Башы өткөн сандарда)
– Сиз атаңыздын, андан кийин күйөөңүздүн көлөкөсүндө ушунча жылдан бери жашапсыз, мындан арылыш көп эмгекти талап кылат. Бирок сизде каалоо пайда болдубу, демек, сиз бул көлөкөдөн арыласыз.
– Азыр менин бир эле кыялым бар. Мен өзгөрсөм, эркин жашап калсам... Анан уулум Эмир өзүнүн бакма бала экенин билбесе, биз эне-бала катары бактылуу жашасак...
– Анын сиздин балаңыз эмес экенин билишинен эмнеге мынча коркосуз?
Ажар ойлонуп калды. Чын эле эмнеге мынча коркот? Ал сырды айтып салчу адамды өлтүрүп койгонго чейин барды. Эмнеге мынча коркунуч болду экен? Бир топко ойлонуп турду.
– Менин эч кимим болгон жок. Бул жашоодо мага таандык эч бир сүйүү болбоду. Кичинемден баштап апамдан башка сүйүү берген адам болгон жок. Бирок аныкы да жарым жартылай сүйүү эле да. Эмир мага шартсыз сүйүү тартуулаган жалгыз киши. Мен андан айрылгандан, кайра жапжалгыз калгандан корком.
– Ойлонуп көрсөңүз, бул коркуу сизде башынан эле бар беле?
Ажар ойлонуп калды.
– Ооба, ойлонуп көрсөм, коркуу башынан эле бар экен. Алгач атам мени сүйбөй калса эмне болот деп коркчумун, андан кийин жолдошум таштап кетсе кантем дедим. Ал эмне кылса да баарына чыдап көз жумдум. Анан Эмир мени сүйбөй калса эмне болот деп корктум. Бул башкача коркуу. Эң оору ушул. Баланы мен төрөсөм бул коркуу жок болмок, балким. Бирок төрөбөгөн аялдын коркуусу башка. Ар бир секунд коркуп жашадым. Мен...
Эмир апасын машина менен үйүнө алып кеткени келген. Коридордо отурчу катчы кыз бир жакка чыгып кетип, ал апасы отурган кабинеттин жанына келип калган эле. Бир аз ачык калган эшиктен ал бул сөздөрдүн баарын укту. Тула бою титиреп жатып укту. Анан шарт бурулду. Эмир эмне кыларын билбей, көчө бойлой эңги-деңги боло кетип бара жатты. Кулагында апасынын үнү! “Эмирди багып алганымды билип калышынан корком!” Эмне деп жатат? Кантип ал бакма бала болсун?! Кантип апасынын баласы эмес болсун. Буга ишенүүгө болобу? Кетип бара жатып бирөөнү сүзүп алды.
– Эй, көзүңдү ачпайсыңбы?
– Кечиресиз...- чала-була күбүрөп алды. Башы айланып, уккан кулагына ишенбей жатты. Эптеп машинесине жетти да, шалак эте отурду. Суу ичти. Балким, түшүм болбосун деп бетине суу да чачты. Жок, бул реалдуулук болчу. Унаада канча саат отурганын билбейт. Бир жерди тиктеп отура берди. Бир кезде машинесин айдап үйүнө бет алды. Колдору дагы деле титиреп жатты. Азыр апасына жолугат. Көзүн карайт. Өзүн алдаган ал көздөрдү кантип карайт?
Ажар уулу эшиктен кирип келгенде эле адатынча үстүнө үйрүлүп түштү. Эрди кеберсип, өңү купкуу болуп башкача.
– Эмне болду сага?- деди чочуй.
– Эч нерсе...
Апасынын көзүн карай албай жатты. Караса эле бакырып же ыйлап жиберчүдөй. Көздөрүн ала качты. Азыр эмес! Азыр эмоцияга жол бербеши керек. Эмир эрдин кесе тиштеди.
– Сен ооруп калган окшойсуң. Ромашка чайын кайнатайынбы, эмне кылайын, кантейин?..
Ажар чыйпылыктап жатты. Эмир кичинесинен көп ооручу эмес. Бирок ооруса бир топко чейин жакшы боло албайт. Чекесин басып көрдү. Мупмуздак.
– Сасык тумоо окшойт. Сиз да ооруп калбаңыз, алыс туруңуз.
Ажарды бир аз кетенчиктете берди да, өз бөлмөсүнө кирип кетти. Бөлмөсүн ичинен бекитип, сулк жыгылды. Дагы деле мээсине киргизе албай жатты. Кантип ал бакма бала? Балким, атасы аны бакма бала болгону үчүн сүйгөн эместир? Туруп кичине кезинен берки сүрөттөрү салынган альбомду карады. Мына, бардык кадрда апасы менен же жалгыз. Бир сүрөт бар эле экөөнүн ортосунда отурган. Ошол көзүнө илине берди. Эмнеге мурун байкабады экен? Көрсө, Эмир атасына да, апасына да окшош эмес тура. Апасы апакай жүздүү, көздөрү көк аял. Атасы болсо жүлжүйгөн, көздөрү кичине, буудай ирең киши. Ал эми ортодо отурган өзү бакырайган капкара көздүү тура. Эч бир жери экөөнө тең окшободу. Мурду, оозу... Эмнеге муну мурун байкабады экен. Бардык сүрөттөрдү жакшылап карап чыкты. Такыр окшобойт. Чындыкпы бул? Эч бир рамкага туура келбеген чындык го бул. Эми бул нерсе менен кантип жашайт? Эч нерсе билмексен, көрмөксөн болуп жашай береби? Бакырып ыйлагысы келди. Бул жерде тура албай койду. “Кач!” деди өзүнө-өзү. Шарт турду да чыгып кетти үйдөн. Апасынын Эмирлеп кыйкырганы бир топко чейин кулагында жаңырып жатты.
ххх
Айдай сыртка кулак түрүп жалгыз отурган эле. Шамал болсо эле Эмирди эстейт. Же жаан жааса... “Жаанда калбады бекен, үшүбөдү бекен?” дей берет. Мурун да ушундай эле, баласы тирүү экенин билип билбей, бирок ал кайда болсо да үшүбөсө экен дей берчү. Өзү жылуу үйдө отуруп да баласын ойлой берчү. Азыр да ойлонуп турду. Ошол убакта эшиктин коңгуроосу басылды. Селт эте түштү. Илим келе турган болсо чалып же жазып коймок. Саат түнкү 12де ким болушу мүмкүн.
– Ким?- деди эшиктин жанына барып.
– Ачсаңыз, мен Эмир.
Шашып эшикти ачты. Суу болгон экен. Машине менен келген эместей. Жүрөгү шуу деди.
– Эмир, сага эмне болду?
– Кирсем болобу?- деди тиги алсыз.
– Кир, кирегой.
Залга кирип бир топ үн катпай отурду. Айдай да маңдайында отура берди. Эмне болду экен, бирок өзү айтмайынча эч нерсе сурабаганы оң. Башкысы ал Айдайга келди. Уулунун узун боюн, шадылуу колдорун карап турду. Капкара чачтары суу болуп тармалданып калыптыр. Атасынын чачтары да ушундай эле. Капкара өзүнүкүнө окшогон көздөр ага жардам сурагандай караганда жаны чыгып кете жаздады.
– Эмне болду сага, Эмир?
– Мне плохо... - деди ал кургаган эриндерин жалап. Ал дайыма кыргызча сүйлөчү, эмнегедир азыр орусча сүйлөдү. Башын акырын Айдайдын тизесине койду.
– Можно?
Айдай ыйлап жиберейин деп араң карманды. Башын ийкеди. Уулунун чачтарын кармалап сылап отуруп кургатты. Эне-бала биринин демине бири жылынып жаткандай үнсүз отура беришти. Айдай бактылуу эле. Эмир ага келди. Балким, каны тарттыбы же жүрөгүнүн үнү менен келдиби, айтор, келди. Эмир да жүрөгү тынчтанып жаткандай сезилди. Ызадан, жүктөн арылгандай бир сезим келди. Көптөн бери издеп жүргөн бейпилдикти тапкандай эле. Көзү илинип кетти. Уктап калган баласын чачтарынан сылаган Айдай ошол түнү эң бактылуу эле. Канча жылдан берки куса болгон жүрөгү эми тынч алгансыды. Көзүнөн жаш ага берди. Таң атканча ал уулун тиктеп отурганга даяр эле. Буттары уюп кетсе да былк этпей, ойгонуп кетпесин деп сактанып кененирээк дем ала албай отурду. Жашоосундагы эң бактылуу таң ушул эле. Эмир ойгонуп кетти. Алгач эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды. Анан кечээги болгон окуя эсине түштү, кайра жүрөгү ооруп баштады. Акырын башын көтөрдү.
– Сиз мени ойготсоңуз болмок экен.
– Жок, эч нерсе эмес.
– Кечирип коюңуз.
– Коё тур, мен азыр сага жакшылап тамак даярдайм. Мен Түркияда жүргөндө эртең мененки тамакты жакшы даярдаганга көнгөм. Азыр экөөбүз жакшылап тамактанабыз. Макулбу, ансыз жибербейм.
– Макул,- деди уулу жылмайып. Анын жылмайганы да ушунчалык тааныш эле...
(Уландысы кийинки санда)