Кечээ күнү таксиге түшүп калдым. Жолду катар айдоочу “Башканын короосунда өскөн гүлүм, жат үйдүн короосунда өскөн гүлүм” деген ырды кайталап угуп келди. Бул ырдын тексти менин тагдырымды баяндаптыр.
Адам сүйүүсүз жашай албайт деп сыпатташат көп адам. Кээ бири чыныгы сүйүүнү чанда гана адам кездештирет дейт. Билбейм, мен кандай сүйүүгө кабылганымды аңдай албадым го, бирок арадан канча убакыт өтсө да жүрөгүмдүн түпкүрүндө жашаттым, унута албадым. Жашым 40ка чамалады, үй-бүлөлүүмүн, жароокер жарым, периштедей уул-кызым бар. Менин сүйүүмө булардын эч кандай тиешеси да, күнөөсү да жок. Менин махабат баяным аларга чейин башталган.
Бир үйдүн жалгыз уулумун, жалгыз уулумду окутайын деп апамдын жан алакет түшүп чуркаганы азыр да көз алдымда.
– Апа, мен окууга кетсем сиз жалгыз каласыз.
– Эч нерсе болбойт, балам. Сен окушуң керек.
– 1-2 жыл чет өлкөгө барып иштеп келейин анда?
– Чыдайбыз, балам. Сен окушуң керек, окууну жылдырганга болбойт, – деди. Ошентип студент болдум. Тайпабыздын жарымынан көбү кыздар эле. Студенттик күндөрүм биринен өтүп бири сулуу кыздар, алардын шаңкылдаган күлкүсүнө курчалып башталды. Бир күнү тайпалаштар чогуу кече уюштурдук. Ошол күнү мен сүйүүмдү таптым. Ага чейин анча байкалбаган Нурзат аттуу кыз ал күнү мен үчүн перидей эле көрүндү. Өзү назик, ошол эле убакта тартынбаган, ырды да, бийди да катырган кыз эле. Тамашадан тамаша чыгып отуруп экөөбүз “эки жаш” болдук ал күнү. Эбепке себеп болот тура, мамилебиз андан ары өөрчүп кетти. Мен чын эле ал кызды катуу сүйдүм, баарынан баш тартууга да даяр элем. Айылда калган жалгыз апамды эмес, ал кызды көбүрөөк ойлоп калгам ал күндөрү. Эгиз козудай ээрчишип, жетелешип сейил бакта көп бастык, сүйлөшсөк сөзүбүз түгөнчү эмес, кызыктуу күндөрүбүз көп болду. Биздин мамилени факультеттин баары билет эле. Бирок тагдыр андай бактылуу күндөрүбүздү түбөлүк кылган жок, көр тирилик экөөбүздү эки шаарга бөлүп ыргытты. Нурзат ата-эненин мээримине бөлөнүп өскөн, тартынбаган, бардар жашоодо чоңойгон шаардык кыз эле. Ал айылдагы менин жаман кепеме барып чыдап жашап кетерине көзүм жетчү эмес. Анын үстүнө ошол учурда апам да ооруп ден соолугунан көйгөйлөр жарала баштады. Акча керек... Эмне кылам? Окууну таштап, чет өлкөгө иштегени сапар тарттым. Башында баары жакшы болчу. Бирок аралык баары бир мамилени салкындатат экен. Жөнү жок урушабыз, бири-бирибизди кызганабыз. Эч качан ыйлабаган сүйгөнүм көп ыйлачу болду. Бир күнү кыйнабайын деп чечтим да, ортодогу мамилени үзүп салдым, ушинтсем баары жайына келет деп ойлодум. Ошондо бул кадамым үчүн канча өкүнөрүмдү билгенде эмне?..
Көп узабай анын турмушка чыкканын уктум. Дүйнөм өрттөндү. Ызаландым, ичтим, ыйладым. Ага тынымсыз чалып да жүрдүм. Бирок алган жок. Аны дайым күттүм, бир күнү күйөөсүн таштап мага келет деп күттүм. Бир күнү жазат дедим. Жок, андай болгон жок. Акыры мен да үйлөндүм, ата болдум. Бирок дагы деле Нурзатты эстей бердим...
Жакында Кыргызстанга көчүп келдим үй-бүлөм менен. Ал күндөрү тайпалаштардын жолугушуусуна бардым. Нурзатты келбесе керек деп ойлогом, бирок келди. Мезгил өзүнүкүн алганы менен, күлкүсү да, мүнөзү да баягы бойдон.
Экөөбүз ал күнү өзүбүзчө отуруп көпкө сүйлөштүк. Жок, жаман ойлобогула, күнөө кылган жокпуз. Биздин сүйүү сиз ойлогон кумарда эмес, биздин сүйүү жан дүйнөнүн сүйүүсү болчу. Сүйлөшсөк сөзүбүз түгөнбөйт. Анын жанында отурганымдын өзү эле мен үчүн чоң ырахат, чоң бакыт болчу.
– Нурзат?..
– Кандай жүрөсүң?
– Мен... Мен сени күтүп жүрөм дагы эле...
– Илим... Эми баары кеч. Сен дагы, мен дагы башканын бүлөсүбүз. Жолдошум абдан жакшы адам, мени сыйлайт. Анын алдында өзүмдүн сезимдерим үчүн эгоисттик кыла албайм. Мени күтпө мындан ары...
Андан кийин жолуккан жокпуз. Ал кийинки кечелерге келген жок. Бул ыр ашыгымды дагы эстетти, кайрадан анын жанында жүргөн күндөрдү, мүнөттөрдү сагындым.
Илим