Гүлжамал Абдыкадырова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “КОСТЮМ ТИКТИРИП АЛЫП, КЫЯЛЫМДАГЫ РОЛДУ КҮТҮП ОТУРАМ”

Гүлжамал Абдыкадырова Ош улуттук драма театрында 46 жылдан бери эмгектенип келет. Кино сүйүүчүлөргө “Түндүктүк келин” тасмасы аркылуу таанылган. Ошко бүлө болгон жаңы келинди жактырбай, кимиси болсо да какшыктап сүйлөгөн корс кайнеженин образы эсиңизде бардыр, окурман.

– Саламатсызбы, Гүлжамал эже? Күүлүү-күчтүү жүрөсүзбү?

– Саламатчылык, баары жакшы. Учурда эмгек өргүүсүндөбүз. 31-августка карата театрда оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатышат.

– Жеке жашооңузда кандай жаңылыктар бар?

– Жашоомдо былтыр бир жаңылык болду. Жашап жаткан үйүмдү сатып, жаңы үй алдым. Жер тамдан чарчадым, кыштын күнү кыйын болот экен. Көп кабаттуу үйгө көчүп келдик.

– Билишимче, сизге мамлекеттен үй берилген. Ошол үйдөн көчтүңүзбү?

– Мамлекеттен берилген үй 1 бөлмөлүү болчу. Аны сатып 2 бөлмөлүү үй алгам. Анда 10 жылдан ашык жашадым. Кийин жер там алып, ал жерде 12 жыл жашадым. Азыркы үйүбүз 3 бөлмөлүү батир, келин-уулум, неберелерим менен жашайм.

– Кут болсун! Бир маегиңизде “бала кезден Мустай Каримдин “Ай тутулган түндө” пьесасындагы Таңгабийкенин ролун ойногум келчү. Өзүм койдурам десем каражат табышым керек” дегенсиз. Каражат табылдыбы?

– Жок, каражат табыла элек, кыялыма жете элекмин. Бирок өзүмө-өзүм демөөрчү болуп Таңгабийкенин костюмун тиктирип койдум. Кудай буюрган болсо ал спектакль да коюлат.

– Кээде режиссёр болгуңуз келген учур болобу?

– Жок, ай, ошону ойлонбоптурмун. Ойлонгондо эмне, режиссёрдук билим болбогондон кийин куру эле жанталаша бергенден пайда жок. Спектаклди жакшы коё алсаң бир жөн, анан жакшы коё албай калып сынчылардан, көркөм кеңештен тепки жегенден өткөн жаман нерсе жок. Андан көрө тынч эле, маанайды бузбай, берилген ролдорду ийине жеткире аткарып элдин алкышын алган жакшы го.

– Актрисалыкта деле сынчылардан тепки жеген учурлар болобу?

– Албетте, болот. Айрыкча классикалык ролдорду ойногондо. Миң аракет кылсак деле кыргыздын колорити сөзсүз камтылып кетет, ошон үчүн тепки жейсиң. Жаш кезде болду андай учурлар. Азыр эми андай жок. 2-3 жыл мурун ооруп сахнага чыга албай калгам. Бутум шишип, баса албай калдым. Врачтар артрит деген диагноз коюшту, 2 жыл аябай кыйналдым. Ооруканага жаттым, уккан-билген дарылардын баарын колдондум. 200 миң сомдон ашык акча дарыларга эле кетти, бирок бири да жардам берген жок. “Ушинтип эле баса албай каламбы” деп ойлоно берип 2 жолу неврит болдум. Бир күнү ооруканага барсам бир аял “ай, бутуң ооруп жатабы? Мен да сага окшоп жөрмөлөп калгам. Бир дарынын жардамы менен басып кеттим, ошону сүйкөп көрчү. 21 сомдон эле сатылат” деп калды. Мен да ошол дарыдан айыктым. Басып калганымда сүйүнгөнүмдөн ыйладым. Азыр тыпылдап чуркап жүрөм. Жамбаш, бут, тизе, бүт муундарым ооруган. Көрсө, жаш кезде сууктун өткөнүн билбей жүрө бериптирбиз.

– Жаш актёр, актрисалардан кимдерди тааныйсыз? Кимдин талантына баа бересиз?

– Альбина Имашова жагып жүрөт. Айрымдар жасалмалуулукка жакын ойноп коюшат го, ал кызда андай жок. Жасалмасы жок, чыныгы турмуштагыдай ойнойт. Ошол кыздын ойногону жүрөгүмө жакын.

– Сиз дагы Тикток, Инстаграмды карайсызбы?

– Жок, кирбейм, кызыкпайм. Бая күнү неберем “эне, сиз Тиктокто жүрөсүз го. Элдин баары ушул аял жагат деп жазып жатышат” дейт. Көрсө, “Түндүктүк келинден” үзүндү экен. Бир күнү балам “сиз тартылган клип чыгыптыр” деп келди. Аны да интернеттен көрүптүр. Акмарал Жоробаева деген ырчы кыздын клибине тартылдым эле жакында, ошол чыгыптыр.

– Көчөдөн таанып, жакшы сөз айткандар болобу?

– Ооба, баратсам токтотуп алып “Түндүктүк келинде” ойногон сиз да, ээ?” дешет. “Аябай жакшы ойногонсуз” деп макташат. Базарга барып аны-муну сатып алсам, кээ бири акчасын албай коёт, “кой, ал” деп жатып колуна карматам.

– Коомчулуктун мындай мамилеси жагабы?

– Албетте, баарына эле жакса керек. Кичине болсо да кылган эмгегиңдин үзүрү болсо керек. Эл таанып, жакшы сөз айтып жатса, кантип жактырбайсың.

Бирок “Түндүктүк келиндеги” ролумдан улам мени корс деп ойлоп калгандар да бар. Келиниме курбулары “кайненеңди көрүп жүрөк түшөт го. Ошондой кайнене менен кантип жашайсың?” дешиптир (күлүп). “Эмнеге? Менин кайненем абдан сонун. Андай кайнене эч кимде жок” деп айттым деп келген.

– Неберелериңиз чоңоюп калыштыбы?

– Улуусу 18де, эң кичүүсү жакында 1 жашка чыгат. 4 неберем бар.

– Актрисалыктан эмне таптыңыз да, эмне жоготтуңуз?

– Актрисалыктан көп нерсе таптым. Жакшы адамдар менен дос болдум. Жакшы ийгиликтерге жетиштим. Эч нерсе жоготкон жокмун.

– Мындан аркы кыялдарыңыз кандай?

– 70 жашка аз калдык. Кудай өмүр берсе, театрда иштей берсем, ролдорумду жеткиликтүү аткарып турсам, аалам тынч болсо, эң башкысы, ден соолук берсе... Анан кыялымдагы ролумду ойногум келет. Демөөрчү табылып калса жакшы болмок. Айрымдар демөөрчү болууга макул болуп туруп, кайра телефон чалсаң албай коюшат экен. Андайлардан үмүт кылбай деле калдым. Айлыгыбыз кичине көтөрүлүп калса, аз-аздан болсо да каражат топтоп, 70ке чыкканча ошол тилегимди орундатсам дейм.

– Актриса болбосоңуз ким болмоксуз?

– Опера ырчысы болмокмун, анткени кичинемден ырдачумун. Мектепте облустук, республикалык сынактарга катышып, дайым биринчи орунду алып келчүмүн. Кантип актрисалыкка ооп кеткенимди өзүм деле билбей калдым (күлүп). 29 жашымда опера студиясына баргам. Ыраматылык Сайра Кийизбаева үнүмдү угуп, “жаш кезде эмне кылып жүрдүң? Азыр эми үнүңдү бузуп аласың. Андан көрө элдик ырларды ырдап жүрө бер” деп сынактан кулатып коюшту. Башка эч жакка деле барган жокмун. 1978-жылы театрга келгем. Ошондон бери бул жакта иштеп жүрөм.

Эмне кылмаксыз?

– Эгер убакытты артка кайрып, 2-3 адамга айта албай калган сөзүңүздү айтууга мүмкүнчүлүк берилсе...

– Эки бир тууганыма “ооруп жатканыңарды эмнеге менден жашырдыңар” деп айтмакмын. Экөө тең бир айда каза болуп калды. Экөө тең рак болуп оорушуптур, мага айтышкан эмес. Иним 50 жашында, эжем 63 жашында кете берди.

– Эгер Голливудга кетүү мүмкүнчүлүгү болсо...

– Голливудга? Мынча жакшы, артты кылчайып карабай туруп бармакмын.

– Эгер кайсы бир эмгегиңиз үчүн сиз элестете албагандай көп суммадагы акча берилсе...

– Кыялымдагы спектаклди койдурмакмын. Андан артканын мендей болуп буту ооруп кыйналып жүргөндөргө жардам берүүгө жумшамакмын.

– Эгер Ош театрынын жетекчиси болсоңуз...

– Анда биринчи эле театрга жаңы келип жаткан актриса, актёрлорду кармап калыш үчүн болгон дареметимди жумшамакмын. Президентке кайрылып аларга батир салып берүүсүн өтүнмөкмүн. Театрдагылардын көпчүлүгүнүн үйү жок да.

– Эгер турмушка чыгуу сунушу түшсө...

– (Күлүп) Баш тартмакмын, уят го. Уяттан мурун да өзүм бир топ жашка барып калдым. Ал кишинин деле көңүлүн алыш кыйын да. Караш керек, кирин жууш керек, тамагын жасаш керек дегендей.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
Гулзат
2023-08-14 09:55:00
Саламатсызбы
0
Гулзат
2023-08-14 09:56:00
21сомдук мазьдын атын кандай. Ким эжеден сурап бере алат. Соопчулука.
0
Гулзат
2023-08-14 09:58:00
Эжемдин бут тизеси ооруп баспай калды
0
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан