ЭРКЕКТЕР ТУУРАЛУУ...

“Эркектер үчүн аялдардын мүнөзү сыр сандык. Бирок аялдар да эркектер тууралуу көп нерсени билишпейт” дейт психолог Стив Харви. Психолог, философтордун мырзалар тууралуу ойлорунан.

• Эркектер өмүр бою бир аял менен жашоону тагдырдын кемчилиги деп эсептешет. Ошон үчүн аялдарга караганда эркектер көбүрөөк түгөйүнүн көзүнө чөп салат. Мындай адамдар чоң жоготууга учураганда гана кимден, кантип кол жууганын сезишет.

• Аял кичинекей, назик, морт. Бирок ачуусу келип, көзүн чакчайтып күнөөлөп кыйкырып жатканда эркекке жети баштуу желмогуздай эле чоң, каардуу көрүнүп калат. (Стив Харви)

• Эркек колдоо менен боор оорунун чек арасын алмаштыра берет. Анткени башкалардын өзүнө боор ооруп кароосун жактырбайт. Ошон үчүн, айымдар, эркекке боор ооруп эмес, колдоп жатканыңызды сездиришиңиз керек.

• Өзүн керексиз сезүү – эркек үчүн өлүм менен барабар.

• Эркек аялга эмне керек экенин алдын ала сезе албайт. Ага түптүз эле айтуу керек. (Жон Грэй)

• Убада берүү – үйлөнүү дегенди билдирбейт же ал жөн гана сизди жактырбайт.

• Эркек менен мамиле түзүп жатканда аны өзүм каалагандай өзгөртүп алсам болот деп эмес, кандай турса ошол турпаты менен кабыл алуу керек. Анткени ал өзгөрбөйт, эркек аялдай ийкемдүү эмес.

• Эркектин “мен азыр олуттуу мамилеге даяр эмесмин” деген сөзүн “мен сени менен олуттуу мамилеге даяр эмесмин” деп түшүнүү керек. (Грег Берендт)

• Сени сүйгөн адам өнүгүүңө салым кошот, сүйбөгөн адам артка тартат. (Михаил Литвак)

 

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан