Марат Жумадылов, актёр Советбек Жумадыловдун уулу: “БАЛА КЕЗДЕ АТАМДЫ ЧАНДА КӨРЧҮБҮЗ, ДАЙЫМ ЖУМУШТА ЖҮРЧҮ”

Совет доорундагы Кыргыз кинолору дегенде көз алдыбызга актёр, Кыргыз ССРинин Эл артисти Советбек Жумадылов тартылары ырас. Айтса сөз түтпөгөн не деген талант эле... Бул жолу сиз ошол залкардын артында калган туягы Марат Жумадыловдун маегин окуганы турасыз. Атасы, анын үйдөгү орду, таланты, айтор, кеңири форматта баарлаштык.

– Саламатсызбы, Марат ага? Залкар инсандын уулу болуунун өзү сыймык эмеспи. Атаңыздын сиз билген тагдыры кандай болду?

– Атам Ысык-Көлдүн Түп районундагы Арал айылынан болот. Кичинекей кезинде чоң атам репрессияга тартылып, чоң энем балдарынын өмүрүнөн кооптонуп жер которуп кеткен экен. Атам эки бир тууган, карындашы бар эле. Атасын издеп кийин Ленинградга, Алматыга да барды. “Ата-Бейиттен” да издеди, бирок тапкан жок. Качан, каякка көмүлгөнүн билбейбиз. Чоң атам сабаттуу киши болгон, үйдүн бир бөлмөсүндө балдарга сабак берчү экен. Атам менен карындашынын бала кездеги сүрөтүнүн артына туулган күнүн жазып койгону бар. Ал дата боюнча атам 1929-жылы 6-февралда туулган. Кийин чоң энем балдарынын өмүрүнөн кооптонгонбу, башка дата жаздырып коюптур. Ошентип чоң энем балдары менен Каракол шаарында жашап калган. Атам анда 6 жашта, улам-улам Аралга барып үйүн алыстан карай берчү экен. Көрсө, “атам келет” деп күтүптүр. Бирок бул тууралуу сүйлөгөндү жактырчу эмес, чоң энем да айтчу эмес. 60 жашка чыкканда анан туугандары, айылдаштары менен таанышып жолугушту.

Мектептен кийин Педагогикалык окуу жайды бүтүрдү. Анан “инструктор болом, чоң кызматта иштейм” десе чоң энем “атаң түрмөгө камалып кеткен, андай кызматка такыр жолобо” дептир. Ошентип 1947-жылдары Ташкентке барып, театралдык искусство институтунан окуп келди. Келип эле Кыргыз драма театрына ишке кирген. Ошону менен өмүр бою театрда иштеди, кинолорго тартылды, чоң артист болду. – Апаңыз оорудан улам эрте өтүп кеткен экен. Сиз канча жашта элеңиз?

– Апам көп ооручу, 13 жашымда каза болуп калды. Атам менен апам Ташкенттен таанышып, бул жакка келип баш кошуптур. Экөө үч уулдуу болушкан, мен кичүүсүмүн. Апам да ошол искусство институтун бүтүргөн. Эсимде, театрда бир эле жолу спектаклде ойноду. Атам дайым жумушта, апам ооруйт, а бизди көп учурда чоң энем карачу. Бөдөнө эне дечүбүз. Апамдын көзү өткөндөн кийин атам катуу кайгырды, бирок эч кимге билгизген жок. Ал өзү ошондой киши болчу. Ичиндегини эч кимге айтчу эмес. Андан кийин телевидениеде режиссёр болуп иштеген Сагын эжеге үйлөндү. Андан бир уул, бир кыздуу болду. Жакшы аял эле, бизге жакшы карады.

– Сиз өзүңүз кайсы кесиптин ээсисиз?

– Мен өмүр бою ашпоз болуп иштедим, учурда 64 жаштамын. Искусстводон алысмын. 3 уулум бар, жубайым экөөбүз Тогуз-Тородо турабыз.

– Бир туугандарыңыз тууралуу айтып берсеңиз...

– Тагдыр экен, эки агам, иним да каза болуп калды. Карындашым экөөбүз калдык. Ал виолончелистка. Музыкалык мектепте мугалим болуп иштечү, азыр чет өлкөдө жашайт. Агаларымдын балдары бар. Азат байкемдин 2 уул, бир кызы, Канаттын үч кызы бар. Ал эми Эдил иним 1976-жылкы болчу, анын аялы азыр Германияда, бир уулу бар.

Улуу агам виолончелде ойночу. Атам анын филармонияда оркестрде ойношун каалады. Бирок кийин таксист болуп кетти. Канат Москвадан Щепкин атындагы театралдык окуу жайын бүтүп келип, Нарын театрында азыраак иштеди да, кийин соодага кетти. Бир-эки жолу киного эпизоддук ролдорго да тартылып калды. Иним да искусствого жакын эле, филармонияда президенттик оркестрде иштечү, скрипка ойночу. Уюштургуч шыгы күч бала эле. – Эл талантына суктанган айтылуу Советбек Жумадылов үйдө кандай ата болду?

– Чынын айтсам, кичине кезибизде атамды жайында эле көрчүбүз. Дайым жумушта жүрчү. Үйдөн чыгып кеткен бойдон түн ичинде келчү. Радио, дубляж, театр, кино болуп такыр эле колу бошочу эмес. Атамды “дубляждын королу” дешчү. Жанында дайыма кичинекей блокнот жүрчү, бүт баарын ошого өзү жазып чыгат эле. Бир сыйра окуп эле анан жаттап алчу, эс-тутуму күчтүү эле да.

Жайында кээде бизди съёмкага, гастролдорго ээрчитип алчу. “Уркуя”, “Караш-Караш окуясы” фильмдери тартылганда Ысык-Көлгө, Ошко баргам. Майрамдарда бизди театрга алып барчу, паркта ойнотчу. Аябай жоош болчу, бизге бир да жолу катуу сөз айткан эмес. Көпчүлүк атамды ролдорунан улам катуу киши деп ойлошот, жок, үйдө аябай “скромный” болчу.

Мен эки балалуу болгондо неберелерин багайын деп сурады. “Ата, сиз такай эле жумушта жүрөсүз да” деп койгом. Балдарымды “бугуларым” деп эркелетип, алар келгенде берерге ашын таппай шашкалактап калчу. Өзү баласаак, элпек киши эле. Улуу балам жаңы төрөлгөндө чогуу жашап калдык, жумуштан келип, суу даярдап неберелерин өзү эле жуунтуп койчу.

Былтыр атамдын 90-жылдыгын Каркыра жайлоосунда белгиледик. Абдан жакшы өттү, баарына ыраазыбыз. Каракол шаарына атамдын эстелигин коёбуз деп коё албай жүрөбүз. Анан Бишкектеги Логвиненко көчөсүн атамдын атына алмаштыралы деген элек, мораторий деп ал да 2-3 жылдан бери ишке ашпай келе жатат.

– 90-жылдардан кийин катаал мезгил башталды, көпчүлүк жумушсуз үйдө отуруп калды. Ошол кездер эсиңиздеби?

– Ал мезгил кайра куруу жылдары, жумуш жок, акча да жок. Эмне кылабыз? Атамдын Жигулиси бар болчу, таксист болуп иштеди. Кээде нан да сатты. Жигулиге нанды толтуруп алып дүкөндөргө таратчу. Андан уялган жок. Кийин театрда көркөм жетекчи болду. Ал кезде өкмөт да карабай калган. Артисттерди эптеп гастролго чыгарып, уюштуруп жүрдү. Артисттерге акча керек болгондо өзү чуркачу.

– Өмүрүнүн акыркы жылдарында кандай жүрдү?

– Эки жолу инсульт алды. “Үйдө эле отуруңузчу, абайлаңызчы” десем болбой эле жумушка кетип калчу. Машинеси турса да жөө барчу, көп басчу. Карындашым бар эле жанында. Акыркы жолу кудагыйы каза болгондо ооруганына карабай Кочкорго барды. Дарыгерлер жолго чыгууга болбойт деген экен, болбой барды. Ошондон бир аптадан кийин өтүп кетти. Чоң энем 102ге чыгып каза болду, андан 2 жылдан кийин Сагын эже кайтыш болду. Ушулар да оор тийди окшойт, 2 жылдан кийин атам кетти.

– Атаңызды сагынасызбы?

– Ооба. Эми ал такай эле көз алдымда да. Мурда кыргыз фильмдерин телевидениелерден көп берчү эле, уюлдук телефон чыкканы интернеттен көрүп калам. Өзү жок болсо да кинодо элеси, кыргыз элине кылган кызматы калды, сыймыктанабыз.

Гулийпа Маметосмон кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1079, 11-17-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан