МАНГО – ЖЕМИШТЕРДИН ПАДЫШАСЫ

Мангону бекеринен жемиштердин падышасы деп аташпайт. Анткени ал витиминдер менен минералдардын кампасы. Өлчөмү менен жесе, тамак-ашка колдонсо жүрөк, көзгө пайдасы бар, иммунитетти бекемдөөгө жардамчы. Бирок анын терс таасири да бар, билип алыңыз.

Алгач үй шартында мьянмалыктар өстүрүшкөн

“Манго” аталышы португалиялыктардын “манга”, малайлардын “мангга”, тамиль элинин “манкай” деген сөздөрүнөн келип чыккан деп айтылат. “Ман” – манго дарагы, “кай” – мөмө дегенди билдирет. Аталган сөз Европада 15-16-кылымдарда Түштүк Индиядан татымалдарды ташып баштаган учурда пайда болгон. Кийин башка өлкөлөргө тараган. Алгачкы манголор кайсы өлкөдө өскөнүн айтуу кыйын. Бирок окумуштуулар мекени Чыгыш Индия жана Бангладеш деп эсептешет. Алгачкылардан болуп короого тигип өстүргөндөр мьянмалыктар болгон деген маалымат бар.

Үч жүздөн ашык сорту бар

Дүйнө жүзүндө мангонун 300дөн ашык сорту кездешет. Манго – Индия, Гаити, Филиппиндин улуттук жемиши, ал эми Бангладештин улуттук дарагы болуп саналат.

Индиялыктардын уламышы боюнча Кудай Шива мангону өмүрлүк жары Парватиге алып келген. Башка уламышта Индиянын Ассам провинциясында аны Буддага тартуу кылышкан. Ал аны жеген соң данегин жерге көмүшкөн. Будда колун жууган суу ошол жерге сиңип, кооз дарак өсүп чыккан деп баяндалат.

Индияда жаңы салынып жаткан үйдүн пайдубалына “бакыт, жакшылык алып келсин” деп мангону кошо салышат. Жаңы жылда ушул эле тилек менен жемишти эшикке илип коюшат.

26 өлкө экспортко чыгарат

Мангону ири көлөмдө эскпортоочу өлкөлөрдүн саны 26. Мисалы, 2020-жылы Индия 24,7 миллион тонна, Индонезия 3,6 миллион, Мексика 2,3 миллион, Кытай 2,3 миллион, Пакистан 2,3 миллион тонна манго экспорттогон. Булардан тышкары Таиланд, Бангладеш, Египет, Вьетнам, Нигерия, Кения жана башкалар да сыртка сатышат. Индияда түшүмдү март, апрель, май айларында чогултушат.

C витаминине бай

Мангонун 100 граммында 70 килокалорий бар.

Курамында: кант, клетчатка, белок, B тобундагы витаминдер, A, E, C витаминдери, фолий кычкылы, микроэлементтерден кальций, темир, магний, фосфор, калий, цинк жана башкалар бар. Мангону көбүрөөк жегенде анын пайдасы жакшыраак болот. Касиеттери көп.

Курамындагы...

антиоксиданттар (лютеин, зеаксантин) көздүн торчосунда чогулуп, күндөн коргоочу табигый крем сыяктуу ашыкча жарыкты жутуп, көздү оорулардан сактап турат.

калий, магний жүрөктүн иштешин жакшыртып, артериалдык кан басымды төмөндөтөт

полифенол, мангиферин рактын алдын алат

фитоэндорфиндин маанайды көтөрүүчү касиети бар

C витамининин өлчөмү көп. Башкача айтканда, 100 граммында 36 миллиграмм бар. 1 стакан ширеси аталган витаминге болгон суткалык керектөөнүн 70 пайызын камтыйт. C витамини организмге иммунитет үчүн жооп берген ак кан денечелерин (лейкоцит) иштеп чыгарууга шарт түзөт. Теринин клеткаларынын жаңырып туруусуна таасир этип, майда жаракаттардын тез айыгышына жардам берет. Стресстин алдын алат. Мээнин калыптагыдай иштөөсүнө көмөктөшөт.

Ошондой эле...

Чачтын, теринин абалын, ичегинин иштешин, кандын уюшун жакшыртат. Заара кубалайт, ич катуудан арылтат

Иммунитетти чыңдайт

Кандагы холестериндин деңгээлин төмөндөтөт

Карылыктын алдын алат. Андыктан маска жана кремдерге кошушат

Эс-тутумдун, уйкунун сапатын жогорулатат

Денедеги ашыкча сууну чыгарат

Табигый афродизиак. Бел кубатты көтөрүп, сперматозоиддердин сапатын жогорулатат

Ашканада

Мангону коктейль, смузи, балмуздак, бисквит, пирог, торт жана башкалардын курамына кошушат. Андан компот, кыям, соус, мусс, сорбент, пюре жасашат, консервациялашат. Жаңы үзүлгөндөрү салат, соустарга кошулат. Негизинен манго деңиз азыктары жана канаттуунун этинен жасалган тамактар менен жакшы айкалышат. Бир жегенде муштумдай гана өлчөмдө жеш керек дешет врачтар. Кургатылып да сатыкка чыгарылат. Көбүнчө үстүнө кант упасын сээп коюшат, ошондуктан таттуулугу арта түшөт. Бирок кургатылганына караганда жаңы үзүлгөндөрүндө булачалар (клетчаткалар) көп болгондуктан пайдасы көбүрөөк.

Мангону туура тандоо

Мангону тандоодо өңүнө басым жасоонун кереги жок, анткени сорттору көп. Урунган жери жогун, жагымдуу жыттанганын алуу керек. Кычкыл жыттанса, жараксыз болуп калганы. Эгер үстүнөн бармак менен басып көргөндө басылган жер чуңкурайбаса, анда бышкан. Бирок кабыгы өтө эле катуу болсо быша элек.

Косметикада

Косметологияда мөмөсү, жалбырагы колдонулат. Алардан алынган заттарды бырыштарга каршы жана күндөн коргоочу каражаттардын, шампундардын курамына кошушат. Данегинен алынган май нымдоочу жана азыктандыруучу кремдерге кошулат.

Кимдерге болбойт?

Мангодон аллергиясы барларга. Аллергияны незинен анын кабыгы пайда кылат. Андыктан аллергиясы жоктор деле сыртын кол кап кийип аарчыса жакшы.

Быша электери ашказанды, ичегини оорутушу мүмкүн

Көп жегенде ичти өткөрүшү ыктымал

Кант диабети, панкреатит, тери жана ичеги-карын оорусу менен жабыркагандар жеш үчүн врач менен кеңешиши керек

Канымжан Усупбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан