даярданып алган элем да.

– Эмоционалдуу адамсызбы?

– Аябай эмоционалдуумун.

– Көп ыйлайсызбы?

– Ыйлаакмын, ооба (күлүп). Мактаса деле, мен жөнүндө жакшы сөз айтышса деле, урушса деле ыйлагым келе берет. Сыртымдан андай көрүнбөсөм керек, ичимден бардык нерсени жүрөккө жакын кабыл алган адаммын. Бул жагынан апамды тарткам. Апам жумшак, көңүлү назик, эч кимдин көңүлүн оорутпаган адам. Бул сапаттар менде да бар, а негизи атамдын кызымын, мүнөзүм, келбетим атама окшош.

– Айзада бала кезде кандай кыз эле?

– Беш бир тууганбыз, төрт кыз, бир уул. Мен экинчисимин. Ысык-Көлдүн Түп районунан болом. Эжем турмуш курган. Менден кийинкилери студенттер, кичүүсү быйыл бүттү мектепти. Үйдөн эң эле эркеси менмин. Бала кезде чыр кыз болчумун аябай. Үйүбүз бала бакчага жакын болгондуктан апам үйдөгү кийими менен барып калса, апамды “үйдөгү кийим менен келбеңиз, мени жасанып келип алып кетиңиз” дечүмүн. Анан сөзсүз таттуу ала барып, үйгө да алып коюшу керек болчу. Кокус ушунун бирөөсү жок болуп калса Айзада ыйлап, чырдап баштачу. Азыр деле кээде “капризная” болуп кетем. Ачыкмын, оюмдагыны бетке айтып салам, кагазга ороп айтуу деген нерсе жок. Кичинемде конокко барганда дасторконго шекер коюлбаса “апа, кеттик, буларда шекер жок экен” деп жөнөчүмүн. Апамдын тааныштары дүкөндөн шоколад алып беришсе, “муну эмес, тигини алып бер” деп ыргытып салчумун. Айтор, ушундай эрке өскөн кызмын.

Мектепти жалаң “5ке” бүтүрдүм. Активист элем, мектептин президенти болдум, “Ысык-Көл сулуусу” сынагына да катышкан жайым бар. Атам башкы мотиваторум эле. Менин телерадио жаатына аралашуума, алпаруучу болушума атамдын салымы чоң. Ал эми үнүм апамдыкына окшош.

– Үнүңүзгө карата сын уккан учур болду беле?

– Негизи менин үнүм табиятымдан ушундай, өзгөчөлөнүп турат. Эфирге кандай сүйлөсөм, жашоодо да ушундай эле сүйлөйм. Бирок радиого келгенге чейин көбү “үнүңдү жасап сүйлөйсүң” дешчү. Мектепте да, университетте да ушундай сындарды уктум. Ошондой учурларда “чын эле үнүмдү жасап сүйлөйт окшойм” деген ойлор келчү. “Кыргызстан обондоруна” чейин бир радиого баргам, “сиз биздин форматка туура келбейсиз, үнүңүз сексуалдуу экен” деп албай коюшкан (күлүп). Ошондо же күлөрүмдү, же ыйлаарымды билбей кызыктай абалда калгам. "Кыргызстан обондоруна" иштей баштаганда да кээ бир угармандардан “үнүн жасап сүйлөйт” деген сөздөрдү угуп калчумун. Качан гана мен өз үнүмдү өзүм кабыл алып, андан ырахат ала баштаганда элдин мындай ойлору өзгөрдү. Азыр менин үнүм башкалардыкынан өзгөчө кооз деп билем.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан