АЯЛ (Ийгиликтүү аялдын сыноолорго толо тагдыры баяндалган сериал)

(Башы өткөн сандарда)

– Баары жакшы, Жайна. Өзүң көрүп тургандай жашоо сынагы менен болот экен. Жалган-жалаанын айынан түрмө дегендин да жүзүн көрүп келдим. Бирок сынган жокмун. Менде баары жакшы – деди Айдай жылмайып.

– Оо, баары жакшы болсун, жаным. Биз дагы угуп аябай кабатыр болдук. Сен кыйынсың, муну да жеңесиң деп ойлодум. Баса, Илим менен мамилең кандай?

– Кандай болуш керек эле? - деди Айдайдын жини келип.

– Эми сурап жатам да. Сенин башыңа иш түшкөндө кетип калбады бекен деп жатам да. Эркектер ошондой калк эмеспи. Бүгүн эле аны аялы менен эмерек салонунан көрдүм, ошого кызыгып жатканым.

Айдайдын жүрөгү тарый түштү. Илим аялы менен эмерек салонунда эмне кылып жүрдү экен? Айдайдын талуу жерине тийгенин сезгендей тиги маашырлана жылмая берди.

– Аялынын баракчасына жазылып алгам да. Ой, бир күлкүлүү аял десең. “Илим антти, минтти” деп эле жарыялай берет. “Илим экөөбүзгө керебет алдык” деп да сторис киргизип жаткан. Мына, ишенбесең көр!

Айдай аргасыз тиги аялдын телефонуна жүткүнө берди. Көзү караңгылай түштү. Анткени сүрөттө Илим чын эле эмерек салонунда аялы экөө бир нерсе тандап жаткан экен. Канчалык өзүн колго алууга аракет кылса да эриндери титиреп кетти Айдайдын. Сыр билдирбей сахналашы менен коштошуп сыртка чыкты. Ошол күнү Илимден да кашайып телефон чалуу болбоду, СМС да жазбады. “Чын эле сүйүктүүсүнүн кош бойлуу экенин билип туруп кол шилтеп кетип калабы? Анда эмнеге жан үрөп аны түрмөдөн алып чыкты? Анын аялы менен ажырашайын деген ою жокпу?” Ушундай ойлордун курчоосунда калып, башы ооруп чыкты. Үйгө жөнөдү. Илим да ошол арада үйгө келип калган экен. Келип эле жүзүнөн өбөйүн дегенде Айдай башын буруп кетти.

– Эмне болуп кетти?

– Сага эмне болду?

– Эч нерсе, бүгүн иштер көп болуп чала албай калдым. Болгону ошол. Анткени кечинде келем деп ойлодум. Эртең УЗИге чогуу барабыз деп сүйлөшпөдүк беле?

– Барбай эле кой, өзүм барам.

Айдай ызаланып, көздөрүнө жаш толуп кетти.

– Ой, эми эмне болуп кетти?

– Бөлмөңдү ремонт кылып жатыпсың го. Сенин аялың менен ажырашайын деген оюң деле жок экен. Ажыраша турган адам ошентип ээрчишип алып эмерек издейби?

– Сен аны кайдан көрдүң? - деп оозу ачылып калды Илимдин.

– Аялыңдын баракчасынан көрсөтүштү! Жакшы адамдар бар экен жашоодо, менин көзүмдү ачканга жардам берген?- деди Айдай какшыктап.

Илим эмне кыларын билбей калды. Айдайдын ого бетер жүрөгү дүкүлдөп чыкты. Мына, азыр айтат, “мен ажыраша албайм, мурункудай эле жашай берели” дейт... Бирок Илим антип айтпады. Колунан кармап үйгө жетелеп кирди да, диванга отургузду.

– Айдай, экөөбүз канча жол бастык. Сен мени эч ким билбегендей билишиң керек деп ойлойм. Мен кантип эле ажырашпай сени орто жолго таштап кете берейин. Айтчы, мен ошондой алсыз эркекминби?

– Анан эмнеге ремонт кылып, аялыңды дүкөндө жетелеп жүрөсүң? – деди Айдай көзүнөн жашы мөлт эте.

– Менин бөлмөмдү астын-үстүн кылып салыптыр. Мен кайдадыр түнөшүм керекпи? Жаңы эмерек алышыбыз керек деди. Мен иштер эрте бүтсүн деп бардым. Тартып интернетке чыгара каларын кайдан билейин. Азыр уулумдун бөлмөсүндө түнөп жатам.

– Эмдигиче ага ажырашуу тууралуу кеп козгой элексиң...

– Айтчы жаным, ал азыр экөөбүз тууралуу оңду-солду интервью берип баштаса, мунун сот ишине кандай таасири тиет? Социалдык тармактар сенин атың угулса эле дүңгүрөп кетерин билесиң. Ошол нерсени ойлоп кетенчиктеп жатам. Болбосо эмнеге жүрөт дейсиң. Мен баарын ойлонуштуруп кадам таштап жатам. Эмоция менен аракет кылсак биз утулуп калабыз. Эң негизгиси сени соттон аман-эсен алып чыгышым керек. Ымыркайыбыз сак-саламат жарык дүйнөгө келиши зарыл. Үстүбүздөгү кара булут кетсе болду, ажырашуу кайда качат? Мен сеникимин! Дилим, жүрөгүм менен сендикмин. Буга кантип шектенсе болот?

– Мени таштап кетпейсиңби?

– Сенден мени ажал эле ажыратпаса эч нерсе ажырата албайт.

Айдай Илимдин мойнуна асыла берди.

– Суранам, ажал дебе. Биз бактылуу болобуз. Аз калды.

– Болобуз!

ххх

Ажар күндөн-күнгө жакшырып келе жатты. Мурункудай коркуу жок, жашоого күйүп-бышпай кандайдыр бир салкын кандуулук менен карап калганын байкады. Муну уулу да сезди. Өзүнчө сүйүнүп жүрдү. Психологго бара турган күндү апасы менен чогуу күтөт.

– Апа, сизди жеткирейинби?

– Жок уулум, сен кете бер. Мен такси менен барам.

– Макул, анда келе жатканда ала келем.

Уулу колун булгалап үйдөн чыгып кетти. Ажар бир аздан кийин Берметтин маңдайында отурду.

– Бүгүн көңүлүңүз ачык... Бир жакшы нерсе болдубу?

– Жок, мен акыркы күндөрү дайым эле ушундаймын. Сиздин жардамыңыз менен депрессия деген чуңкурдан чыгып келе жатат окшойм. Мурун психологдорго ишенбестик менен карачумун. Азыр силер чындап эле адамдын жан дүйнөсүн айыктыра турганыңарга ишенип калдым. Мен чындап эле өз жашоомду жашабапмын. Ажар ким? Ал эмнени жакшы көрөт? Жашоодогу максаты эмне? Миссиясы эмне? Эркиндик деген эмне? Мына ушундай суроолорду өзүмө бере баштадым. Мурун мен кааласам да каалабасам да болгон жашоом ушул деп кабыл алчумун. Көрсө мен жашоонун агымы менен эле ага бериптирмин. Агымга каршы туруштук бере албаптырмын. Аны азыр гана сезип жатам.

– Азыр да жашсыз, мындан ары жашооңуз өз колуңузда. Эми баягыдай эле кыйналып, сыр жашырып жашоо же баарын ачык-айкын көрсөтүп, женилдеп жашоо. Бул сиздин тандооңуз болот.

Ажар сөз ушул жерге келет деп күтүп жаткан. Бирок ал билет, Эмир өз уулу эмес экенин ал эч качан айтпайт. Эмирден айрыла албайт. Ойлонуп калды.

– Сиз мага жардам бердиңиз. Бирок уулум тууралуу ачык айт дегенди айтпаңыз. Муну жакын жолотпоңуз.

– Бирок ал бир күнү болбосо бир күнү билет да. Апасы сиз айткандай белгилүү адам болсо, өмүр бою уулун издеп келсе, кантип эле унчукпай коёт деп ойлойсуз.

– Унчуга албайт. Мен ал аялды жакшы билем - деди өжөрлөнө баш чайкаган Ажар. Бермет аны карап туруп, азырынча даяр эмес экенин билди. Азырынча даяр боло элек. Сөздү башкага бурду.

– Макул, сизге бирөө калем берип, эми жашооңдун сценарийин жаз десе эмнеден баштайт элеңиз?

– Эркиндиктен баштайт элем. Мен өмүр бою эркин боло албадым. Бизди капаста камап койгондой жашатты атам. “Андай кылба, менин балдарым мындай болбошу керек. Менин балдарым жакшы окушу керек”. Өмүр бою ушундай сөздөрдү уктум. Мектептен алган ар бир баа өзүм үчүн эмес, атам үчүн эле. Билесизби, мен эң жакшы окуган окуучу элем. Бирок азыр мектеп программасынан эч нерсе билбейм. Атам мени менен сыймыктансын, анын үмүт тилегин акташым керек деген гана ой менен жашап келген экем. Өзүм үчүн бир да баа алган эмесмин. Ошол балалык кезде эле мендигим жер алдына көмүлүп калган окшобойбу. Кийин күйөөм дал ошондой чыкты. Баары анын айтканы менен болду. Азыр экөө тең жер алдында. Бирок мен дагы да эркин жашай албай жатам. Үстүмдөн дагы деле экөө карап тургандай. Ар бир кадамымды санап жатышкандай. Мен бул сезимден кантип кутулам?..

(Уландысы кийинки санда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан