(Башы өткөн сандарда)
Айдай да жылмайды. Бул минутаны ал канча жылдан бери күттү эле. Эртең мененки тамакты даярдап жатып да жылмайып алды. Столдун үстүн көрүп Эмир таң кала түштү.
– Сиз менин жакшы көргөн нерселеримди кайдан билесиз?
– Билбейм, жөн эле күндө даярдап жүргөндөй даярдадым.
Ичинен “сенин эмне жакшы көрөрүңдү жүрөгүм менен сезем, балам, болгону тилим менен айта албайм” деп жатты. Эмир көңүлдөнүп отуруп шашпай тамактанды. Айдайды карап жылмайып койду.
– Баары сонун болуптур, рахмат. Бирок эмнеге өзүңүз эч нерсе жеген жоксуз?
– Мага караба. Мен бир аз толдум да, ошого тамак көп жебей жатам. Сага жакса болду. Эми сага эмне болгонун айтарсың?
Эмир башын жерге салып бир топко отурду. Ичиндеги бурганакты бирөөгө айтпаса жарылып кетчүдөй. Айдай сыр жашыра ала турган адам экенин аздыр-көптүр билип калган. Акыры айтайын деп чечти. Бирок кантип айтарын, эмнеден баштаарын билбей бир саамга унчукпай калды.
– Эмне болду? Мен сенин мындай абалыңды биринчи көрүшүм...
– Сиз өмүр бою бир жалгандын ичинде жашаганыңызды билсеңиз эмне кылмаксыз? Ишенген нерсеңиздин баары бир күнү жалган болуп чыкса...
– Андай учурлар менин жашоомдо көп болду. Сүйүү дегеним жалган болуп чыкты. Бакытым деген адамым, бакытымды уурдап кетти. Мен көп жолу адамдарга ишенип күйдүм. Бирок бул бардык адамдар ошондой дегендик эмес, Эмир. Жашоо өзү ушундай ак-карадан, жаман-жакшыдан турган нерсе экен. Биз жакшыны гана иргеп алып жашай албайт экенбиз, тилекке каршы.
– Мени апам багып алганын айтты!
Эмирдин көздөрү жашылданып кетти. Ыйлагысы келди, араң карманып турду. Айдай үчүн асман кулап, жер солк этип кеткендей болду. Чай куюп берип жаткан колу калтырап кетти. Эмне дээрин билбей Эмирдин жашы мөлт этип кетчүдөй болгон көздөрүн үнсүз тиктеди.
– Кандайча мындай болду? Менин акылым жетпей жатат. Апам, менин апам, мен үчүн жанын бергенге даяр апам – мени төрөгөн апам эмес. Болушу мүмкүнбү? Бирок мен өз кулагым менен уктум. Кечээ качып кеттим үйдөн. Чындыкты ушунча жашырып жүргөн адамдын жүзүнө кантип мындан ары карайм, билбейм. Дегеле кантип жашашымды билбейм. Сиз айтыңызчы, мүмкүнбү?
Айдай аны кучактай берди. Эмирдин солкулдаган денесин кучагына кысты. Анын ичиндеги ызасын тартып алгысы келгендей көпкө коё бербей турду. Көз жашы агып жатты. Эмир да ыйлап жиберди. Эмнеге бул чоочун аялдын кучагы жакын туюлду? Эмнеге анын алдында ыйлагандан намыстанган жок? Эмнеге ага жан дүйнөсүн жылаңачтап ачып бере алат? Ушулар акылына бир келип, бир кетип жатты.
– Ыйла, жаным. Мунун уяты жок. Баарыбыз адамбыз. Эркектер үчүн ыйлаган туура эмес дешет. А мен кошулбайм. Алар да кээде өтө оор жүктү көтөрүп жүрүшөт.
Эмир бир топко ыйлады. Ыйы токтогондо уялып ваннага кирип кетип, бир топто араң чыкты. Кызарган көздөрүн кайда ала качарын билбей жатты.
– Эмир, кел, сүйлөшөлүчү. Сен кайдан уктуң?
– Психолог менен сүйлөшүп жатканда, апам өз оозу менен айтты. Апамды алып кетейин деп баргам. Эшик ачык экен... Үйгө келип сүрөттөрдү карадым. Мен чын эле экөөнө тең окшобойт экем. Эми бул деле далил эмес. Бирок жүрөгүмдө бир нерсе бар, бул чындык экенин билип жатам. Мен бакма баламын! Билесизби, бул нерсе кандай оор? Сенин чыныгы ата-энең ким экенин билбеген, эмне себептен аларга керексиз болгонуңду билбеген, дегеле ким экениңди билбеген кандай кыйын? Балким, мен аракечтин үй-бүлөсүндө төрөлдүм. Ким билет, менин апам, балким, мени жек көрдү, атамдын мени менен иши болбоду. Эч нерсе билбеген кандай кыйын...
– Антип айтпа, сендей уулду кантип жек көрсө болот?
– Анда мени эмнеге таштады? Өз апам мени эмнеге таштады?
– Себеби бардыр, балким, таштагысы келбегендир. Балким, күч менен аны сенден ажыратышкандыр...
– Хе, жомок да бул, азыркы заманда ким бирөөнүн баласын күч менен ажыратып алсын! Биз канчанчы кылымда жашап жатабыз? Мен аларды эч качан кечирбейм!
– Кимдерди?
– Өз ата-энемди.
Айдай эмне кыларын билбей калды. Дал ушул учурда “мен сени төрөгөн апаңмын” деп айткысы келип, эми айтайын деп жаткан. Оозунан сөздү жулуп алгандай болду. Токтоп калды. Андан ары эмне дээрин билбеди. Эмир да ачылып сүйлөгөн жок. Бир азга үнсүз отурду да, кош айтышып чыгып кетти.
ххх
Күндөр, жумалар өтүп жатты. Эмирди миң түркүн ойлор ичтен жеген курттай кыйнап, ошолор менен алышып жүрө берди. Апасына ачылып эч нерсе айта албады. Айтканда эмне демек? “Силер мени багып алыпсыңар, өз ата-энем кайда?” дейби? Ажар да уулуна бир нерсе болгонун сезип жатты. Бирок өзү психолог менен иштешип жаткан жаны Эмирдин абалын чындап баамдай албады.
– Эмир, сен мага бир нерсе айта албай жүрөсүңбү?- деди бир күнү.
– Жок, экзамендерим оор болуп жатат, апа, камтама болбоңуз.
– Мени такыр карабай жооп берип жатасың... Кучактап мурункудай эркелебей да калдың.
Ажар мурункудай кучактай бермекчи болду эле, Эмир оолактата берди өзүнөн.
– Эмне болду сага?
Унчуккан жок. Ажар ого бетер суроолорду жаадыра баштады. Эмир жарылып кетти.
– Сүйлөшкүң келип жатабы? Макул, сүйлөшөлү. Мени кайдан таап багып алдың эле, апа?
– Эмне-е?
– Мен баарын билем. Өзүң айтып жатканыңды уктум. Ошондуктан танып кетем деп ойлобо. Келип сүрөттөрдү карадым. Мени багып алганыңар эч бир далилсиз эле белгилүү болду. Эми мага бардык чындыкты айт, апа.
Ажар эмне дээрин билбей калды. Көзү ымыр-чымыр болуп эле жалдырап уулун карап туруп берди. Калп айтканга да болбойт. Анда ого бетер жинденип кетет. Чындыкты айтканга дагы болбойт. Эмирдин теше караган көздөрүнөн кайда качарын билбей алдастады.
– Апа?
– ...
– Мен кимдин баласымын? Ата-энем ким?
– Мен сенин апаңмын, Эмир.
– Сен мага өзүң өмүр бою чындыкты айтканга үйрөттүң. Бирок мага эң чоң жалганды айтып жүрүпсүң. Эми чындыкты айта турган кез келди. Мени багып алдыңар беле?
– ...
– Ата-энем ким?
Ажар үн ката албады. Эмир жиндеп кетти, столду бир муштады.
– Менден дагы да болсо жашырам деп жатасыңбы?
– Атаң алып келген сени. Ата-энең ким экенин ал билсе билгендир, мен билген эмесмин. Азыр да билбейм.
– Калп айтып жатасың!
– Эмир, мен чындап билбейм, тогуз айлык болчусуң. Бир күнү эле кучагына салып келди. Эч нерсе сураба, мындан ары сенин балаң деди. Өзүң билесиң, мен атаңдан эч нерсе сурачу эмесмин. Өмүр бою сураган жокмун. Мага сен эле керек болчусуң. Ата-энең ким экенине кызыккан жокмун. Мен сага чындыкты айтып жатам, уулум.
– Хм, уулум. Бул сөз азыр кандай гана шылдыңдай угулат, билесиңби? Мен сенин уулуң эмес экенимди билгенде эмне болду, билесиңби? Өлгүм келди. Азыр да ошол абалдамын. Өтөр дедим, эч нерсе билбегендей, жашоомду мурункудай уланта берейин дедим. Бирок болбойт экен. Болбоду. Күндөн-күнгө болбой бара жатат. Мен кыйналып кеттим...
(Уландысы кийинки санда)