АСЕМ БУЮМДАРДАГЫ ЖАНЫБАРЛАР ЭМНЕНИ ТҮШҮНДҮРӨТ?

Айымдардын сулуулугуна сулуулук кошкон – бул албетте, асем буюмдар. Шакек, билерик, сөйкө, шуру сыяктуу аксессуарлардын айрымдарында ар кайсы жаныбарлардын келбети түшүрүлгөн. Ал жаныбарлардын ар бири өзгөчө мааниге ээ. Сизде ошондой асем буюм барбы? Маанисин билесизби? Билбесеңиз, бул макала сиз үчүн.

Көпөлөк

Көпөлөк – кайра жаралуунун, назиктиктин, сулуулуктун, жан дүйнөдөгү тынчтыктын, эркиндиктин символу. Романтикалык жаныбарды байыртан эле ар кайсы улут ар кандай мааниде кабыл алган. Батыш Европада жашаган кельттер көпөлөктү отко ошондой эле жан дүйнөнүн абалына салыштырышкан. Кытайлар өлбөстүктүн, кайра жаралуунун жана кубанычтын белгиси дешкен. Японияда эки бирдей көпөлөк көрсөң үй-бүлөлүк бакыт, ал эми ак көпөлөк көрсөң каза болгон жакыныңдын арбагы көпөлөккө айланган деп кабыл алышкан. Азыркы учурда япон айымдары көпөлөгү бар асем буюмдарды көп тагынышат. Алардын ою боюнча көпөлөк – жаштыкты, сулуулукту сактаганга жардам берет. Айрым өлкөлөрдө кош көпөлөк үй-бүлөлүк бакыт алып келет деп үйлөнүү үлпөт тойлорунда түгөйлөр абага кош көпөлөктү учурушат.

Ийнелик

Асем буюмдагы ийнелик – жалпысынан кайраттуулуктун, ийгиликтин белгиси дегенди түшүндүрөт. Бул жандык түшүрүлгөн аксессуарды сатып алгандар жеңил, активдүү, энергияга бай, өзүнө башкалардын көңүл буруусун бат эле тартып алган адамдар делет. Америкалык индейлер ийнеликти ылдамдыгы үчүн баалашкан. Ал эми япондор болсо кайраттуулуктун, эр жүрөктүүлүктүн, негизгиси ийгиликтин белгиси деп эсептеп, душмандар менен кармашардын алдында атайын ырымдап ийнеликтерди кармап келишкен. Зергерлер болсо бул маанини асем буюмдарга чегерип, ийнелик ээсине алдыга койгон максатына жетүүдө ийгилик алып келчү каражат болуп калган.

Эл кайда көчөт

Эл кайда көчөт – күндүн, жылуулуктун, мээримдин, коргоонун белгиси. Андыктан кичинекей, кооз жандык түшүрүлгөн асем буюмдарды жаш балдарга көп алып беришет. Айрым элдерде эл кайда көчөттү байыркы Күн кудайы менен салыштырышкан, андыктан мааниси да күнгө, жылуулукка байланып калган. Андан сырткары бул жаныбарды көзү ачык катары кабыл алып, канча өмүр жашы калганын, качан үйлүү болорун, түшүмү жакшы болобу, кыялына жетүүгө жардам бер сыяктуу толтура суроолор менен кайрылып турушкан. Эл кайда көчөт бар буюмдарды жаман көздөн, жаман сөздөн сактоочу тумар катары алышат.

Бал аары

Аары – эмгекчилдиктин, тартиптин, жан дүйнө тазалыгынын символу. Эгер кимдир бирөө кызматтык тепкичтен көтөрүлгүсү келсе, аарысы бар асем буюм сатып алып, аны дайыма тагынып жүрсө максаты ишке ашат дешет. Египетте бал аары берилгендиктин жана кайраттуулуктун белгиси делет. Өзүнө ишенбегендерге аары түрүндөгү зер буюмдар жардам берет. Анткени аары күн сайын талыкпай ар кандай гүлдөрдөн бал чогултууга учуп чыгат. Кайсы гүлдөн көп, кайсыдан аз нектар чогултарын билет. Адам да талыкпай эмгектене берсе тажрыйба топтоп, иштин көзүн таап кетет. Аары түрүндөгү сөйкө, кулон же билерик маанилүү жолугушуу учурундагы толкундануу менен күрөшүүгө көмөкчү болот.

Жылан

Жылан – акылмандыктын, күчтүн, түбөлүк жашоонун, чексиздиктин белгиси. Аталышы эле сүрдүү угулган бул жаныбар терисин өзгөртүүчү жандык катары байыркы элдерде жашоонун өзүн, жаңыланууну, калыбына келүүнү, айыгууну чагылдырган. Жыланда аялдарга тиешелүү сезимталдык, амалкөйлүк, күтүлбөгөндүк, табышмактуулук сапаттар бар деп эсептешет. Андыктан айымдарды жылан менен салыштыруу бекеринен келип чыккан эмес. Байыркы гректер жердин түшүмдүүлүгүнө, адамдардын саламаттыгына жооп берген Кудайларды жыландын келбетине окшоштурушкан. Бир карасаң тынч, коопсуз жаныбар, ошол эле учурда өзүнө катылгандын катыгын берип коюуга алы жеткен күчү, уусу бар. Ошон үчүн бул сойлоп жүрүүчүнү жырткыч катары кабыл алып, жактырбагандар да бар. Эки тараптуу маанини түшүндүргөн жыланы бар асем буюмдарды өзүнө ишенген гана айымдар тандашат.

Жөргөмүш

Жөргөмүш – байлыктын, ийгиликтин белгиси. Байыртан жөргөмүштөрдү байлык, ийгилик, жакшы кабар менен байланыштырып, аларды өлтүрүү жаман жышаан катары кабыл алынган. Жөргөмүш желе аркылуу жерге түшүп келе жатса – кудай ырыскы берет, тагдырдын белеги деп ага тоскоол болушкан эмес. Асем буюмдарда чагылдырылган жөргөмүштүн дагы бир мааниси бар. Айымдар “торуна түшкөн адам чыга албайт” деп сүйүү мамилесин бекемдөө үчүн да жөргөмүшү бар аксессуарларды тагынышат.

Канаттуулар

Асем буюмдарда канаттуулардын бир нече түрү колдонулат. Мисалы, көгүчкөн, ак куу, калибри, турна жана башка. Ар биринин өзүнчө мааниси бар. Биз жалпы маанисин кыскартып бергенге аракет кылдык.

Канаттуулар – жалпысынан эркиндиктин, тазалыктын, гармониянын, кыялдын, үмүттүн символу. Чымчыгы бар асем буюм айымдарды назик, жеңил көрсөтүп, романтикалык маанай тартуулайт. Мындай зер буюмдар көбүнчө бойдоктордун тандоосуна ээ болот.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан