(Башы өткөн сандарда)
Жата берсем болбойт, эптеп ордумдан туруп, арканды чечип, Касыкени диванга, бир жагына сүйөп жаткызып, туалетке кирип унитазга кездемени сыгып, бир метрдей жыртып алып, акырын эшикти ачып тепкич менен жогору чыгып эки жакты карасам эч ким көрүнбөйт. Катердин үстүн, колум тийген жерлерди, полду, тепкичтерди таптаза кылып эки-үч сыйра сүртүп чыктым. Диванда чоң кургак сүлгү жаткан экен, аны менен да бир сыйра кургатып аарчып чыктым. Менин изим калбаса болгону, калганын убагы келгенде көрө жатарбыз. Кайра түшүп эшикти ичинен кулптап алып, ичин да бирме-бир тазалап, кайра-кайра сүртүп чыктым. Эми тез бул жерден кетип, үйгө жетишим керек. Касыкени карап оюма келди, полго отуруп алып куран окуп, бата кылып, эми турайын деп жатсам бирөө катердин үстүнө секирип түштү. Артынан дагы бирөө секирди. Катер билинер-билинбес кыймылдап кетти. Коркконуман полго жата калдым. Денем дүркүрөп чыкты. Артымдан аңдып келишиптир да. Эми даана кармалдым, терезе кичине, батпайм, качып кете албайсың катердин ичинен. Айласыздан күлүп да алдым. Сонун жерден кармашты, эми кутулуп кете албайм. Гезиттерден, телевизорлордон мени катерден кармалганымды көрсөтүп жатышканын элестетип жибердим. Өмүрүмдө биринчи жолу чын дилимден Кудайга жалына баштадым. Бирөөсү фонарик жагып түшүп келди, жарыктын нуру эшиктин жылчыгынан көрүндү, тутканы бурап көрүп:
– Бензин куя турган лючокту карачы, ачкычын ошол жерде турат деди эле,- деп кыйкырды. Экинчисинин фонариги терезеден чагылышып, лючокту ачып, издегени угулду.
– Жок, көрүнбөйт.
– Жакшылап карасаң, ошол эле жерде турат деген.
– Ээ жок, болсо көрөт элем да.
– Бир иш айтса эптеп бүтүрө албайсың,- деп сүйлөнүп тепкич менен чыгып өзү издей баштады. Дагы бирөө катерге секирип түштү.
– Кимдин катери?- дегени угулду.
– Ээ бир миллионер бар, базарлары бар Мытищиде, ошонуку. Аялы жаш кыз, биздин шефтин ойношу, ошол кыз шефке чалыптыр, күйөөсү жок имиш. Катерди карап койгула дептир. Шеф да кызык, ойлонбойбу өзү деле, ошондой миллионер катерде бекинип отурмак беле, бир чүрөктү алып мейманканада чардап жатат да.
– Шефиңер кыйын го миллионерлердин аялдары менен жүрсө. Коркпойбу, билинип калса өлдү да.
– Ал кызды көрсөң сен деле акылыңдан кетесиң. Жүз жылда бир жарала турган кыздардан. Ачкыч жок, эмне кылабыз?
– Шефиңе чалып айт да.
– Саат канча болду билесиңби? Уйкусун бузсаң кууруп жейт эртең.
– Эшиктин замогун бузуп кир анда.
– Аха, бузуп кир, эртең сотко берип, “бриллианттарым бар эле, силер эле алгансыңар” деп моюнубузга илип койсо сен төлөйсүңбү?
– Эмне кыласың анда?
– Ээ эч ким жок экен, карадык деп коёбуз да. Кой, кеттик. Тиякты да караш керек, наркоштор тополоң чыгарып, бир балээ башташпасын. Эртең менен жарыкта келип карайбыз,- деп баары ээрчишип кетишти.
Эмне кутулдумбу? Ишенбей он мүнөттөй кыймылдабай жата бердим. Акыры өзүмдү колго алып, терезеге барып эч нерсе көрүнбөсө да бир аз карап турдум. Эптеп чыгып кетиш керек бул жерден. Сүлгү менен колум тийген жерлерди дагы аарчып, арканды, кездемени, сүлгүнү алып, акырын ачкычты бурап ачып жогору чыгып эки жакты карап үч мүнөттөй отурдум. Тынч. Эшикти кулптап, ачкычты ордуна бекитип, сууга акырын түшүп суунун түбү менен жээкке сүзүп чыгып, чуркап токойго кирип кеттим. Бекиткен жерден кийимдерими кийип, тапанчаны илип, телефонуму алып токойдун ичине беш жүз метрдей кирип, сүлгүнү, кездемени дарактын түбүнө коюу чөптүн арасына бекитип, үстүнө отундарды көп кылып таштап салдым. Саат экиден жыйырма мүнөт өтүптүр. Эми чуркаш керек. Токойдо түндө эч ким болбойт экен, айылга тез эле жеттим. Токойдун четине жетип жерге жатып алып сойлоп, ачык жерге жакыныраак барып айлананы тыңшап беш мүнөттөй жаттым. Жакшы эле окшойт баары, кайра артка сойлоп келип, шатыны алып чуркап коргонго барып, ашып түшүп, шатыны терезени ачып киргизип, өзүм кайра барып коргондун түбүндөгү баскан жерлеримди, шатынын изи турган жерлерди тегиздеп, эч нерсе билинбей турган кылып салдым. Кроссовкимди чечип, колума кармап терезеден ашып түшүп, футболкамды чечип текчелерди, колум тийген жерлерди тазалап аарчып, шатынын да топурак тийген жерлерин тазалап аарчып, терезени ичинен кулптап алдым. Эшикти акырын ачып Ваня байкенин эшигине келип тыңшасам бир калыпта дем алып уктап жатат. Өтө акырын басып шатыны көтөрүп жер төлөгө алып түшүп иштеп жаткан бөлмөгө коюп койдум. Арканды алып сыртка чыгып, гаражга алып кирип ордуна коюп, үстүнө майда-чүйдөлөрдү таштап салдым. Короодо Вулкан жүрөт бейкапар. Мага келип бир сыйра жыттап коюп ары басып кетти. Өзүмдүн бөлмөмө кирип кроссовкимди терезеге жайып койдум да, үйгө кийчү тапичкени илип алып ашканага кирип Ваня байкенин арагын бөтөлкөсү менен эле көтөрүп ичип алып, сөрүгө чыгып жатып алдым. Ар бир кадамымды бирме-бир эстеп чыктым. Менимче, артымда из калтырбадым. Кутулдум окшойт.
Кантип уктап кеткенимди билбейм, түнү менен жаман түштөр кирип, кыйналып чыктым. Эртең менен Ваня байке ойготту. Башым ооруп калыптыр. Уйкусурап жактырбагандай, ары караган бойдон “эмне?” десем:
– Мени Асел чакырып жатат, Касыке каза болуптур дейт, барып келейинчи,- деп коюп басып кетти. Чочуган адам болуп ордумдан ыргып турдум.
– Качан?
Ваня байке бурулган да жок:
– Билбейм, Асел эч нерсе айткан жок, барайынчы билем да,- деп машинасын чыгарып, дарбазанын алдына алып барып койгон экен, минип чыгып кетти. Дароо туруп барып карап турсам машина тез эле айылдан чыгып, токойго кирип көрүнбөй калды. Камераларды караш керек. Чуркап кирип мониторду ачып кечээ түндөн баштап ар бир камеранын тартканын бирме-бир карап чыктым. Менин Касыкени көтөрүп жүргөндөрүм түшпөсө, түндө эч ким көрүнбөптүр. Эртең менен Ваня байке эле түшүптүр, бирөө менен телефондо сүйлөшүп жатты. Акыркы үч-төрт күндөгү тартылган видеолордун баарын өчүрүп, камералардын баарын үзүп, камералардын жарыгын жапкан изоленталарды сыйрып салдым. Монитордун үстүн жаап койдум. Касыкени өлтүрүшкөн видеону "облакого" жөнөтүп, приложенияны өчүрүп салгам, ал жерден эч ким таппайт. Качан мага керек болсо приложенияны орнотуп, таап алсам болот. Саат төрттөрдө жер төлөдө иштеп жатсам Ваня байке кирип келди. Колунда арак, эки стакан, закуска. Учурашып коюп бөлмөнүн бир бурчуна жерге алып келгендерин жайып:
– Кел, Касыкени эскерип коёлу,- деп арак куйду.
Түшүп келип жерге отурдум. Бир стаканды мага сунуп:
– Жакшы киши эле, жаткан жери жумшак болсун, ал,- деп ичип жиберди. Мен да ичип жиберип, эт алып келген экен, чайнап отуруп:
– Эмне болуптур,- деп сурап койдум.
– Кечээ яхт-клубга барган экен, наркомандар менен мушташып кеткенби, ошолор муунтуп өлтүрүшүптүр.
– Ээ, жаман болуптур. Этият болбойбу, аякка эмнеге барды экен?
(Уландысы кийинки санда)