КЕЧИРИМ

- Айпери, эмнеге келген жоксуң? Сага эненин деле кереги жок. Кайран жаштыгым сага арналган...

Гүлнара кызын телефондон урушуп, адатынча наалып кирди. Айпери телефонду же коюп сала албай, же апасына бир нерсе деп айта албай аргасыз угуп турду. Бул лекцияны ал жылдар бою угуп келе жатат. Үтүр, чекитине чейин, кайсы жерден кандай сөз айтыларына чейин билет. Уга берет. “Болдучу апа, тажап кеттим” дей албайт. Чын эле апасынын алдында өзүн күнөөлүү сезет. Кичинесинен эле укканы ушул болду. “Сага жаштыгымды арнадым, сен болбосоң баары башкача болмок”.

Айпери атасы менен апасы ажырашып кеткенде эки жашта эле. Эки жаштан баштап тестиер болуп калганга чейин таенесинин колунда өстү. Апасы Москвада иштеп жүрүп, бир бөлмөлүү батир алганга акча топтоп келди. Бул жакка келгени кызын колуна алды. Жылдан жылга депрессияга алдырып, наалымай адат таап алды. Айпери өз күчү менен университетти бүттү. Турмушка чыгып, балалуу болду.

- Апа, биз бала бакчага кечигип жатабыз. Жумуштан кийин сизге кире кеткенге аракет кылам. Макулбу?

- Дагы алдап жатасың, убактым жок тиги-бу деп келбей коёсуң?

- Апа-а...

Ошол учурда телефонду жолдошу колунан алып койду.

- Дагы мээңди жеп жатабы? Деги бир тынчыбаган киши экен го. Өз жашоосу менен жашаса болбойбу? Сенин да өз үй-бүлөң бар экенин билет. Эртеден кечке эле мээңди жей береби?

- Эмне кылайын эми, апам да,- деп күңк этти Айпери.

Апам да! Ушул сөздү ал канчалык оорчулук менен айтты бир гана өзү билет. Апанын кучагы, апанын мээримин билбей чоңойду. Апасынын аны кучактап сырдашып, сүйлөшкөнү эсинде жок. Апасы болгон үчүн чыдаш керек. Анткени ал жаштыгын арнабадыбы... Бул сөздүн оордугун Айперидей эч ким сезбес.

ххх

Кыңылдап ырдап жакшынакай эле басып жүргөн Гүлнара эшиктин ачылган добушун угар замат отура калды. Колун чекесине сүйөп, кайгырып отурган бет кабын кийди. Айпери алаңдап кирип келди. Колунда баласы...

- Кандайсыз, апа?

- Отурам, сен эмне кеч...

- Жумуштан чыгып баланы бакчадан алгыча ушул убакыт болду,- деди адатынча күнөөлүү сүйлөгөн кызы.

- Эриң эмне кылып жатат, баланы ал алса болбойбу?

- Билесиз да, ал жумуштан кеч чыгат.

- А мени ойлоп койгон жоксуң, ээ? Жалгыз байкуш эмне болду деп...

Айпери апасы эмне деп жатканына көңүл бурган жок. Жасап бер деген иштерин бат-баттан жасап берип, үйүнө барып тамак жасаганга жетишиши керек. Үйүн жыйнап баштады.

- Шашкалактабай терезенин айнегин да жууп кетчи.

- Өткөн жума эле жуудум эле го...

- Мен терезенин айнегинин таза болушун каалайм дайыма. Жалгыз эрмегим ушул, көчөдөн өткөн кишилерди карайм.

- Сыртка чыгып таза абадан дем алсаңыз деле болмок.

- Кан басымым көтөрүлүп кетет, ушунча кабаттан кантип ылдый түшөм. Сен мени ойлогуча...

Кайра баягы эски пластинка... Айперинин кулагынын сыртынан кетти. Бечара кыз эс тарткандан бери ушул аялдын курмандыгы болуп келе жатат. Дагы жакшы жолдошу түзүк чыкты. Ал Айперини түшүнөт.

- Мен анда силер менен чогуу жашабаймынбы, ия?- деди апасы.

- Ия?- Айпери чочуп кетти. Кичинекей батирде апасы менен, анын каприздери менен чогуу жашап жатканын эч акылына сыйдыра албады.

- Апа, жакында үй алабыз, акчабыз чогулуп калды. Азыр тар батирде кантип жашайбыз чогуу. Күйөөм эмне дейт?

- Мына, мени эч ким сүйбөйт, каалабайт... Мен бечара болсо сени чоңойтом деп тээ Москвадан бери иштеп келдим. Ден соолугумду жоготтум.

“Мен үчүн барган жоксуз да. Мага эч нерсенин кереги жок болчу, мага өз апам менен атамдын мээрими керек эле. А сиз өз эгоңуз үчүн бардыңыз. Ажырашып кеткен күйөөңүзгө сенсиз да жашай алам дегенди далилдеш үчүн бардыңыз. А мен силердин тирешүүңөрдүн гана курмандыгы элем. Мага эч нерсе берген жоксуң, менден талап гана кылып жатасың. Кана сүйүү, кана мээрим? Эгерде мен сенден кашыктай эле сүйүү алсам, бул үйгө моюнунан байланган иттей болуп келмек эмесмин, сүйүнүп келмекмин. Мага сенин Москваңдын кымындай да жакшылыгы болгон жок” деп айтат эле, балким, эгер башкача тарбияланса. Таенесинин “ата-эне улук” деген кеби менен чоңойду да. Албетте, ата-эне улук. Бирок таштанды челек сымал, өзүңдөгү негативди балага сала бербеш керек да. Апасынын ишин аткарып коюп Айпери үйүнө жөнөдү. Жолдо катар ызасы кокосуна кептелип барды. Кечки тамагын берип, идишин жууп, эми көзү илинейин деп бара жатканда телефонго чалуу келди. Апасынын коңшусу экен, апасы жыгылып эсин жоготконун айтты. Айпери ыргып туруп жолдошун ойготуп экөө ооруканага жетип келишти. Апасы столдун үстүнө бирдеме алам деп чыгып, жыгылып кетип бутун сындырып алган экен. Эки-үч күндөн кийин үйүнө чыгарып келишти. Эми Айпери жумушун, өз жашоосунун баарын четке жылдырып коюп, апасынын кашында 24 саат бою отурмак болду. Дааратканага алып бармай, жуунтмай, тамагын бермей. Чарк айланып жатса да Гүлнара кызын кагып силкип, анын эч нерсеге жарабай турганын айтып басынтып сүйлөнө берди. Айпери бир жума араң чыдады. Бир жагынан жолдошу үйгө келбейсиңби деп таарынып жатат. Апасы дагы бир нерселерди айтып жанын кашайтты эле бакырып жиберди.

- Аааа! Болбодубу, ия? Мени бышырып жейсизби? Жетет! Мен үйүмө кеттим. Менин да өз жашоом бар. Сиздин жашоо атам менен болбой калганы үчүн менин жашоомду да бузгуңуз келет. Мен сизге окшоп жалгыз сизге гана муктаж болуп калышымды каалайсың. Бул энелик эмес! Мен сага карабай бактылуу үй-бүлө курам. Мен уулумду таштап Москвага кетпейм. Түн ичинде корксо “апалап” ыйласа жанында болом. Биринчи класска барганда коркунучтан колумду кыса кармаса, жооп катары анын колун кыса кармайм. Өспүрүм учурда кандай маселеси болсо чечкенге аракет кылам. Өз алдынча турмуш курганда колдоо гана көрсөтөм, сиздей болуп күнөөлүү сезим тартуулабайм. Эмнеге билесизби? Анткени мен энемин. А сиз эненин ролун гана ойноп жүргөн аялсыз. Эне эмессиз! Болбосо бир жолу менин абалымды сурап, менин маңдайымдан сылап, менин маселемди чечишкенге аракет кылат элеңиз. Сиздин жарыгыңыз өзүңүзгө да тийбейт. Анткени сизде жарык жок. Каргыш алсын, атам сизди таштап кеткен күндөн тартып ал жарык өчкөн. Кийин эч кимге тийген эмес. Ал менин күнөөм эмес! Жетишет!

Айпери көкүрөгүндө толгон нерселердин баарын айтып алды да, сыртка чыкты. Өз үйүнө бара жатты. Көз жашы төгүлүп бара жатса да, ичинде бир жарык бар экенин сезди. Ал жарыкты өз үй-бүлөсүнө арнаш үчүн шашып бара жатты.

ххх

Бир жумадан кийин Айпери ичи түтпөй апасына келди. Эшикти ачып эле таң кала түштү. Баягы Айперини күтүп жатчу иштердин баары жасалыптыр. Үй жыйналуу, тамак жасалуу, апасы бир бутун таканчыктап алып камыр жайып жатат.

- Апа?

- Аа, келдиңби кызым. Мен сен жактырган гүлчөтөйды жасап жаткам атайын...

Апасы кызын жылдар бою карабаган мээрим менен карады. Ошол көз караштын аркасында кечирим суроо бар экенин сезди Айпери.

Айлин Д.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1080, 18-24-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан