«АПАКЕ, БИР КӨРҮНҮП КОЮҢУЗЧУ!»
– Мен өзүмдү төрө-гөн апамды издеп келем. Апамдын ким, кандай адам экенин билбегеним менен, ага деген сүйүүм издөөгө түрткү болду. Апам мени 1976-жылдын 31-августунда Бишкек шаарындагы №2-төрөт үйүндө төрөп, таштап кетиптир. Ал жерден Бишкектеги (Фрунзе), анан 1977-жылы 15-мартта Токмоктогу Балдар үйүнө которулуптурмун. 4 жашка чейин Токмоктогу Балдар үйүндө, андан соң 1981-жылдан баштап Таластагы интернатта тарбияландым. Үй-бүлө күтүп, балалуу болуп, ата-эне кадырын билген соң апамды издеп табууну эп көрдүм. Төрөтканага барып, апамдын аты-жөнү Кыдырова Бегайым, 1952-жылы туулгандыгы жана мени 2,500 килограмм салмакта төрөгөндүгү тууралуу маалымат ала алдым. Мындан ашык маалымат бере алышпады.
Апа, мен баарын түшүнөм. Мени таштап кеткениңизге кандайдыр бир жагдай түрткү болсо керек. Билем, сиз мээримдүү эле адамсыз. Кемчиликтер, жаңылыштыктар ар бир эле адамдын башында болсо керек. Бул жашоодо жалгыз болгон эң жаман нерсе экен. “Балам тирүү болду бекен?” деп сиз да мени унутпаган чыгарсыз (сүрөттө менин 4 жаштагы кезим). Ооба, мен тирүүмүн. Учурда Токмок шаарында иштеп, уулумду жалгыз тарбиялап келем. Апа, мен сизден эч нерсе деле сурабайм. Жөн гана сизди таап, баарлашып, мээримиңизге бөлөнгүм келет. Мага бир көрүнүп коюңузчу, апаке!
Уулуңуз Кыдыров Улан. Т.: 0553 141265
Иниңиз Социалбек уулу Таалай. Т.: 0779 439852
Бабаевдердин үй-бүлөсү. Т.: 0779 108667, Учкунбек. 0779 822850, Замирбек.
«ЭЛМИРА, КАБАРЫҢДЫ БИЛДИР»
– Аксы районунун Кызыл-Жар айылынын тургуну курбум Атамкулова Элмира Эргешовнаны издейм. 2007-жылдан бери аны менен байланыша элекмин. Экөөбүз Көк-Жардагы тигүү цехтеринин биринде иштеп, чогуу жашап, бир туугандай болуп калган элек.
Элмира, издеп жатканымды билсең, сөзсүз байланыш. Сени сагындым.
Курбуң Акматбаева Жайна. Т.: + 79264581756
Дамира Арстанова
koom@super.kg