Элдияр Мадаким көп кырдуу талант, монтажёр, режиссёр, сценарист, продюсер жана сүрөтчү. Учурда “Айтыш фильм” киностудиясын жетектеп келаткан каарманыбыз “эгер кино тармагына союз учурундагыдай көп каражат бөлүнсө далай жолу дүңгүрөмөкпүз” дейт. Кино тартуу, анын түйшүгү жана ырахаты жаатында пикир алыштык.
– Элдияр, саламатсызбы? Тасма талаасында жүргөнүңүзгө канча жыл болду?
– 14 жылдан бери кино тармагында топтоочу режиссёр болуп иштейм. Башында сүрөтчү катары иштеп, кийин монтаждан чыкпай калдым. Монтаж – кинематографиялык тилдин маанилүү бөлүгү болгон чыгармачыл жана техникалык процесс. Бул мозаика сыяктуу, ар бир кадр өз ордун табышы керек. Менин оюмча, монтаж фильмдин тагдырын аныктайт, кээде бир туура тандалган кадр бүтүндөй тасманы “көтөрүп” кетет. Бул кино жаратуучулар үчүн абдан кызыктуу, чыгармачыл эргүү.
– Баланын кийин ким болору кичинесинен эле байкалат экен го, сизди бала кезде эмне кызыктырчу?
– Эс тарткандан эле сүрөт тартам, чоңойгондо сүрөтчү болом дечүмүн. Чоң энемдин колунда өскөм, мага альбом алып берери менен толуп калчу. Ушунчалык берилип тартчумун сыртта кеч кирип, малдар каралбай калчу. 9-классты бүткөндөн кийин 2003-жылы Абдырахман Маматалиев абам Бишкекке алып келип, сүрөт окуу жайына тапшыртты. Ага ыраазымын, анткени тагдырымды өзгөрткөн, туура багыт берген эң маанилүү адам ошол. Сүрөт окуу жайындагы агайым Замир Илипов биринчи ирет “Кыргызфильм” киностудиясына алып келген. Ал жерден Айбек Дайырбеков менен таанышып, “Оймо” студиясында, андан кийин Эрнест Абдыжапаровдун “SЕА” студиясында иштеп, кино тармагына аралаштым. Азыр Садык Шер-Нияз негиздеген “Айтыш фильм” киностудиясын жетектейм.
– Көп тасмада иштепсиз, эмгектериңизди санап көрдүңүз беле?
– Монтажёр, колорист, сүрөтчү катары эмгектерим 170тен ашат болуш керек. Режиссёр катары дебюттук кыскаметраждуу тасмам “Сальвадор Дали” болду. Эми, буюрса, жазуучу Кубатбек Жусубалиевдин “Күн автопортретин тартып бүтө элек” чыгармасын толук метраждуу тасма кылып тартайын деп жатам.
– Кыргыздын “Оскары” атыккан “Ак илбирс” киносыйлыгын 7 жолу алгансыз, мындан башка да сыйлыктарыңыз көп экен. Сыйлыкты көп алгандарга бизде кандай артыкчылыктар бар?
– Туура айттыңыз, “Ак илбирс” улуттук кино сыйлыгын 7 жолу алганым үчүн “Манас” кинотеатрынын астындагы “Даңк аллеясына” кол тамгам, кол изим басылды. Ал жерде ата мекендик жана дүйнөлүк кинонун өнүгүшүнө зор салым кошкон улуу адамдардын изи бар. Алардын катарында туруу мен үчүн сыймык. Негизинен сыйлыктар шыктандырат, дем, түрткү берет, бирок тасма сыйлык алыш үчүн тартылбайт.
– Монтажёрдук кесипти үйрөнүү, алып кетүү кыйынбы?
– Кинону түшүнгөн адам бул кесипти өздөштүрө алат. Албетте, адам таланттуу жана сабырдуу болуусу зарыл. Эң негизгиси – ой жүгүртүүсү жана элестетүү жөндөмү (фантазиясы) күчтүү болуш керек. Монтажёрлукту окуткан атайын окуулар деле жок. Кыргыз-Түрк “Манас”, Маданият жана искусство, Борбор Азиядагы Америка университеттеринде кино бөлүмдөрү бар, ошол жактан окуса болот. Учурда “Манас” университетинде монтажга кызыккан студенттерди окутуп, үйрөтүп келем.
– Киного каарман тандоодо актёр, актрисалардын мүнөзү, адамдык сапаттары да эске алынабы же таланттуу болсо жетиштүүбү?
– Көп учурда адамгерчилигине да, жеке мамилесине да жараша болот. Анткени кулк-мүнөзү жакшы адамдар менен иштешүү жеңил. Андайлар жоопкерчиликтүү да болушат.
– Азыр эл кинотеатрга комедиялык, жеңил-желпи тасмаларды көрүүгө көп барууда. Кино жаратуучулардын бир бөлүгү элдин табитине жараша коммерциялык тасма тартууга ыктап кетишти. Айтылуу “кыргыз кереметин” кайталоо мүмкүнбү же ал доор өттү-кеттиби?
– Туура айтасыз, жеңил-желпи тасмаларга эл көп барат. Албетте, жакшы тасмалар жок эмес, тарбиялык маанини камтыган фильмдер деле бар. Мисалы, Руслан Акун, Бакыт Осмонкановдун тасмаларынын тарбиялык мааниси терең. Айбек Дайырбековдун “Дарак ыры” мюзикл жанрындагы тасмасын көрүп чыккан көрүүчүлөр “ырларын алып салса сонун кино болмок экен” дешти, демек, биздин көрүүчүлөр мындай кинолорго даяр эмес. Ошондуктан азыр көбүнчө эки багытта кино тартылат, коммерциялык жана автордук багыт. “Кыргыз керемети” боюнча айтсак, эгер кино тармагына Союз учурундагыдай көп каражат бөлүнсө, далай жолу дүңгүрөмөкпүз, ага карабастан азыркы режиссёрлорубуз аракет кылып жатышат.
– Кино тартуу учурундагы кызыктуу окуялардан айтып берсеңиз...
– “Курманжан Датка” тасмасы тартылып бүткөндө 3 жыл монтаждадык. “Черновой” варианты монтаждалып бүтүп калганда Жылдызкан Жолдошева бир топ белдүү адабиятчы, жазуучу, тарыхчы айымдар менен келип тасманы көрмөй болду. Кинодо Курманжан датка баласын куткарып алуу үчүн орус генералына чөгөлөп жыгылган эпизод бар болчу. Аны көргөн Жылдызкан эже жиндене түштү. “Тарыхта мындай болгон эмес, эмнеге чөгөлөтөсүң?!” деди эле, ага Садык байке каршы чыкты. Жылдызкан эже да артка кайтпаган жолборс мүнөз айым экен, экөө тирешип, сөздөн-сөз чыгып отуруп, катуу уруша кетишти. Фильмди көргөнү келген айымдар дагы Жылдызкан эжеге кошулуп, тасманы сындап киришти. Садык байке жини менен катуу кыйкырып туруп столду бир койду эле, столдун үстүндө турган айнектен жасалган оор “пепельница” шыпты көздөй учуп, ичиндегиси жерге жайылып калды. Экөө тирешип, мушташып кетчүдөй абалда турушту. Жылдызкан Жолдошова унаасына отуруп жөнөп кеткиче урушканын койгон жок, ал кеткенден кийин Садык байкенин да ачуусу көпкө тарабай жатты. Бирок ошол эпизодду кийин Садык байке киного коштурбай алып салган. Аял кишинин албууттанганын, Садык байкенин ачууланганын ошондо биринчи жолу көрдүм.
Лунара Бекиева