ЭМНЕГЕ АКЫЛДУУ АДАМДАР ЖАКЫР БОЛУШАТ?

“Элге кантип байыш керектигин үйрөткүдөй акылдуу болсоң, эмнеге өзүң кедейсиң?” деп суроо берген экен бир ишкер маектешине. Анын сыңарындай негедир билимдүү-илимдүү, акылдуу делген адамдардын байлыгы ашып-ташып кетпейт. Албетте, баары эле ошондой дегенден алыспыз. Жогорку интеллект байлыкка жетүүгө кантип бут тосору тууралуу маркетолог, ишкер Тимур Вершинин ой бөлүшөт.

1. Акылдуу адамдар көбүнчө иш баштаардан мурун аң-сезиминде ошол иштин каркасын курууга умтулушат. Алдын ала түзүлгөн план аларды ийгиликсиз кадамдардан коргойт деп эсептешет. Жогорку интеллекттүү адамдар өздөрү үчүн эң коопсуз жолду түзүү үчүн көп убакытты ойлонууга, пландаштырууга коротушат.
Бирок ийгиликсиздиктен качууга көңүл буруп жатып, иштин финансылык өсүшүнө чындап таасир эте турган идеяларды жаап салышат. Белгисиздик жана тобокелчилик акылдуу адамдардын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп коёт.

2. Бизнес дүйнөсүндө акылсыз же логикага жатпаган идеялар күтүлбөгөн, бирок кирешелүү натыйжаларды алып келиши толук ыктымал. Муну маркетологдор көптөн бери билишет. Маанилүү сюжеттик линияга ээ болгон, акылдуу жана кооз жарнамаларга караганда адамдардын аң-сезимине сыйбаган, абсурд, аябай жөнөкөй деп эсептелген кыска жарнамаларга көбүрөөк көңүл бурулат. Көп кароого ээ болгон товардын сатылуусу да жакшы. “Гениалдуулук жөнөкөйлүктү талап кылат” деп бекеринен айтылбайт. Акылдуу адамдар көбүнчө өздөрүнүн интеллекти менен сыймыктанышат жана керектөөчүлөрдүн интеллектуалдык деңгээлине түшүп, алар менен тил табышкылары келбейт. Соодада болсо эң башкысы ийкемдүүлүк керек.

3. Мындан тышкары акылдуу адамдар көбүнчө эң баалуу ресурсту – убакытты өткөрүп жиберишет. Рынок өзгөрүп, жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып жатканда, акылдуу адамдар изилдөө, сурамжылоо жана пландарды түзүүгө убакыт коротуп коюп отура беришет. Өздөрүн гений деп эсептебегендер, эмне болсо да бир Кудайдан деп туруп бир ишти баштап салышат. Ал учурда акылдуулар дагы эле эсеп-кысабын чыгарып, атаандашынын ийгилигин логикалык жактан түшүнүүгө аракет кылып жаткан болушат.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан