Айжан Аденова, актриса: “ТАРЫХЫЙ ТАСМАГА ТАРТЫЛГЫМ КЕЛЕТ”

“Кошунаны тандабайт” сериалы аркылуу таанылган актриса Айжан Аденова бир топ тасмаларда көрүнүктүү ролдорду аткарып, эл оозуна алынып калды. Качан карасаң жайдары жүргөн актриса бизге да жагымдуу маек куруп берди.

– Айжан, туулган күнүңүз кут болсун! 5-августта 30 жаштын босогосун аттаптырсыз. Бул жашка келгенче жашоодо эмнелерди үйрөндүңүз, кандай сабак алдыңыз, эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?

– Саламатсызбы, чоң рахмат. 30 жашка чыксам да өзүмдү 25тегидей эле сезем, өңүм деле ошол бойдон, ата-энеме жана генетикама ыраазы болуп жатам. Алдыма койгон максаттарыма аз-аздан жетип келатам. Убакыт өткөн сайын жашоону түшүнүп, кечиримдүү болуп, негативдүү нерселерге көңүл бурбай, тескерисинче, позитивдүү ойлор менен жашаганды үйрөнөт экенсиң.

– Жашооңузда, чыгармачылыгыңызда дагы кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Чыгармачылык боюнча айтсам, азыр жаңы тасманын сценарийин жазып жатабыз. Мен үчүн бул жаңы тажрыйба, анткени мен автор катары сценарийдин түзүлүшүнө катышып жатам. Муну менен катар “Чоочун киши” сериалында роль жаратуудамын. Андан тышкары, Триатлон федерациясында уюштуруучу катары Азия Кубогуна даярданып жатабыз. Жашоомдун акыркы жаңылыгы ошол, 30га чыгып, аябай катуу майрамдадым. Үй-бүлөм менен да майрамдадык, анткени жакындарыңдын батасы абдан маанилүү. Мен өзүмдү бактылуумун деп ойлойм, себеби эң жакын адамдарым жанымда, алар дайыма колдоп турушат.

– “Зомбеты” сериалында да роль жаратып жатыптырсыз. Бул сериал тууралуу “карьерамдагы эң оор съёмка” деп жаздыңыз. Эмнеси менен оор болду?

– Ооба, эң оор съёмка болду. Анткени тартуу иштерин таң атпай баштап, түнкү саат 2де бүтүп жатабыз. Тартуу аянттары шаардын четинде, тоодо, ал жакта же жарык, же суу жок болуп аябай кыйналдык. Андан сырткары каскадёрлор менен биринчи жолу иштешип көрдүм, кыйын экен, денемдин баары көк ала болуп калды.

– Буга чейин жалпы канча тасмага тартылдыңыз?

– Жалпы 15 тасмага тардылдым. Алардын арасында 4 сезондук шоу “Жарайт Сити”, 3 сезондук сериал “Кошунаны тандабайт” да бар.

– Сиз иштешкен режиссёрлордун мүнөздөрүн, өзгөчөлүктөрүн айтып берсеңиз?

– “План Б” тасмасында Бакыт Осмонканов менен иштештим. Ал талапчыл, олуттуу режиссёр. Бирок тартуу аяктагандан кийин күлкүлүү, ачык адам болуп калат. “Здравствуй, папа!” тасмасында Эрнест Абдыжапаров менен иштешип көрдүм. Биринчи жолу көргөндө коркуп, жанына барсамбы-барбасамбы деп ойлонгом. Сүйлөшкөндөн кийин ачык, шайыр адам экенин билдим. Илгиз Кубатбек менин КВНден берки досум. “Зомбеты” сериалынын экинчи, үчүнчү сезонунун режиссёру. Мен анын ийгиликтерине кубанып жүрөм. КВН кездеги Илгиз жок азыр, олуттуу режиссёр болуп калды. Казакстанда да иштеп көрдү. Белек Тургунов “БайКуштун” экинчи бөлүгүнүн режиссёру, жөнөкөй, ачык, шайыр адам. Аябай жакындан тааныбайм. Бирок абдан так режиссёр дей алам. Эң жакшы көргөн режиссёрум – Радик Эшимов. 5-6 тасмада чогуу иштештик. Радик актёрлор менен көп образдарды деталдаштырат, ошонусу аябай жагат.

– Бир тасмадан эң көп канча гонорар алгансыз, сыр болбосо?

– Азырынча эң чоң гонорарым 100 миң сом.

– Күйөрмандарыңыздан көбүнчө кандай мактоолорду, сындарды угасыз? Сизге таасир берген же көңүлүңүздү чөктүргөн комментарийлер жөнүндө айтсаңыз.

– Негизи Кыргызстанда күйөрмандардын тили курч. Мактап “аткарганың жагат, ишенимдүү”, “сезимдерди, эмоцияларды сонун ачып бересиң. Сен ыйласаң ыйлайбыз, күлсөң күлөбүз” деп жазышат. Мындай комментарийлерди окуу, албетте, жагымдуу. “Актрисалык билимиң жок, ошондуктан толук кандуу актриса эмессиң” деп көңүлүмдү чөктүрүшөт. Бирок менин 10 жылдык тажрыйбам бар. “Жарайт ситиден” баштагам, азыр башкы ролдорду ойноп жатам. Ошол менин тажрыйбам.

– Актрисалыкта алдыга койгон максаттарыңыз, кыялдарыңыз кандай?

– Кыялдарым – Казакстанда, Орусияда, Европада роль жаратуу жана Берлиндин же Канндын кинофестивалына катышуу, буюрса.

– Сиз жараткыңыз келген, бирок жарат элек кандай образ бар?

– Тарыхый тасмага тартылгым келип жатат. 2018-жылы тарыхый тасмага кул аялдын ролун аткарып бериңиз деп чакырышкан. Ал кезде кош бойлуу болчумун. Ошондуктан баш тарткам. Азыр ошондой ролду берсе ойномокмун.

– Сизди тасма талаасында “Кошунаны тандабайт” сериалынан улам тааныдык да. Шайыр адам деп элестетебиз. Социалдык тармактардан да дайым шаңдуу жүргөнүңүздү көрөбүз. Кандай учурларда кайгырасыз? Депрессияга кабылган учур болгонбу?

– Мен КВНден чыккан кызмын да. Шаңдуу, күлкүлүү болуп жүрө берип, режиссёрлор да бул комедияга гана ылайык деп ошондой ролдорду берип жүрүштү. Радик Эшимов менен иштешкенде ал “сенин драмалык ролдорду аткарууга шыгың бар экен, сонун ыйлайт экенсиң” деген. “Кошунаны тандабайтта”, “БайКушта” драма ойной ала турганымды, андай да талантым бар экенин чогуу ачканбыз. Кандай учурда кайгырам? Калыстык жок кезде кайгырам, жаман комментарий окусам кичине кайгырам. Энемин да, балдардын ооруганын көрсөм кайгырам. Негизи дайыма эле шаңдуу жүрөм. 2021-жылы депрессияга кабылгам. Анткени ошол учурда актрисалыкты же пиар тармагын тандашым керек болду. Кайсыны тандаарымды билбей депрессия болгом. Акыркы 2 жылдын ичинде депрессияга убакыт жок, ишим көп.

– Үй-бүлөңүздө кандай жаңылыктарыңыз бар?

– Үй-бүлөмдө баары жакшы. Уулум 5 жашта. Бардык кылган иштеримде жолдошум колдоп турат, ага ыраазымын.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан