Асыл апа келинин биринчи көргөндө эле ичи ысыган эле. Жодурап, көргөн көздү тойдура турган, маңдайы жарык, шайдоот, анча-мынчаны маселе көрбөгөн, турмушка бышкан кыз экен. Кафеге болочок келинине жолугууга бара жатканда да куду майрамга бара жаткандай ичинен кубанган. Ошонун баары кийин ойлосо жакшы жөрөлгө тура. Кыргызда “келиндин аягынан, койчунун таягынан” деген сөз бекер эмеспи.
– Атың ким, айланайын?- деди Асыл апа келиндин атын да сурабай жолукканы келгенге кыжалат боло.
– Сезим.
– Бактылуу бологой, кызым,- деп чекесинен сүйүп койду. Маңдайында уулу Эрмекке кыналыша отурган болочок келинине ичи ысып жатты.
– Ата-энең кандай, кызым? Алар менен жолуксак...
– Ата-энем каза болуп калган. Мен кичине экем, жол кырсыгынан экөө тең каза болуп калышыптыр. Мени атамдын карындашы тарбиялап чоңойтту. Эжем турмушка өзүм узатам деп жатат.
“Бечарам ай, ата-энеси жок тура” деп ичи сыздады. Бирок тагдырына наалат айтып отуруп албаган, маңдайы жарык шайдоот кыз экенин байкап отурду. Өзүнүн жаны тынбаган тынчы жок, эрке уулуна жарашып калгандай. Асыл апа көп төрөгөнү менен, балдары улам чарчап кала берип ушул уулу Эрмек гана токтоду. Жүрөгү титиреп калган бечара апа баласы эмне десе макул болуп чоңойтту. Абышкасы каза болуп калганда Эрмек 10 жашта эле, кийин турмушка да чыккан жок. Жашоосунун жалгыз кубанычы ушул уулу болуп калды. Эрмек менен Сезимдин үлпөт тою өтүп, жаштар жаңы турмуштун босогосун аттап бактылуу жашап калышты. Сезим аябай жакшы келин чыкты. Үйүнө кут киргендей сүйүнүп Асыл апа басса-турса экөөнө бакыт тилеп Кудайга жалына берчү. Бир күнү Эрмек менен Сезим кол кармаша жадырап кирип келишти.
– Апа, буюрса, неберелүү болосуз!- деди Эрмек бакылдай.
– Кагылайындарым десе, болсун, болсун! Ошо, эмнеге эле өңү кубарып башкача болуп кетти деп коём. Аман-эсен, акыл-эси, ден соолугу менен берсин!- Асыл апа кубангандан жашып да алды.
Сезим боюнда оор көтөрдү. Алы кетип, кыйналып, басса-турса кусуп жүргөн келинин аяп кетет Асыл апа. Келин өзү менен өзү болуп жүдөп калганын, Эрмек ага анча көңүл бурбай, жумушта себепсиз кармалып, болбогон шылтоолор менен үйгө көп келбей жатканын да байкады. Ичтен сызды. “Алма сабагынан алыс түшпөйт деген чын белем, атасы кургур да кыз жандуу неме эле. Муну Кудай урбаса болду, бактыларына көлөкө түшпөсө экен” деп эле жүрдү. Бирок келин күйөөсүндөгү ал өзгөрүүнү жаштык кылып байкабады.
ххх
– Эрмек, бул аптада Ысык-Көлгө барып эс алып келели.
– Жок, бул жолу болбойт, жаным. Дем алышта Сезим менен апама убада бердим, үйдө болом деп...
– Койчу ошо сөлдүрөгөн аялыңды. Аны менен ичиң бышып кетпей кантип жашап жүрөсүң. Аял деген мендей болушу керек да. Наздуу, кылыктуу, ар түрдүү, акылдуу...
– Анан да куу деп кой,- деди Эрмек келиндин кумарлуу көздөрүнөн көзүн тарта албай.
– Аял деген куу да болуш керек да...- деди шыңк эте күлгөн жубан.
– Өх, өзүм да кыйналып кеттим, улам бир шылтоону айта берип.
– Ажыраш анда.
– Эмне-е?
– Ажыраш, жаным, сен эрте үйлөнүп алгансың. Жашоо деген бул саякат да. Өзүңдү үй-бүлөнүн түрмөсүнө эрте тыгып алыпсың. Жетишесиң дагы ал түрмөдө отурганга. Андан көрө бир келген жашоодо ойно, күл, көңүл ач. Болбосо канчага чейин ушинтип кыжалат болуп жүрөсүң?
Эрмек ойлонуп калды. Чын эле бети сепкил, ичи дардайган, жалаң эле бала тууралуу кыялданган келинчеги бул жашоодон артта калып калган бир бечара сезилди. Айтса-айтпаса төгүнбү, азыр Эрмектин жыргай турган учуру да. Келиндин түрдүү кылыктары ансыз да жеңил мүнөз жигиттин башын айлантып салды.
Бир күнү Эрмек үйгө келди, кебетеси олуттуу.
– Сезим, сүйлөшөлүчү,- деди дароо эле.
– Эмне тууралуу?
Келиндин жаш баладай караган ишенчээк көздөрүн карай албай башын буруп кетти ал.
– Мен башканы сүйүп калдым.
Келин чагылган чартылдап, үстүнө жамгыр төгүлгөндөй нес боло катып калды. Көздөрү дагы деле эмне болуп жатканын түшүнбөй карайт. Таптаза бул көз караштын алдында өзүн жаман сезип кетти Эрмек.
– Ажырашалы...
– Кандайча?
– Ушундайча эле, эл кандай ажырашып жатат,- деди кыжырдана Эрмек. Бул сүйлөшүү эрте бүтүп, эңсеген эркиндиги колго тийсе болду эле ага.
– Мен... мен эмне болом, биздин балабыз...
– Жардам берип турам... Башка квартирага көч...
– Эрмек, сен эмне деп жатасың? Жакында бала төрөлөт. Апам байкуш кубанып баланын бөлмөсүн жасап...
– Ошол бөлмөнү көчкөн жериңе жаса!
Асыл апа алардын бөлмөсүндөгү бул сөздөрдү угуп турду. Окуя ушул нукка бара жатканын ал көптөн бери сезип жүргөн. Эрмек менен да сүйлөшүп, жалынып ыйлап да көрдү. “Ушунчаңда акылыңа кел” десе баласы укпады. Көз жашын сүртүп уул-келининин бөлмөсүнө кирип барды.
– Сезим эч кайда кетпейт! Мына төрөйм деп турган келинди каякка кууп жатасың?
– Апа, киришпеңиз!
– Киришем, курсагындагы бала менин тукумум. Сен эсиңди жоготсоң, мен жогото элекмин. Бала менен Сезим үйдө калат. Сен кайда барсаң ошол жакка бар. Эсиңди жыйганда келесиң.
– Апа, мени кууп жатасыңбы, өз балаңдыбы?
– Акылыңа келгенде бул үйдө балаң да, аялың да күтүп турган болот. Билсең, бул менин сага жакшылыгым!
Асыл апа ушуларды айтты да, чыгып кетти. Жалгыз уулун кууп жибериш ага да оор эле, бирок ата-энеси жок, кош бойлуу келинин үйдөн чыгарып коюш анын адамгерчилигине туура келмек эмес. Жалгызы үчүн жаны кейип турса да, ал бул тандоону жасашы керек эле...
ххх
– Жылдар өттү. Кымбат баалуу унаадан он жашар бала, байбиче апа жана келин түштү. Баланын колунда гүл бар эле.
– Чоң апа, биз атама келдикпи?
– Ооба, атаңа жолукканы келдиң.
Бала томсоргон бейиттерди карады. Атасынын сүрөтүн таап, анын алдына колундагы гүлүн койду. Чоң энеси куран окуду. Асыл апанын жүзүндөгү жаштарды баланын быйтыйган колдору аарчыды.
– Чоң эне, мен бармын го. Өзүң айтасың го кичинекей Эрмексиң деп. Мен сени, апамды багам. Ыйлаба...
Сезим менен кайненеси жылмайып алышты. Алар канча жолду чогуу басып өткөн, жамандык-жакшылыкта чогуу болгон кайнене-келин болчу. Эрмектин тагдыры оор болду. Баягы кылыктуу жубанга үйлөнүп, анысы бара-бара Эрмекти көрүнгөн менен алмаштырып баштаган. Ага чыдабай Эрмек аялга кол көтөрүп, аял коргонуу үчүн бычак менен уруп жиберген эле. Каза болуп калганына эки жыл болгон. Асыл апа Эрмегинин туягын эш кылып, келинин караан кылып жашап калды.
Айлин Д.