АЙДАЙ

(Башы өткөн сандарыбызда)

Биз каалайбызбы, каалабайбызбы, күндөр өтө берет, ээ? Кош бойлуу экенимди угуп, атам аябай кубанды. “Жакында неберелүү болом” деп баарына айтып чыгыптыр. Демек, Арстан да укту...
Башында эне болорум жөнүндөгү ойду жаныма жууткум келчү эмес. Эми өзүмдөгү өзгөрүүлөрдү кызыгуу менен байкап, балакай менен сүйлөшүүнү адатка айланттым. Катаны кетирсем мен кетирдим, арманым да мага гана тиешелүү, наристеде не күнөө? Атамды, өзүмдү көз алдыма көп келтирчү болдум. Апам төрөттүн айынан каза болуп калганда атам бала аттуунун баарынан кечип жибере жаздабады беле. Анын мага жасаган салкын мамилесинен улам эрке-талтаң жаным түнт, ичимтап болуп кеткенмин. Ким билет, Арстан жашоомдо пайда болбосо кандай адам болуп калыптанар элем? Баламдын мен тарткан азапты тартышын каалабайм.
Мына кызык, наристе менин туулган күнүмдө жарыкка келүүнү туура көрдү. Врачтардын жазып бергени боюнча, дагы эки жумадан кийин төрөлмөк. Бирок төрөт үйүнө 12-ноябрдын түнүндө барууга туура келди. Баары эле ушинтип кыйналабы, билбедим. Балким, эне болуу бактысынан коркконум үчүн Кудай мени ушинтип жазалоону чечкендир. Кандай азап тартканымды айтпай эле коёюн, ал өзүмдө гана калсын. Улам эсимди жоготуп, кайра өзүмө келип врачтардын айласын кетирдим. Апакесин катуу кыйнаган бала таңкы саат беште жарыкка келди. Көзү ачылбай, оозу-мурдун бырыштыра бакырып жаткан наристеге сонуркай тигилип турдум. Чын эле ушул баланы мен төрөдүмбү?
– Бешик боо бек болсун, Элдар мырза!
Балам экөөбүзгө жеткирбей эле сүйүнчү айтуучуларды күткөнгө чыдамы жетпей кирип келген Элдардан врачтар сүйүнчү доолап киришти.
– Сүйүнчү силерден айлансын! Балам кандай, ден соолугу жакшыбы?
Менин деле ал-акыбалымды сурап койсо болор беле?
– Айдайчы? Анын акыбалы кандай?
Ии, бул башка кеп. Ичимден ыраазы боло тынчып калдым.
– Жаным, алтындарым менин!
Элдар кимибизди өөп, кимибизге жалынарды билбей, калдастап турду. Урматтуу айымдар, кээде ушинтип күйөөңөрдүн ичин бышырып койсоңор болот экен. Уулдуу болорун алдын ала билбеген биздин атабыз жерге-сууга батпай кубанып жатты. Кырктын кырына барып калганда уулдуу болуу да өзгөчө окшойт.
– Айдай, бул сага.
Эртеси күнү мээрман айым кызыл-тазыл майда гүлдөрдөн жасалган гүлдесте алып кирди. Өмүрү көрбөгөм мындай гүлдөрдү.
– Ким алып келди?
– Байкең сен уктап жатканыңда келди. “Агасы болом, аман-эсен төрөп алганына кубанычтамын. Шашып турам, муну берип коюңуз” деп гүлдү, анан олчойгон сүйүнчү пул таштап кетти.
Арстан! Арстан келиптир!
– Качан кетти? Кайсы тарапка кетти?
– Билбедим, сыртка чыгып кеткен. Агаң аябай тынчсызданды. Чыдамы кете төрөт үйүн айланып басып жүргөнүнөн “кайсы аялдын күйөөсү?” деп билбей жатканбыз. Көрсө, агаң экен. Төрөгөнүңдү укканда теңселип кетип отура калды.
– Неге ойготуп койгон жоксуз?
– Айдайка, эмне болду сага? Жат-жат, турба, өңүң купкуу болуп кетти.
– Канча болду кеткенине?
– Жарым саатча болуп калды.
– Башка эч нерсе айтпадыбы?
– Жок, башка эч нерсе айткан жок.
Кашайгырдыкы, демейде чакчайып жумулбаган көзүм ошондо илинип кеткенин карачы! Тапкан экенсиң уктай турган маалды! Иии-ий! Ичим туз куйгандай ачышып кетти.
– Неге уктадымм-мм?
Алаканым менен маңдайымды койгулап жибердим.
– Айдай, чын эле байкең беле?
Ой, мээрман айым кете элек тура!
– Ооба, байкем. Просто таарынышып кеткенбиз. Көптөн бери сүйлөшө элек болчубуз. Атайы мен уктап жатканда кириптир да. Мени кантип чычалатыш керегин жакшы билет. Талуу жерим кайда экенин да жакшы билет.
Акыркы сөздөрдү мээрман айымга эмес, өзүмө айттым окшойт. Үч жыл болуп кетиптир көрө элегиме. Үч жыл... Айтып алып өзүм да чочуп кеттим. Чын эле ушунча убакыт өтүп кеттиби? Кечээ эле көргөнүмө карабай, бүгүн бултуюп сагынып жаткандаймын. Уктасам түшүмдө, күнү көз алдымда. Үч жылы үч күнгө, үч күнү үч кылымга тете болуп сагынып, зарыгып күткөн адам гана менин абалымды түшүнсө керек. Не деген азап, ошончо зарыгып күтүп жүрүп, керек маалда бырылдап уктап калган?
Көзүм тунарып кетти. Кайран көз жаштар дагы куюла баштаган тура. Кой, Айдай, бырылдап ыйлай бермейиңди токтот эми. Уулуң бар, ошону ойло! И, жааааным десе, балам момпоюп уктап жатат.
– Атын Ардак коёлу. Эли-журту ардактаган, сыйлуу инсан болсун, кандай дейсиң?
Элдар балага ат тандай албай ­убара.
– Жакшы ат экен.
– Же Искендер коёлубу?
– Экөө тең жакшы аттар.
– Кайсынысы көбүрөөк жакты?
Арстан. Ушул атты коёлу десем макул болсо керек. Бирок... Өмүр бою, күн сайын ушул ысымды атап, жүрөгүң ооруп жүргөнүңдү элестет? Муну ойлогондо айнып кеттим. Макул, атасы жактырган ысымды коёлу.
– Бул гүл кимдики?
– Асел алып келиптир.
Кимден келгенин билип койчудан бетер шашып кеттим.
– Букет киргизбегиле, бала менен апасын аллергия кылат деп урушуп жатышпады беле?
Өлдүм, эми териштирип кирет. Эртерээк токтотуш керек!
– Ооба, жаңы төрөлгөн бала гүлдүн жытын жактырбашы мүмкүн экен. А биздин балакай жигит болуп калбадыбы.
– Койчу? Чын элеби? Апасы секелек кыз да, баласы чоңоюп кетиптирби, ээ? Азамат! Менин уулум да.
– Аны ким төрөдү экен? Ошонун уулу болуп жүрбөсүн?
– Айттым го, апасы ыйлаак, эки күндүн биринде эле бырылдап ыйлай берет деп...
– Ыйлаак эмес!
– Ыйлаак эле, карачы, мына азыр деле көз жашы төгүлгөнгө даяр турат. Мына-мына...
– Элдар, бул сага күлкү эмес!
Канчалык тамаша болбосун, өзүмдү карманалбай кеттим.
– Тамаша, жаным, айтылган кептин баары тамаша! Мобу балакай экөөң менин баарымсыңар. Болгон-бүткөн ырысым экөөңсүңөр.
– Элдар.
– Ии?
– Айтчы, бактылуусуңбу?
– Бул кандай суроо болду? Кана мени карачы? Эмне, көзүмдөн көрүнбөй турабы?
Мени тиктеген каректерден чын эле бакыттын нуру төгүлүп турду. Өзүң бактылуу боло албасаң, анда башкаларды бактылуу кыл. Жок дегенде ушул адамды бактысынан айрыба, Айдай! Ичимден бир үн ушул сөздөрдү айтып турду.
– Бүгүн да бул жакта калышыңар керек экен. Эртең таң атпай келип чыгарып кетем.
– Шашпай эле кел. Уйкуну бузду деп балаң жинденип жүрбөсүн!
– Есть, товарищ капитан!
Баланы шуу дегизе жыттап алып Элдар чыгып кетти. Ошондон кийин гана гүлдестенин бурчунда кичинекей баракча бар экенин байкадым. Мага абдан тааныш кол жазма...
Чынында, менин баламды төрөшүң керек болчу. Ошону ойлосом, ичим өрттөнүп кете жаздайт. Бирок сени ооруканага алып кетишкенин атаңдан угуп, эч нерсеге карабай жетип келдим. Түнү бою күтүп, кабарың уккуча жинди болуп кете жаздадым. Жаным. Менин кичинекейим. Ушу сен эне болдуңбу? Ишене албай турам. Өзүңдү сакта. Мен дайым жаныңдамын”.

Жазгүл Калыева

(Уландысы кийинки саныбызда)

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (3)
zare
2011-02-03 08:00:41
серия кылбай тезирээк жазып бутургулочу плз чарчап кетим куто берип
+1
Tosha
2011-02-03 18:55:48
Суперди коп деле окучу эмесмин, бугун жумуш жок болгондуктан карап отуруп ушул сериалды "Айдай" таап алып кечке окудум... Чыгарма турмуштан алынганы корунуп турат, абдан жакты... Эми калгандарын окуп буткончо жаным чыгып кетет гооооо. Китебин кайдан алсам болот, айтып койгулачы.
+1
Tosha
2011-02-03 18:57:48
Бирок бугун окуганыма абдан окуном, андан коро сериал буткондо тапсам болмок экен, баарын бир кундо окуп бутмокмун.
+1
№ 430, 28-январь - 3-февраль, 2011-жыл
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан