БУМ ЖАРАТКАН «БАРБИ» ТАСМАСЫ

Куурчакка окшош образда, кызгылт түстүү кийим кийип алып “Барби” тасмасын көрүүгө барбаган аялзаты калдыбы? Атайын тиркеме аркылуу өз сүрөтүн барбиге айландырып жасап, аны социалдык тармактарга жүктөбөгөн аялзатычы? Быйылкы жылдын эң кирешелүү долбоорлорунун катарына кирген “Барби” тасмасы тууралуу айтып беребиз.

Кыскача сюжети

Тасма Барбинин окуясын айтып берүү менен башталат. Бул куурчак кыздарды бийик кыялдануудан корпоого үндөө үчүн, ар бир кичинекей бала чоңойгондо каалаган кесипти аркалап, өзү каалагандай жашоо кура аларын көрсөтүү үчүн жасалган. Тасмада куурчактар Барбилендде жашашат. Алар жашаган дүйнөдө абсолюттук матриархат орун алган: аялдар башкарат, китеп жазышат, сот болушат, айтор, бардык кесиптин ээси аялдар. Кендер (эркек куурчактар) болсо декоративдик гана кызмат аткарышат, барбилердин көңүлүн ачып, жашоосун кызыктуу кылуу үчүн гана бар.

Баары өз ордунда бара жаткан... Бир кечеде “стереотиптик” барби өлүм тууралуу сүйлөп алат. Ушул окуядан кийин ал өзүн башкача сезип, куурчактай идеалдуулугун жоготуп, өзгөрө баштайт. Идеалдуулугун кайтаруу үчүн чыныгы дүйнөгө барып, өзүнүн ээсин табышы керек болот. Барбиге кошо чыныгы дүйнөгө кендердин бири да барат. Чыныгы дүйнө куурчактар элестеткендей эмес, кызыксыз, бийликте эркектер турган, кыздардын ролу жокко эсе болгон жер болуп чыгат. Кен муну барбиден эрте түшүнөт да, патриархат тууралуу айтып берүү үчүн Барбилендге кетип калат. Барби ээсин жалгыз издемей болот. Бул арада чыныгы дүйнөдө барби пайда болгонун билген ФБР жана Mattel аталышындагы компания куурчакты кармап, өз дүйнөсүнө кайтаруу аракеттерин баштайт. Кармалып калган барби ал жактан качып чыгып, өз ээси Глорияны табат да, аны кызы менен бирге идеалдуу аялдар дүйнөсүн көрсөтүү үчүн Барбилендге алып кетет. Барышса, ал жерде баарын кендер башкарып, барбилер аларга кызмат кылып калган болот. Барби курбуларын мурдагы абалына кайтаруу үчүн аракет жасайт. Бирок алар баарын көзөмөлдөөдөн чарчашканын, азыркы абалы жагып жатканын айтышат. Болбой эле барби Глория жана анын кызынын, дагы бир барбинин жардамы менен баарын өз ордуна кайтарууга аракет кылат. Барбилер менен кендердин ортосундагы конфликт сүйлөшүү жолу менен чечилип, тараптар баарына ыңгайлуу болгондой чечимге келишет. Мындан ары эч ким эч кимди башкарбайт, ар биринин ыңгайы маанилүү, тең укуктуулук орун алат. Каармандар өз ордуларын таап, бактылуу болушат. Ушундан кийин барби колунан көп нерсе келерин түшүнөт. Жадакалса, куурчак бойдон калбай, адам болуп чыныгы дүйнөгө барып жашоо да колунан келерин түшүнүп, бул оюн ишке ашырат.

Фильмди тартуу аракети 2014-жылы башталган

Бул тасманы жаратууга аракеттер тээ 2014-жылы эле башталган. Бул жылдар аралыгында режиссёрлор, сценаристтер жана башкы ролдогу актёр, актрисалар бир нече жолу алмашкан. Бул тасманы тарткан компаниялар да алмашты. Тартуу иши 2022-жылы мартта Англияда башталып, июлда бүткөн. Бет ачары 2023-жылдын 9-июлунда Лос-Анжелесте өтүп, АКШда 21-июлда көрсөтүлө баштады. Бул күнү биографиялык триллер “Оппенгеймер” да көрсөтүлө баштаган. Эки фильмдин контарсты – куурчак тууралуу фэнтези комедия жана биографиялык триллердин бир учурда элге сунулушу “Барбенгеймер” деген интернет-феноменинин жаралышына, интернетте ар кандай мемдердин пайда болушуна себепчи болду. “Барби” режиссура, дизайн, костюмдар, музыка жана актёрлордун аткаруусу боюнча сынчылардын жогорку баасына татыды. Муну менен катар сындар да айтылбай койгон жок. Фильмдин арты менен кызгылт түстүн, барбинин, кендин образдарынын популярдуулугу өстү.

Июль айынын жыйынтыгы менен карасак, дүйнөлүк прокатта фильм 811 миллион доллар чогултуп, 2023-жылдын эң кирешелүү 3-долбоору болууда.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
nur1111
2023-11-04 22:47:00
корпоого --- корКпоого
0
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан