“Кыргыз жери”, “Өрүкзарга кетели” жана башка көптөгөн керемет обондордун автору Апаз Жайнаковду тааныбаган кыргыз аз болуш керек. Чыгармаларынын бири Баткендин гимнине айланса, экинчиси өлкөбүздүн гимнине тете деп бааланып, азыркыга чейин ырдалып жүрөт. Бул жолу чыгаан обончунун уулу Максатбек мырза менен баарлаштык. Каарманыбыз “үй-бүлөдө чыгармачылыкты алып кеткен атамдын жалгыз туягы менмин, калган бир туугандарым башка кесипти аркалашты” дейт.
“Эч качан бирөөнү калп кубандырба дечү”
– Биз үй-бүлөдө 4 бир тууганбыз, 3 уул, 1 кыз. Баарыбыздын кесибибиздин чыгармачылыкка тиешеси жок, мисалы, менин кесибим эсепчи-экономист. Бирок 2010-жылдан тарта Баткен драма театрында актёр болуп иштеп жүрөм. Атам “эч кимиңер менин жолумду улаган жоксуңар, эми неберелеримден ырга жакыны чыгып калар” деп калчу. Балким, атамдын ушул сөзү менин бул тармакка аралашып калышыма түрткү бердиби деп ойлоп калам. Атам жаш кезинде футболду жакшы ойночу экен. “Мектепте футболду жакшы ойноп, мыкты дарбазачы да болгом” дечү. Кичүү иним 1-классынан баштап, жогорку окуу жайды бүткүчө футбол ойноп жүрдү, бирок профессионалдык деңгээлде уланткан жок.
Атам өтө жумшак адам эле, бизге катуу айтып, какыс-кокус кылганы такыр эсимде жок. Жоро-жолдоштору “атаңдын жылмаюусу өзгөчө болчу” дешет, менин да балалык сезимимде анын такай жылмайып жүргөн жылуу күлкүсү калыптыр. Атамдын “бирөөнү капа кылба, жөнөкөй бол, эч качан бирөөнү калп кубандырба, кандай учур болбосун калп айтпай, чындыкты сүйлөп жүр” деген насаат создөрүн көп эстейм. Анын кыска өмүрү, өзү айткандай, төрт дөңгөлөк үстүндө өттү. Гастролдорго айлап, жылдап чыгып кетчү. Апам экөө 11 жылдай Бишкекте, кийин жумушунан Ошко которулуп, өмүрүнүн акыркы жылдарына чейин ошол жакта иштеп жүрдү. Мен Баткенде туугандардыкында жашайт элем.
“Ооруп, бир жылдай эч жерде иштеген жок”
– Атам өмүрүнүн акыркы жылдары боору катуу ооруп, бир жылдай эч жерде иштеген жок. Кант диабети менен да жабыркачу. Оору менен алышып жүрүп, 2013-жылдын 9-октябрында каза болду. 53 гана жашта эле... Аны жерге берген күнү аба ырайы да буркан-шаркан болуп бузулуп турду. Жакшы адам көз жумса тажиясында жаан жаайт деп коюшат го, биз жакшылыкка жоруп “атам бейишке чыксын” деп тилендик. Чынында, бейиштик киши эле. Коштошуу зыйнатында Баткендин борбордук аянтына аябай көп киши келди. “Кыргыз жери” деген атамдын чыгармасынын коштоосунда табытын көтөрүп баратышканда сай-сөөгүм сыздап, жан дүйнөм эңшерилип ыйлаганым азыркыга чейин эстен кетпейт.
“Баткен драма театрына атамдын ысымы ыйгарылды”
– Атамдын байлык-мансапка жулуна бербеген ток пейилдик мүнөзү бардык бир туугандарымда бар. Үйдө болгондо ойлонуп-толгонуп эле аккордеонун кыңылдатып түн оокумга чейин отура берер эле. Анан чыгарма жаратууда бир чыгарманын үстүнөн 2-3 ай эмес, 2-3 жылдап иштечү. Көңүлүнө жагып, чыгарма бышпаса кечке кайрыктарды издечү. “Ата, бул ырыңызды гимндей эле жаттап бүттүк, ырдап чыкпайсызбы эми” деп тамашалап калсак, “күүсүнө келип быша элек, балам, дагы жакшыртыш керек” деп коёр эле.
2006-жылдары Баткен облустук драма театры түптөлгөн, аталган маданият жайынын түптөлүшүнө атамдын салымы зор. Каза болгондон кийин кесиптештери, достору Маданият министрлигине кайрылуу жолдоп, өзү иштеген драма театрга ысымын ыйгартып беришти. Азыр мен дал ошол атамдын ысымын алып жүргөн драма театрда актёр болуп иштеп жатам. Атамдын ысымын сактоо максатында жыл сайын ар кандай маданий иш-чара, концерттерди уюштуруп турабыз. Жакында Баткенде ачыла турган жаңы мектепке да ысымы ыйгарылганы жатат.
“Чек ара чырында ок атышуулардын очогунда калгам”
– Өзүм 1989-жылы 22-апрелде төрөлгөм. Азыр 2 кыз, 1 уулдун атасымын. Жакында Молдо Нияз тууралуу тасмага тартылдым. Үй-бүлөдө чыгармачылыкта ата жолун улаган жалгыз мен болгондуктан бул тармакта көрүнүктүү ийгиликтерди багындыргым келет. Максаттарым, пландарым аябай көп. Бирок бирөөгө айтылган максат, пландар аткарылбай калышы мүмкүн, андыктан алар ишке ашкыча алдын ала айтпай турайын. 34 жашымдын дээрлик баарын Баткенде өткөрдүм, атам менен апам Бишкекте, Ошто жашаса деле, мен Баткенде туугандардыкында калып калчумун. Бизде бир эмес, эки жолу чек арада жаңжал болбодубу. 2021-жылдагы кол салууда согуштун очогу болгон Ак-Сай айылында калып калгам. Тааныштарымдан кабар алганы барган элем. Согуш күчөп, эки тараптуу атышуулар тынбай жатканда артка кайта албай калдым ошондо. Ок жамгырдай жаап, жаш балдар жаракат алышты, үйлөр өрттөндү. Кечинде ошол айылдык бир жигит баарыбызга жол көрсөтүп, жашыруун жолдор менен Рават айылына өтүп аман калганбыз. Атам Баткенинин мындай күлгө айланган айылдарын көрсө не бир жүрөк сыздаткан чыгармаларды жаратса керек эле.
Лунара Бекиева