“Чакырсак келбес тил безеп, өзүңдө калды бир кезек” деген ыр саптары балалыкка да таандыктай. Балалыгын, кызыктуу окуяларын, адам катары калыптанышына кимдер таасир эткенин айтып берген каарманыбыз куудул, “Беш тапан” тобунун мүчөсү Союзбек Сейитказиев.
“Оозум ачылды дегиче сөздөр автоматтын огундай эле кетчү”
– Мен 5 жаштан бери жагын эстей алам. Кичинемде капкара, арык, жаны тынбаган бала болчумун. Боюм кийин 10-11-класстарда өстү.
Төрөлгөнүмдөн кийин апам ооруп калып, мени чоң ата-чоң энем алып кетип, ошолордун колунда өстүм. Аларды элес-булас билем. Эрке элем. Бирөө бир нерсе десе мага болушуп, сөз тийгизбей, айланып-кагылып эле турушчу. 7 жашка чыкканымда экөөнүн тең көзү өтүп кетти. Ошондо өз ата-энем болсо да, таянар жөлөгүм жок калгандай абалда калдым. Алардын мээримин, маңдайымдан сылаган шуудураган колдорун издеп таппай калдым...
Анан ата-энемдикине келдим. Зымдан оюнчук, жыгачтан автомат жасап ойноп, эртеден кечке үйгө жолобогон күндөр өттү. Жайында чокко дүмбүл бышырып жеп, жармага тоюп алып көчөнүн чаңын сапырып ойноп эле жүрчүбүз. Суу, көл десе жантыгымдан жата калчумун. Кеч күзгө чейин деле сууга түшө берчүмүн. Абдан өжөр, айтканымдан кайтпаган көк болчумун. Бирөө мага бир нерсе деп койсо болду, алым жетпесе деле артынан андай эмес, мындай деп ээрчип, кубалап алчумун.
Кичинемден өтө сүйлөөк элем. Оозум ачылды дегиче сөздөр автоматтын огундай эле кетчү. Дасторконго отурганда үйдөгүлөр “жок дегенде азыр сүйлөбөй тур, тамак ичип алалы” дешчү. Ата-энем жок кезде тамак ичерде сүйлөп баштасам, ага-эжелерим бир чабышчу. Мен таарынып тамак ичпей чыгып кетем. Ошентип бир нече жолу ачка калгандан кийин антип таарынбаш керектигин билдим.
7-классымдан тарта таятамдыкына көбүрөөк каттап калдым. Кой кайтарышып, чөп чабышчумун. Таятам жакшы киши эле, жаш бала менен да чоң кишидей сүйлөшчү. Мени жадабай укчу. Ушунусуна сүйүнчүмүн. Таякелерим куйкум сүйлөгөн жандар. Апам да сөзмөр киши. Менин сөз багып, куудул болуп калышыма ошолордун таасири тийди го дейм.
“Жайлоодон капкара болуп түшсөм, аппак көйнөк кийгизип койсо уялчумун”
– 3-класска чейин “2”, “3” деген баага окудум. Анан үйдөгүлөр “4” алып келсең 4 чүкө, “5” алып келсең 5 чүкө беребиз деп кызыктыра башташты. Ошентип чүкөгө кызыгып жакшы окуй баштадым. 9-класстан кийин орто окуучуга айландым.
Мектепте акыркы коңгуроону аябай күтчүбүз. Анткени окуу аяктаса жайлоого кетебиз. Мал карайбыз, ойнойбуз. Эшек минип улак тартышабыз. Ойноп кетип музоолор каралбай энесин эмип коюшат. Андайда “сүт жок, эми эмнени ичесиңер?” деп бизди урушушат. Көрсө, музоолордо күнөө жок экен. Сүт алардын тамагы экен, биз алардын тамагын талашып ичип жүрүппүз да.
Окуу башталарда тоодон түшөбүз. Шамалга, күнгө күйүп каргадай капкарабыз. 1-сентябрда жуунтуп ак көйнөк кийгизип коюшса, африкалыктарга ак кийим кийгизип койгонсуп уялчу элек.
Эс тартып калганымда балалык, ата-эне, айыл тууралуу ырларды жаза баштадым. Аларды мектептин дубал гезитине чыгарып коюшат. Агай, эжелерим мактап, дем беришет.
Коркок элем. Кокус түндө менин кыйкырып ырдап келе жатканымды угушса үйдөгүлөр “ии, тигил коркконунан өзүн алаксытып ырдап келатат” дешчү.
“Жездем “маңкурт баяны” дегенди ырдатып алып ыйлачу”
– Ырдап эле жүрө берчүмүн... Көчөдө уй айдап баратамбы, талаада жүрөмбү, үйгө конок келеби, “ырдап койчу” десе эле заңкылдап кирчүмүн. Болгондо да радиону сая салгандай дароо ырдап баштайм.
Көчөнүн атамандары балдарды жолдон тосуп алып, дүкөндөн аны-муну алдыртышат. Мени болсо ырдатышчу. Кыскасы, мени эл магнитофон ордуна эле колдонушчу.
Кичинемден куйма кулак болгонго радиодон, магнитофондон уккан ырларды дароо жаттап алам. Бек Борбиев, Сыймык Бейшекеев агалардын ырларын ырдап чоңойдум. Мектептеги иш-чараларда сөзсүз сахнага чыгарышчу. “Маңкурт баяны” деген да ырым бар эле. Айылда Назат деген жездебиздикине барганда жездем ошону ырдатчу да, угуп отуруп абдан ыйлачу. Эжебиз келип калса “оңбогур, жездеңди дагы ыйлатып жатасыңбы? Болду эми кет” деп калчу. Кичине чоңоюп калганымда анча-мынча куда тоскон жерлерге чакырчу болушту. Бизден чоң балдар “вечер” уюштурушат, анда да мени жалдап кетишет. Акысына тыйын-тыпыр, калпак беришчү.
“10-класста айылга концерт коё баштадык”
– 10-11-класс кезибизде айылдаш 3-4 бала 5 сомдон концерт коюп баштадык. Ал кезде артисттердин концертинин билети 20-25 сом болчу. Концертте ырдайм, беркилер “Беш айры”, “Бешилик”, “Аралаштын” сатираларын аткарышат. Концертибиз 2 саатка созулат. Көрүүчү болуп негизинен 35 жашка чейинкилер келишчү. Концертти 1 жылда 3 ирет коёбуз. Куудул Болсунбек Стакеев экөөбүз бир айылданбыз, ал менден 1 жаш улуу. Ал да бар арабызда. Ошондо бизди баласынтпай концертибизде Нурбек агайыбыз, Эрлан, Сыргак деген агаларыбыз бизге аккордеон ойноп беришчү.
“Балалык сезим”
– 8–класста окуп жүргөнүмдө айылга бир электрик үй-бүлөсү менен көчүп келди. Бизден улуу, кичүү кыздары бар экен. Аларга балдар ашык болуп кат жазышты. Талапкерлердин бири – мен. Менден 1 жаш кичүүсү менен кат жазышып, 10-класста сүйлөшүп калдык. Мектепти бүткөндөн соң жолубуз бөлөк болуп калды. Мен “Балалык сезим” деген обондуу ыр чыгарып, ырдап жүрдүм. Көп жылдан кийин ал кыз менен шаардан жолуктум. Көрсө, ал да мени жакшы көргөн экен. Азыр деле жолуксак жакшы сүйлөшөбүз. Болсунбек ал сезимимди билчү да, ошого “балалык сезим дебей эле, электриктин кызына арналган сезим деп ачык эле айтпайсыңбы?” деп чымчылап калат.
“Айылдаштарым үчүн ырчы бойдон калдым”
– Тартынчаак мүнөзүм кийин деле калбады. Улуу ырчылар чакырып калса тартынып турам. Сөзмөрлүк жактан апам экөөбүздүн мүнөзүбүз окшош. Апам “сөз баштыгыңдын оозу эми чечилип келе жатат” деп калат. Бул эми кадимкидей куудул болуп, нак жетилдиң дегени окшойт. Атам, апам жакшы тарбия беришти, чоңойтушту, аларга рахмат!
Ырчы болом деген жаным мектепти бүткөндөн кийин куудулдарга кошулуп кеттим. Бирок айылдыктар азыр деле мага “бизди күлдүрүп койчу” дешпейт, ырдатышат. Мен алар үчүн ырчы бойдон калдым.
Канымжан Усупбекова