Кенан Айтач, түркиялык кыргыз: “КАЙРА ЖАРАЛУУ: ЭРТУГРУЛ” ТАСМАСЫНА ТАРТЫЛГАМ”

Замандашыбыз Кенан (Канатбек) Айтач Түркиянын Ван аймагында жашайт. Кыргыз тилин, кол өнөрчүлүгүн жана каада-салтын жайылткан патриот мырза. “Жигитке 70 өнөр аздык кылат” дегендей, колунан көөрү төгүлгөн уста, дизайнер, каскадёр, актёр, жеке ишкер. Көп кырдуу боордошубуздун жашоосу, Кыргызстан тууралуу ой-толгоолору боюнча пикир алыштык.

“Балдардын башка элдин бийин бийлегени намысыма тийди”

– Мен 1983-жылы 2-июлда Түркиянын Малатья шаарында туулгам. Уруубуз – каратай. 1987-жылы Ван провинциясындагы Улуу Памир айылына көчүп келгенбиз. Учурда Ванда 4 миңдей кыргыз жашайт. Айылда жумуш жок болгондуктан элдин көбү чет өлкөлөрдө иштеп жүрүшөт. Бизде суу тартыш, эгин айдай албайбыз. Жайлоо деген жок. Эл мал багып жан сактайт. Мектепте окутуу түрк тилдеринде жүргүзүлөт.

Мектепте 8-класска чейин окуп эле анан иштеп кеттим. Малайзия, Стамбулда иштеп жүрдүм. Стамбулдан графикалык дизайнерликти өз алдымча үйрөнүп, ушул жаатта ишкана ачтым. Бизнесим жакшы жүрүп жаткан. Бир жолу айылга келсем балдар күрддөрдүн бийин бийлеп жатышыптыр. Аны көрүп өтө капа болуп, катуу ойлондум. Намысыма тийди. Биздин тегеректе күрддөрдүн айылдары көп. Кыргыздар да түрк тилдүү элдерге кирет эмеспи, ошого түрктөргө жан тартарыбызды билип, бизди жаман көрүшөт. Мен ичимден “биз кыргызбыз дегенибиз менен, каада-салтыбызды тилибизди, жадакалса бийибизди жоготуп баратыппыз. Ошого балдар күрд бийин бийлеп жатышат. Минте берсек кыргыз катары жоголуп кетебиз го” дедим. Ошентип Стамбулдан айылга көчүп келдим.

Келип устакана ачтым да ата-бабадан калган мурастарды жандандырайын деп кыргыздын улуттук кийимдерин, боз үй, ат жабдыктарын жасап баштадым. Жаштарды чакырып, аларга кайсы эмне экенин айтып, үйрөтүүгө өттүм. Айыл аксакалдары менин демилгемди коштоп кетишти. “Манасты” окугула жана айткыла дей баштадык.

“Кыргыздын каада-салтын, боз үйүн жарнамалоого өттүм”

– Мен кол өнөрчүлүктү кайдан билем?

Таятам Жаналы памирлик кыргыздардын ичинен чыккан чоң уста болгон. Ошол өнөр мага да өткөн. Кичинемден улуттук буюмдарды кантип, эмнеден жасаш керектигин билип, өзүм да жасашып чоңойгом. Ошого ишим шыр кетти. Элден да мага боз үй, ат жабдыктарын жасоого буюртма түшө баштады.

Сырттан келген туристтер биздин кыргыз экенибизди билип турсун, маданиятыбызды жайылталы деп жер бөлдүрүп алып, ал жерге өзүм жасаган боз үйлөрдү тигип, улуттук калоритте жасалгаладым. Кыргызстандын желегин илдим. Элибиз жоокер эл болгондугун билгизип кылыч, жаа, калкан, мылтык, зоот жана улуттук кийимдерди жасап коюп койдум. Келгендер ал кийимдерди кийип, ат минип, жаа тартып, “Манасты” угуп, боорсок, курут, каттама сыяктуу кыргыз даамдарын жеп, кыскасы, кыргызча жашоо кечиришет. Буюмдарыбыздын, тамак-аштардын аттарын алы жетишинче билип, жаттап кетишет. Учурда келген туристтердин саны өсүп жатат.

Мен жыгач, темир устамын дагы. Ошого кийизден, темирден, териден буюмдарды жасай берем.

“Тилибизди жоготуп баратабыз”

– Бара-бара менин кол өнөрчүлүгүм элге билинип, Түркиянын улуттук маанайдагы иш-чараларына чакыра башташты. Түрктөр деле илгери боз үй тигип, биз сыяктуу эле тушоо, бешик той дегенди өткөрүшкөн. Кийин булар унутулуп калган. Иш-чараларда боз үйлөрдү тигип, бешик, тушоо тойду өткөрүп, ал салттарды түрк элине үйрөтүп, жайылтып жатабыз. Түркиянын туристтик ишканалары да мага боз үй жасатып, этнолагерь уюштурушууда. Ошентип айылдан башталган демилгем бүткүл Түркияга жайылууда. Кыргызстандан алыс жашаганыбыздан канча бир деңгээлде тилибизди, каада-салтыбызды жоготуп баратабыз. Ошого бизге тарых, тил жана адабият, музыка мугалимдери, хореограф абадай керек. Алар тарыхыбызды, комузубузду, бийибизди үйрөтүүлөрү керек балдарга. Кыргыз өкмөтү ушуларды чечип берсе жакшы болмок.

“Түрк ырчыларынын клиптерине да тартылгам”

– Кичинебизден ат чаап чоңойгондуктан каскадёрлук да шыгым бар. Түркиянын режиссёрлору “Кайра жаралуу: Эртугрул” тасмасын тартмак болгондо актёрлор үчүн илгерки элдин, жоокерлердин кийимин жасатууга казактарга буюртма беришкен экен. Бирок бир себептер болуп кайра бизге кайрылышты. Биз көбүнчө баш кийимдерди жасап, боз үйлөрдү тигип бердик.

Ошол тасмага эпизоддук ролго тартылдым. Буга ат чаба билгеним, жоокерлик кийимчен тургандагы сырткы кебетем, каскадёрлугум себеп болду. Кыргыз бой үйлөрү да тасмага түштү. Бул биз үчүн сыймык.

Аталган фильмге чейин мен айрым түрк ырчыларынын клиптерине тартылган элем. Ошого тасмага тартылуу кыйын болгон жок.

Кийин биз жасаган ошол буюмдар “Курулган Осмон” тасмасында да пайдаланылды.

Ошондон азыркыга чейин айрым тасмаларга тартылууга чакыруу түшүп жатат, бирок боз үй жасоодон колум бошобойт. Өнөрүмдү жаштарга үйрөтүүгө далбастайм.

“Кыргызстандагы “киргиздер” жакпайт”

– Кыргызстанга баш-аягы 7-8 жолу барып келдим. Мага тоолор, жайлоолор, суулар жана токойлор, кыскасы жаратылышы, анан элдин меймандостугу жагат. Бирок улуттук кийим кийгендин ордуна айрымдардын чүмкөнүп алышканы, анан “киргиздер” жаккан жок. Кафеде же башка жерде кыргызча кайрылсаң алар сага орусча жооп беришет. Мен деле таза кыргызча 100 пайыз сүйлөйм деп айта албайм, бирок кыргыздардын мекенинде, Кыргызстанда жашап туруп тилибизге ушундай мамиле жасап жатышканына ичим сыйрылат.

“Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары” кыргыз элин, салтын, улуттук оюндарын таанытуудагы жакшы долбоор болду. 2016-жылы Кыргызстанда өткөндө барып катышып, жаа тартуу боюнча өзүмдү сынап көрдүм. Алдынкы бештикке кирдим. 2022-жылы Түркияда өткөн оюнга да катыштым. “Манас” эпосун жайылтууга кошкон салымым үчүн 2023-жылы “Урааным Манас” медалы менен сыйландым.

Ата-энем карапайым адамдар. Апам 70, атам 83 жашта. Бизге жакшы тарбия берип чоңойтушту. Өзүм үй-бүлөлүүмүн, 2 кызым бар.

Баарыбызга аманчылык, ийгилик каалап кийинки баарлашканга чейин сиздер менен коштошомун!

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан