САГЫНДЫРГАН ЖАЗ

(Башы өткөн саныбызда)

– Ким?! Мыктыбек ошондой дейби? Оо атаң көрү десе. Аны чөктүрө тургандар табылбай калат дейсиңби. Коркпой айта бер.
– Мен коркподум, аба. Сиз үчүн коркуп жатам. Мени чөктүрбөйт ал.
– Аа десе, мен үчүн коркпо, атаң көрү. Андан көрө айтып койчу, балам, сен атыңдын атын эмнеге Карачаң деп койдуң эле?
– Атым чуркаганда кара чаң чыгат да, кара чаң, Эшпай аба!
– А бали, ушу сөзүң жагат да мага, Адилет,- деп каткырып, өзүнчө бир ыраазы болуп алды абышка.
– Мен шашып баратам, жакшы барып келгиле-, деп андан ары жолун улады Адилет.
– Болуптур анда. Терминаторду көрсөң салам-дуба деп кой.
Эшпай чал насыбайдан ээктин алдына салды да, эшегин “чүлөй” неберелеринин артынан жөнөдү.
Аксакал 70 жаштан ашса да, саат төрткө жетпей 4 эшек отунду артып жетип келет. Тестиер неберелери эшектин башын кармап туруп бербесе эле, башка пайдасы жок. Баарын өзү кылат. Таң каласың. Менин чоң атам мындай курагында эшекке зорго минчү. Анысы мындай турсун, Эшпай абам жаш балдардай бутуна кроссовка киет. Пенсия алганы костюм-шым киет да, бутуна жалтыраган туфли кийип алат. Жаш келиндерге тийишкеничи... И-ий, боорду эзет да тим эле” Адилет абышканы көзү менен узатып калды.
Атты аркандайын деп баратып токтоп калды. “Карачаңды аркандабай туруп, торпокту карап келе калайынчы” деп өзүнө-өзү ыраазы болгондой, атына кайра тырмышып минди. Торпогу көбүнчө Максаттын сарайынын үстүндөгү капталдарда жүрчү.
Жолдо баратып түндө көргөн түшү эсине келе түштү. Түшүндө атасы тоолордо жашынып жүрүптүр. Жүдөп, сакалы өсүп, кийими тытылып тамтыгы калбаган. Көргөн түшү толук эсине келген Адилет чын эле атасы жашынып жүргөндөй тоо тарапты үмүттөнө карап алды. Аны менен тим болбой атын токтото калып, дүрбү салып ойлонуп...
“Байкуш атам эмне кылып жүрдү экен? Кыйналды го жалгыз. Кандай жашоону көрүп, кайда жүрөт? Үйдө батинкесин да жалтыратып мен тазалап берет элем го...”
Ойго чөмүлүп бараткан Адилетти алдынан чыккан добуш токтотту. Максаттын кызы менен баласы келе жатыптыр. Үстүндө кийимдери жок, көздөрүнөн жаш куюлган. 6 жашар кызы 2 жашар инисин колунан жетелеп алган.
– Асел, не болду? Кайда баратасыңар? Кийимиңер кана?
– Атам түндө мас болуп келген. Апамды уруп жатат!..
Секелек кыз буркурап ыйлап жиберди. Анын артынан иниси да өңгүрөп коштоп кирди.
– Асел, токто, ыйлаба. Мен азыр.
Аттан түшүп, спорт костюму менен футболкасын чечип, экөөнүн үстүнө кийгизди.
– Силер ушул жерде тургула, мен азыр үйүңөргө барып, силерге кийим алып келем.
Аңгыча Максаттын сарайы жактан мылтыктын атылган үнү угулду. Бир нерседен чочулаган Адилет атына шапа-шуп мине сарайды көздөй чаап жөнөдү. Тамдын бурчунан кыйкырык чыккан жакты карап, акырын башын чыгарды. Көзү көргөн көрүнүшкө анчейин ишене бербеди. Максат жерде жатат, чалкасынан. Аялы Рыскан мылтыкты күйөөсүнө көздөп жанында турат. Күйөөсү апалап кыйкырып жатат.
– Рыскан жеңе, мен бул Адилет.
– Сен эмне кылып жүрөсүң бул жакта?
Максат менен Рыскан экөө жарыша суроо узатышты.
– Сен сүйлөбөй жат, алкаш! Мээңди чачырата атам. Сеники жетишти,- деп Рыскан жини менен мылтык кезеп калды.
– Ээй, жеңе, атпаң, атпаң! Мен торпок издеп жүрүп, Аселдерди жолуктуруп калдым. Кийимдери жок экен. Өзүмдүн кийимимди жаап койдум. Кийим бериңиз аларга? Не болуп жатат өзү, жеңе? Тынччылыкпы?
– Бул ит кечээ 10 жылдыктагылар менен отурганы кеткен, сыйлап коёюн деп. Түн жарымда мас болуп келип, “мага тамак бер” деп эле сабап кирсе болобу. Түнү менен алыштык. Эч жеримди койбоду,- деп Рыскан көз жашын төгүп кирди.
Чынында, Рыскан жеңенин бетинде соо жер жок, канжалап кетиптир. Бир жак көзү шишип, кашынын капталы жырылган. Кийиминде тамтык жок.
– Мындайы жок эле го Максат акемдин?
– Жок эле болчу, бүгүн кайсы жин тийген буга билбейм. Кире бериште аркан турат. Алып келип байлачы бул эшекти.
– Жеңе, байлабай эле койбоюнбу? Өзүнө келейин деп калыптыр го?
– Байла, байла. Өзүнө келбейт бул. Мылтыкты кулагынын жанына туштап атып жибергем. Ошого үнү жакшы чыкпай, деңгиреп калды. Азыр дагы баштайт тим койсо. Адилет, байлап бер эми?..
Арканды алып чыгып, Максаттын жанына келип туруп калды. Экөө бири-бирине тигилип карап турушат.
– Оодарыл, чочко!
Рыскан күйөөсүнө буюрду.
Окуя өтө түпкүрлөп кеткенин сезген Максат оодарылып, эки колун артка кылып, көмкөрөсүнөн жатып берди. Адилет минтип адам байлаган учурга биринчи жолу кабылышы. Ошентсе да козу байлагандай эле Максаттын колу-бутун таңып салды.
– Рахмат. Эми сазайын берем бул иттин,- деп оор үшкүрүп алды Рыскан.
– Жеңе, барып балдарды алып келейин, анан мен кеткенден кийин сазайын бере бересиз.
– Макул, сен алып келе бер, мен бети-башымды жууп турайын.
– Болуптур, кеттим,- деп Адилет Максаттын балдарын алып келгени чуркап кетти.
Балдарды калтырган жерге жетип барса, байкуштар уктап калышыптыр. Аларды ойготуп, кичинесин көтөрүп, чоңун жетелеп үйдү көздөй жөнөдү.
Уул-кызын колуна алган Рыскан үйүнө алып кирип жаткырды. Балдар атасын көрбөсүн деп Максаттын үстүнө жаман таарды жаап, үстүнө токулгаларды таштап салыптыр.
– Жеңе, мен кеттим.
Үй тарапты карай кыйкырып калды.
– Токтой тур, азыр чыгам.
Жанагы эле телевизордон боксёрлор былчылдашып мушташып, бети-башы шишип чыгат го тим эле. Жеңемдин бети-башы дал эле ошол боксёрлордун бетиндей болуп калыптыр. Элестетип алып күлүп жиберейин дедим. Аңгыча:
– Сен болбосоң дагы канча кыйналат элем?! Эми муну эч кимге айтпай эле кой, ээ?! Шерменде эле болдук, шерменде.
– Жок, жеңе, айтпайм эч кимге. Макул, жакшы калыңыз. Мен кеттим.
Максатка мынчалык эмне болду экен? Рыскан жеңем үйүн жакшы карайт, балдарын таптаза алып жүрөт, жадакалса малга да аралашат. Кээде чөптө жүргөнүн да көрүп калам. Бой десе бой, келбет десе келбети бар татынакай. Болду-болбоду, ушул Максатка кечээки он жылдыкка шаардан келген кыздар сулуу көрүнүп кеткен окшойт. Андай болсо, аялыңды модалуу кийинтип, жакшылап карап кой да. Рыскан жеңем алардан да сулуу болуп чыга келет. Маселе чечилет да калат. Бирок анда да “кимге көрүнө албай жатасың, сулууланып?!” деп кызганып чыгышы мүмкүн. Ээй, эмнеси болсо да бактылуу болушсунчу. А мен баарын башыма келгенде түшүнүп алармын” деп кобурап алды.
Адилет бир аз мурун болуп өткөн окуялардан алыс кете албай баратты. Рыскан жеңесинин бети-башын эстегенде, айласыздан быкшып күлүп коёт. Торпокту издеп бул жакка келгени жадынан чыгып кетти. Аксак торпогу мынчалык алыска кете албасы да оюна келбеди.
Ал кечинде боло турган кечени элестетип жыргап баратты.

Залкарбек Карабалаев

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
FIANIT
2011-02-06 10:36:39
Байкуш Рыскан жене...
0
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан