ЧЕТИН ТЕКИНДОР

Четин Текиндор – түрк киносунун аксакалы, сыйлуу-абройлуу адамы. 78 жашка чыккан актёр таланты, тарбиясы, накыл кеби, сүрү менен кийинки муундарга үлгү болуп келет. Күзүндө экинчи сезону чыгат деп көпчүлүктү күттүргөн популярдуу “Зимородок” сериалында актёр Халис аганын образында. Тасмада күчтүү, тарбияга катуу, каада-салтты бекем кармаган ролдогу актёр жашоодо кандай адам?

Туулган жери: Түркия, Сивас

Туулган жылы: 1945-жыл, 16-июль

Жылдыз белгиси: бөйөн

Кесиби: актёр

Тартылган белгилүү сериалдары: “Кичинекей ага”, “Айла: согуштун кызы”, “Ичинде”, “Аси”, “Карадайы”, “Зимородок” жана башка

Тарыхый аймактын кулуну

Сивас. Түркиянын Сивас шаарында канчалаган тарыхый окуялар, кармаштар болуп өткөн. Учурда тарыхый-маданий шаарлардын катарына кирген бул калаада 1945-жылы болочок актёр Четин Текиндор жарык дүйнөгө келген. Башка балдарга окшоп ар кайсы кесиптин ээси болом деп ою өзгөргөн жок. Кичинесинен бир мүнөз бала эле, чыгармачылык дүйнөгө кызыккандыктан “мектепти бүткөндө актёр болом” деген. Шаардагы театралдык университеттин театралдык бөлүмүнө тапшырып, алгачкы жолу театр сахнасына чыкканда 18 жашта болчу. Университеттик билимден кийин Анкара шаарындагы консерваторияга тапшырып, өтүп кеткен. 25 жашында консерваторияны аяктап, 2 жогорку билимдин ээси болуп чыкты.

Мугалим

Чыгармачылыктан алыс үй-бүлөдөн чыккан Четин мырза профессионал актёр болду. Анкара театрында ийгиликтүү эмгек жолун баштап, кошумча үн коштоочу болуп да орношуп алган. Коңур, өктөм, жеткиликтүү үндүн ээси көптөгөн түрк кино-сериалдарда үн коштогон.

Тасмалардагы образдарынан улам Четин Текиндор жашоодо да адамды бир көргөндө сүрдөтө турган, анын ою менен сөзсүз эсептешүү керек деген адамдын элесин жарата берет. Адамдарды багынткан касиети, балким, анын дагы бир кесибине байланыштуу болсо керек. Актёр көп жылдар бою Хажеттепе жана Билкент университетинде театралдык бөлүмдө окутуучу болуп эмгектенген. Андан билим алган актёр-актрисалар “Четин хока” (мугалим) деп кайрылышат.

Кино

Четин Текиндор кино дүйнөсүндө 1983-жылы чыккан “Кичинекей ага” драмасына тартылып популярдуу болгон. Сериал экранга чыккандан кийин көпкө чейин актёрдун Четин аты өчүп, “Кичинекей ага” аталып жүрдү. Андан кийин актёрдун катышуусунда канчалаган тасма-сериалдар тартылды. Мамлекеттик баш болгон көптөгөн кино сыйлыктар тапшырылды. Текиндор жаш кезинде тартылган тасмаларды биздин чоң ата-чоң энелерибиз жакшы тааныса керек.

1990-жылдардын башынан баштап негедир актёр тасма талаасынан алыстап кеткен. Аны көрөм дегендер театрга барышы керек эле. Же болбосо университеттен кезиктирмек. Өзү болбосо да, үнү ар кайсы долбоорлордо жаңырып турду. Четин мырзанын киного кайрылышына бир журналисттин макаласы себеп болгон. Журналист макаласында “Кайсы тасма же сериал көрбөйлү, баарында Четин Текиндордун үнү жаңырат. Актёр эмгек өргүүсүнө жетерлик акча топтоп алып кетип, бизди жайыбызга койсо болот эле” деп жазган. “Анын макаласы мени силкинтип, актёрлугума экинчи дем берген” дейт Четин мырза.

Экинчи дем

2000-жылдары актёрдун кино архиви «Айтчы, Стамбул!», «Менин атам жана менин балам», «Аңчылык маалы», «Чоң атамдын эли», «Кара ага», «Ичинде», «Кагылышуу», «Айла: согуштун кызы» жана башка көптөгөн ийгиликтүү долбоорлор менен толукталган. Өзгөчө 2003-жылы чыккан “Кагылышуу” сериалы актёрго кайрадан бир нече кино сыйлык алып келди.

Четин Текиндордун акыркы ийгиликтүү эмгектеринин бири “Зимородок” сериалы. Аталган сериалдын күйөрмандарынын көбү Халис аганын ролуна сый көз карашта болуш керек. 78 жаштагы актёр алдыда экранга чыга турган “Хайсултан” сериалында да роль жаратат деген маалыматтар бар.

Жөнөкөйлүктү баалайт

Канча сыйлык албасын, канча аброй күтпөсүн Четин Текиндор жөнөкөй жашоону, жөнөкөй мамилени баалап келет. Актёрдун жеке жашоосуна келсек, 1987-жылы өзүнөн 20 жаш кичүү актриса Зеррин Текиндор менен кол кармашкан. Үйлөнгөнгө чейин экөө көп жыл мурун таанышып, чогуу иштешип, кийин сүйүү оту жанган эле. Чыгармачыл инсандардын үй-бүлөсүндө 1989-жылы Хира Текиндор аттуу уул бала жарыкка келген. Үлгүлүү жубайлардын катарындагы түгөйлөр 10 жылдан соң ажырашып кетишкен. Зеррин Текиндор десе тааныбашыңыз мүмкүн, бирок популярдуу “Чексиз сүйүү” (“Чёрная любовь”) сериалындагы Лейланы сөзсүз тааныйсыз. Актрисаны андан сырткары “Тыюу салынган сүйүү”, “Күзей-Гүней”, “Курт Сейит жана Александра” сыяктуу жогорку рейтингди багындырган сериалдардан да көрө аласыз. Атактуу актёр-актрисанын баласы да чыгармачыл чөйрөдөн алыс кеткен жок. Хира театрда режиссёр-коюучу болуп эмгектенет. Четин мырза да, Зеррин айым да ажырашкандан кийин кайрадан нике шакегин тагынып, экинчи ирет үй-бүлө күткөн эмес.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1078, 4-10-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан