Калыс экөөбүз иш үстүнөн таанышканбыз. Биринчи жолу сүйүүгө кабылып, булуттарда учуп жүргөн кезим болчу. Бир күнү адаттагыдай Калыс менен жолугушуп кайттым, маанайым жакшы болчу. Жаңы эле кыздар менен чай ичүүгө отурсам:
– Баяна, Калыс мага жазып жатат го,- чогуу жашаган курбу кызым ушинтип калды. Курбу кызым Керээз экөөбүз бир жерде иштеп, чогуу жашачубуз. Керээз билдирүүнү окутту.
– Керээз, сейилдеп келбейлиби,- деп жазыптыр. Ага чейин деле анын Инстаграмдагы тарыхчаларына ар кандай реакцияларды жөнөтүп турчу экен. Калыска өзүмө ишенгендей ишенип алган мага бул аябай катуу тийди. Жаңы эле сүйлөшкөн кызы менен жагымдуу убакыт өткөрүп коштошкон жигит кантип башка кызга, болгондо да анын курбусуна ушундай сөздөрдү жазат? Калтырап-титиреп чыктым. Чалып алып кыйкырдым, оозума келген бардык жаман сөздөрдү айттым, анткени жүрөгү меникиндей оорушун ушунчалык кааладым. Болбой “баарын түшүндүрөм” деп келип алды. Бирок жарытарлык себеп айтып актана алган жок.
Үйгө келип ыйлап жатып мага бир ой келди. Буга чейин мага сезимин билдирип жазып жүргөн жигиттердин баарына жазып чыктым. Арасында мага көптөн бери жазып, жолуга албай жүргөн Майрамбек да бар эле. Дароо жолугушууга макул болду. Жолуктук, сүйлөштүк. Ушуну менен Калыстан аз болсо да өч алгандай сездим өзүмдү. Бирок, албетте, жүрөгүмдүн ооруганы токтоп калган жок. Эртеси Майрамбек менен дагы жолуктук. Ал мени көптөн бери жактырып жүргөнүн, жолугушууда ого бетер жактырганын айтып отурду.
– Анда баш кошолу,- дедим түз эле ага.
– Эмне дейт?
– Ооба, баш кошолу, мен дагы турмушка чыккым келип жатат, үйдөгүлөр да бул тууралуу айта башташты.
– Мен үйлөнүүгө даярмын. Сен тамашалабаган болсоң, мен макулмун,- деди кубанып кеткен ал.
– Макулмун. Анда мен ата-энеме айтайын. Сен да даярдан,- деп чечкиндүү түрдө айтып, унаадан түшүп кеттим.
– Ошентип баары бат эле болуп кетти. Майрамбек ансыз да үйлөнүүгө даяр болчу экен. Ата-энелерибиз жолукту, той күнүн белгилешти да, тез эле тагдырыбыз чечилди. Бул арада Калыс кайра-кайра чалып жатты. Ага өчөшүп туура кылып жатканымды ойлодум, турмушка чыгып жатканымды көрүп анын жаман болорун ойлоп кубандым. Ошентип тез эле турмушка чыгып кеттим. Башында баары жагып жатты. Жолдошум жакшы мамиле кылат, экөөбүздүн күндө бири-бирибизди жакындан тааныганыбыз кызык болуп жатты. Анан кош бойлуу болдум. Жолдошум башында айтканымдын баарын аткарып жанымда болуп жаткан. Ичим чоңоюп, төрөткө жакын калганда эмнегедир мамилеси өзгөрүп кетти.
– Ой, кайда бармак элең, болду да, балалуу болгондон кийин бала үчүн баарына чыдап жашайсың,- деди бир күнү урушуп кеткенибизде ал.
Мына сага, ал мен кете албай турган абалга келгенче эле жакшы адамдын ролун ойноп коюптур. Күйөөм өзгөргөндө кайненем да өзгөрдү, башкача көз менен карап, катуу сүйлөп, душманына кылгандай эле мамиле кыла баштады. Тез эле өзгөрүп кеткен аларды көрүп таң калдым, кандай кыларымды билбей калдым. Кызым төрөлдү. Бала менен алаксып, баарына көнүп кетем го дегем. Бирок төрөгөндөн кийин кайненем менен күйөөм ого бетер катаал болуп калышты. Мурдагыдан да көп нерсе талап кыла башташты. Күйөөм кайненемдин таасирине кирип алып мага жаман мамиле кылып жатат окшойт деп бөлүнүп жашоо тууралуу ойлоно баштадым. Оюм оңунан чыгып бөлүндүк. Бирок Майрамбектин болгону ошол экен. Өзүбүзчө жашаганда такыр эле мага “эркелеп” алды. Кыйратып таап келбегени аз келгенсип, мени басынтып сүйлөйт, кээде ичип келет, муздак мамиле кылат... Анысы аз келгенсип бөлүнгөнүбүздөн 2 ай өтпөй ар кандай шылтоо айтып кайненем кайын сиңдим экөө биздин жаныбызга көчүп келип алышты. Мындан ары чыдабасымды билип ажырашканы турам. Эмоцияга алдырып чечим чыгарбай, өмүрлүк жолдошумду туура тандасам болмок экен. Мен Калыстан өч алдымбы, же жеңилип бердимби? Бир билгеним – өз турмушумду өз колум менен талкалаганым. Үй-бүлө курууга мынчалык жеңил карабаш керек экен...
Баяна