42 жаштагы Индира Шейшекеева 2022-жылы ашказан рагына кабылып, элден жардам суроого аргасыз болгон. Бирок операциядан жакшы боло албай, үстүбүздөгү жылдын июль айында каза болуп калды. Учурда маркумдун бир туугандары менен күйөөсүнүн туугандары анын элден чогулган 1,5 миллион сомдой каражатын жана үйүн бөлүшө албай жаңжалдашып жатканын айтып жакындарынын бири редакциябызга кайрылды. Эки тарапка тең байланыштык. Маркумдун жолдошу “үй балдарыбызга калсын” десе, Индира айымдын апасы “кызым жашаган үйдү биз сатып бергенбиз, балдарына атасы үй салып берсин” деп жатат.
Эрмек Орозбаев, маркумдун күйөөсү: “Аялын карабай таштап кетти деген сөздөр жалган”
– Жубайым Индира Шейшекеева экөөбүздүн түтүн булатканыбызга быйыл 23 жыл болгон. Бул арада 6 балалуу болдук. 3 уул, 3 кызыбыз бар, улуусу 18, кичүүсү 7 жашта. Мындан эки жыл мурун жубайым экөөбүздүн ортобузда түшүнбөстүктөр болуп, мен “Индира, бири-бирибиздин баркыбызды билбей жатабыз, мен чет өлкөгө барып иштеп келейинчи” деп Орусияга кеткем. Эч кандай ажырашкан эмеспиз. Мени “аялы ооруганда карабай таштап кетти, башкага үйлөнүп алган, 2 баласы бар” деген сөздөр жалган. Орусияга кетсем да жубайым, балдарым менен тынбай сүйлөшүп турчумун. Ишенбесеңер балдарымдан сурагыла. Аялым былтыр күз айында ашказан рагына кабылганын билдик, ошондон бери такай чалып сүйлөшүп, жардам кылып тургам. Аялым элден жардам сурап кайрылганда “күйөөм менен ажырашкам, кабары жок кетти” деп бир аз жамандап коюптур. Балким, ичинде аялдык таарынычы болгондур, мен ошол күнү эле келип, өзүнө жолугуп “эмнеге антип айтып чыктың?” десем, “болору болду” деп койду. Бирок ажырашып, такыр эле мамилебизди үзгөн эмеспиз, андан кийин деле үйгө келип балдарыма жолугуп келип-кетип жүргөм. Элден аябай көп жардам түштү, азык-түлүк, үй оокаттарынан бери алып келишти, эсебине тынбай акча түшүп турган. Аялыма эл жардам бере электе балдарыбыз менен эле жашачу, акча түшө баштагандан тарта эжеси күйөөсү менен үйгө көчүп кирип алышты. Анткени элден түшкөн акчаны көзөмөлдөгүсү келишкен. Бир жолу аялыма жолукканда “Эрмек, элден 1,5 миллион сомго жакын акча чогулуп калды, ушуга бир бизнес ачып иштетип албайлыбы” деген эле. Мен макул болбой, “ал акчаны эл сенин дарыланууңа чогултуп берди, ошого иштет, балдарды өзүм багам курулушта иштесем да” дегем. Бирок, кызыктын баары аялым июль айында көз жумгандан кийин башталды. Жубайымдын туугандары биз жашаган үйдү талашып киришти.
“Кайнатам менен кайненем үйгө кирип жашап алды”
– Аялымдын кыркы чыккандан кийин анын бир туугандары, ата-энеси үйдүн эшигин талкалап кирип жашап алышты. Биринчи жолу келгенде кошуналар кууп чыгышкан, экинчи жолу түндө эшикти талкалап кирип алышыптыр. Азыр 16 жана 13 жаштагы кыздарым ошол тайларында. Аларды мага каршы тукуруп, курал катары колдонуп жатышат. Ал эми аялымдын банктык эсебиндеги акчалардын баарын тоңдуруп койгонбуз, балдар чоңойгондо өздөрүнө берилсин деп. Бирок электрондук капчыктарынын баары ошол туугандарында. Жеке мага үйүнүн да, акчасынын да кереги жок, баары балдарыма калса дейм. Тиги туугандары ошол балдардын ырыскысын талашып жатышат. Аска-Таш жаңы конушундагы үйүбүздү 2002-жылдары сатып алганбыз.
Үй электр энергиясына акча төлөнбөгөнү үчүн арестте турган экен. Эгер төлөнбөсө мамлекет алып коймок. Ошол учурда кайын журтум “светтин акчасын төлөп ушул үйдү алып калбайсыңарбы” деп сунуштаган. 100 миң сомдой карызы бар экен, биз аны төлөп, кийин 400 миң сомдой кайнене, кайнатама бөлүп төлөп кутулганбыз. Азыр аз көрүнгөнү менен, 2000-жылдары ал акчанын күчү бар эле. Негизи ал жер мамлекеттик токой чарбасына карачу, кийин менчикке өтүп кеткен. Аялым тирүүсүндө такай жанында жүргөн Чолпон деген аталаш тууганына “банктык эсебимдеги акчаны ата-энеме бер, үй балдарыма калсын, аны эч кимиси талашпасын” деп айтып кетиптир. Бирок ата-энеси, бир туугандары аны уккусу келбей жатышат. Үйүбүздүн документи мыйзам боюнча аялымдын атында. Жакында улуу балам 18ге толду, 2 айдан кийин мураскер катары катталат. Талап кылганым ушул, үйдү балама каттап беришсе. Учурда 4 балам менен эжемдин үйүндө жашап жатабыз. Ал эми депозиттеги акчаларды балдарым чоңойгондо 6га бөлүп алышабы, өздөрү чечсин.
Бермет Шейшекеева, маркумдун апасы: “Үйдү биз алып бергенбиз, күйөө балабыз ушунча жыл бекер жашаганына рахмат айтсын”
– Аска-Таш конушундагы үйдү жолдошум экөөбүз 1991-жылы сатып алганбыз. Менин 5 кызым, 2 эркек балам бар. Бирок Индира менен үчүнчү балам көз жумуп кете беришти (ыйлап). Кызымды өлүп калат деп такыр ойлогон жок элек. Биз эч кимдин үйүн талашкан жокпуз, ал үйдү каза болгон кызыма убактылуу жашап турганга бергенбиз. Күйөөсү менен ошол үйдө 16 жыл жашады. Кызыбыз батирлеп кыйналбасын дегенбиз. Күйөө балабыздын ата-энеси жок, көчөдө эле жүргөн жигит болчу. Кызым сүйөм-күйөм деп, кой десек болбой турмушка чыгып, андан аябай көп кордук көрдү. 6-7 жылдан бери чогуу жашабай жүрүшкөн, көрсө күйөөсү аягы жеңил неме экен, бирөө менен жүрүп кетип, ал аялдан да 1-2 балалуу болгонун кийин уктук. Ал аял Индиранын үйүнө чейин келип “Эрмектин башын бошотуп кой” деп ызы-чуу салып кеткен экен. Муну мага жакында эле улуу кызы айтты. Байкуш кызым мага эч нерсесин айтчу эмес, “апа, баары жакшы” деп койчу (ыйлап).
Үйдү күйөө балама бере албайм, балдарга бер деп жатат, балдарды өзү карайт имиш. Кызымды мынчалык кордобосо ал дагы жашайт эле. Анын көз жумганына күйөөсүнүн салымы бар. Ал эркек болуп үй салбаса, 6 баласын бакпай аялын сыздатса, эми өлгөндөн кийин келип балдарды, үйдү талашып жатса эмнеге ага үйдү берет экенмин? Ал үйдү салганга, оокат алганга бир пайыз да салымы жок, бир төшөнчөсү жок келип жашаган. Ошончо жыл бекер жашаганына рахмат айтсын. Кызым “апа, балдарым чоңойгуча жашап турайын, кийин чоңойгондо өзүбүз там алып чыгып кетебиз” дечү. Жерлер трансформация болуп документтештирүү иштери башталганда биз Кочкордо болуп, кызымдын атына үйдү каттатып койгон элек. Минтип өлүп каларын билген эмеспиз. Эми күйөө балабыз балдарым менен келип жашайм деп аны талашып жатат, мен аны жашатпайм. Эркекпи, аталык милдетин аткарып балдарына үй салып берсин, кайната, кайненесинен үй талашпай. Биздин берерге ашыкча дүнүйөбүз жок. Жолдошум кырсыктап буту баспай калган, аны дарылашыбыз керек.
Нурзат Шакирова, маркумдун кошунасы: “Үй балдарына калса деп жатабыз”
– Ыраматылык Индира эже менен 2009-жылдан бери тааныш элек. Курбу, кошуна болуп жашап, көп сырларын билчүмүн. Эже көзү тирүүсүндө балдарым чачырабай ушул үйдө жашап калса деп тилек кылчу. Анткени ооруп жүргөндө туугандары үйдүн документин сурап жүрүшкөн, ошондо күмөн санап “төркүнүм үйдүн документтерин сурап жатат, мен көз жумсам балдарымдан талашат окшойт” деп айтты эле. Көрсө, байкушум сезген тура. Биз кошуналары эч кимдин таламын талашпайбыз 6 бала бир үйдө жашасын деп эле атасын “опекун” катары кармап жатабыз. Жаман болсо да балдардын атасы, аялына кыянаттык кылса да, балдарына кылбайт деп ишенебиз. Индира эже экөө таарынышканга чейин Эрмек байке жакшы эле үй-бүлөсүн багып, карап келген. Акыркы 2 жылда аялын таштап кетип калганы чын. Бул тагдыр да, турмушта ар кандай нерсе болот, азыр ал кылганы үчүн өкүнүп турат.
Индира эже ооруганга чейин балдарын өзү бакчу, кийин операция болгондо 2 кызын эжеси алып кеткен, 2 баласын башка бир тууганы алып кеткен эле. Эже бир жолу "балдарым минтип ар кимдин колунда жүрсө кор болчудай, кыздарым ар кимдин баласынын кир-когун жууп кыйналыптыр. Бир тууганың болсо деле өзүңдөй эч ким карабайт экен” деп кейип жүргөн. Эже ооруп балдарды бага албай калганда элден жардам сурап кайрылып, бул үй-бүлөнү эл бакты. Бир туугандары Нарында болчу, эч кимисин деле көргөн эмеспиз. Тилегенибиз балдары жетим балдар үйүндө томсорбой, ушул үйдө жашап калышса дейбиз.
Лунара Бекиева