Бул ирет ырчы Дайыр Исмадияров жылдыздардын суроолоруна жооп берди. Ким кандай суроо узатып, кандай жооп алды, кызыкпы? Анда кеттик.
Гүлназ Чыныбек кызы, ырчы:
– Эмнеси жок бир күн да жашай албайсыз?
– Аба, суу, жакын адамдарым тууралуу айтпай деле койсом болот. Суроо башка нукта берилди болуш керек. Менимче, телефонум жок жашай албайм. Азыр баары эле телефону жок жашай албайт болуш керек. Ушул суроону берген адам дагы.
– Мүмкүнчүлүк болсо өткөн жашооңуздан эмнени өзгөртмөксүз?
– Эч нерсени. Себеби башымдан өткөн жакшы-жаман окуялар мени ушул деңгээлге жеткирди. Өзгөртүп койсом азыркы баалуулуктарымды жоготуп коюшум мүмкүн. Айтарым, өткөн чакты баалай билгиле. Өзгөртөм деп аттиң кылгандар, силерде бир нерсени өзгөртүү үчүн келечек алдыда.
– Өзүңүзгө жакпаган кайсы адатыңыздан арылгыңыз келет?
– Негизи жаман адат деп тамеки чегүү же дайыма кечигүү сыяктуу жаман адаттар айтылат. А мен ишенчээктик адатымдан арылсам сонун болмок беле деп ойлоном.
Аваз Акимов, ырчы:
– Мени биринчи көргөндө өзгөндүк болуп туруп эмнеге тааныбай кодуңуз эле? Атайын концертиңизге барып берсем таанымаксанга салып койгонсуз...
– Эми ал учур жакшы эсимде жок. Эл катары жылдыз оорусу менен оорусам керек да, тамаша. Ал кезде концертиме кайсы ырчылар келерин продюсерим карачу. Менин ишим жок эле. Кээде мен тааныбаган ырчылар концертимде ырдашчу, алар менен учурашып эле койчубуз. Аваз, сени да продюсерим чакырган окшойт. Ошого көңүл кош мамиле кылсам керек да. Менин коногум болсоң, башкача тосуп алмакмын. Анын үстүнө ал кезде өзгөндүк экениңди билчү эмесмин (күлүп).
– Бир маегиңизде “Аваз мени көрө албайт” дегенсиз. Мен сизди эмнеге көрө албайм?
– “Шоу-бизнесте тынымы жок катуу иштеп жаткандарды, акем болсоңуз да сиздин иштеп жатканыңызды да көрө албайм” деп өзүң айтпадың беле (күлүп). Шоу-бизнесте ким кимди көрө албайт, жакшы билебиз да. Мен ошолордун абийирин ачпай экөөбүздү мисал кылгам.
– Дайыма жаш көрүнүүңүздүн сыры эмнеде?
– Өзүмдүн жашыма туура эле көрүнөм деп ойлойм. Кудай буюрса, жүздөн ашам деп ниет кылып койгом. Андыктан жарым өмүрүмдү да жашай элекмин. 10 гүлүмдүн бир гүлү ачылган кез. Мен атамдын 60ка жакындаганда көргөн уулумун. Демек, атанын уулу болушум керек.
Ирлан Таалайбеков, ырчы:
– Тиктоктон айына канча миң доллар таап жатасың?
– Азыр Тиктокко киргенге убактым жок. Бирок жаз айларында айына 3000-6000 долларга чейин киреше түшүп турчу.
– 20 жылдыкка барганда биринчи сүйүүң келдиби?
– Биринчиси келбеди, экинчи сүйүүм келди. Бирок анча деле сүйүүбүздү эстебедик. Анын үстүнө күйөөсү кызганчаак экен. Эртең менен линейкага катышты, кечинде ресторанга келбеди.
Айнура Салахидинова, ырчы:
– Аарынын ийнеси ачуу да, балы таттуу. Аялзатынын эмнеси ачуу да, эмнеси таттуу?
– Аялдын тили өтө ачуу. Аялзаты ушундай жан экен, ойлонбой эле сүйлөп алат. Ошол сөз жүрөгүңө канчалык катуу тиерин ойлошпойт. Ал эми эркелегени, жүрөгүңдү жылыта бир нерсе кылганы, жылмайганы таттуу. (Ред.: Айнура Салахидинованын жообу: Аялзатынын тили ачуу, баласы таттуу).
– Короз эмнеге өзүн кыйын сезет?
– Аны тооктордон сурап көрүш керек го.
(Ред.: Айнура Салахидинованын жообу: Анткени анын кайын энеси жок).
– Өрдөк кайсы буту менен сууга кирет да, кайсы буту менен суудан чыгат?
– Кургак буту менен кирип, суу буту менен чыгат.
Сагын Эргешов, ырчы:
– Мурунку гүлдөп, жанып турган Дайыр эмнеге азыр башкача?
– Үкөм, ордума силерге окшогон жаштар келбедиби. Бирок күйөрмандарымдын көзү менен карасаң ошол маалдагыдай эле жанып турам. Менин курагыма жеткенде сен мендей болуп турсаң сүйүнөм, өчүп калбай.
– Кыргызчылык деп коёбуз го, табыптарга барып көрдүңүз беле?
– Кичинемде иттен же башкадан коркуп калганымда апам кемпирлерге алып барып жүрөк көтөртчү. Өзүм барып көргөн эмесмин. Кудай буюрса, аяш энеме, сенин апаңа барып түшүп кеткен нерсенин баарын көтөртпөсөк болбойт (күлүп).
– Популярдуу боло элегиңизде апаңызга берген баалуу белегиңиз эмне болгон?
– Популярдуу болгонго чейин апама берген баалуу белектердин бири – Бишкекке окууга келип, биринчи жолу 210 сом стипендия алганда аны почтадан апама салып жибергем. Ошол баалуу белек деп ойлойм. Андан тышкары, кичинемде апамдын туулган күнү болгон сайын малина терип келип, аларды нандын үстүнө сайып торт кылып бере берчүмүн.
Айнура Сагынбаева, косметолог:
– Аялзатынын эмнесин баалайсыз?
– Назиктигин, жөнөкөйлүгүн, кабагы жарык болуп жүргөнүн, коломтонун отун өчүрбөй тыкыйтып башкара билүүсүн баалайм. Заар чачып кайым айтышпай эле, жылуу-жумшак сүйлөп, жылмайып бүт иштерди бүтүрсө болот. Заар тилдүү, ойлонбой сүйлөп алган, өзүн карабаган аялдарды баалабайм.
– Аялдын кандай кемчилигин кечирбейсиз?
– Бир эле нерсесин кечирбейм, көзгө чөп салганын. Калганынын баарын кечирсе болот.
Перизат Музуратбекова