Бул айылдын эгемендүү Кыргыз тарыхында орду өзгөчө. Эркиндик, адилеттик, өлкө бүтүндүгү деп алгачкылардан болуп авторитардык бийликке каршы күрөшкө чыккан баатыр эл дал ушул айылда жашайт. Эсиңизге салсак, 2002-жылы Үзөңгү-Кууш Кытайга берилип кетерде, Жогорку Кеңешке шайлаган депутатын бийлик негизсиз камап койгондо бул айылдын жашоочулары түп көтөрүлө пикет, митингге чыгып, саясий акцияларды уюштуруп, жөө жүрүш жасап, ал толкундоо айтылуу Аксы окуясы менен коштолуп, аягы Акаевдин бийлигин тактыдан кулатуу менен бүткөн. Бара-бара өлкөдө демократиялык процесстер кескин жанданып, элдин өз укугу үчүн күрөшү активдешкен. Кара-Суунун кире беришине “Кыргыз ыңкылаптарынын башаты болгон айылга кош келиңиз” деп жазылып турганы ушундан улам.
Аталышы – Кара-Суу айыл өкмөтү
Жайгашкан орду – Жалал-Абад облусу, Аксы району. Район борборунан 60-67 чакырым алыста жайгашкан. Айыл өкмөттүн курамында Кызыл-Көл, Жүзүмжан, Кожо-Ата, Кез-Арт жана башка айылдар бар.
Кожолуктун (түтүн) саны – 1 миң 504
Элдин саны – 8 миң 804
Аймакта – кара өрүк, жаңгак көп өсөт, бал аары багуу жакшы өнүккөн
Баялы Саркулов, эколог: “Кара-Камыш көлү туристтерди кызыктырат”
– Менин кичи мекеним – Кызыл-Көл айылы. Айылыбыз Аркыт токой чарбасынын ичинен орун алган. Айылдан жогору жакта Кызыл-Көл деген көл бар. Эл мурун ошол жакта жашаган. Топурак, чопо кызыл болгондуктан көл кызыл көрүнөт, аталышы ошондон коюлган дешет. Эл 1960-жылы азыркы орунга көчүрүлүп келинген.
Кара-Суу айыл өкмөтүнүн аймагында Кара-Камыш көлү жайгашкан. Андан агып чыккан суу тоодон ылдый шаркыратма болуп түшөт. Кооздугу кызыктырып, акыркы жылдары Кара-Камышты көрүүгө келген туристтердин саны көбөйүүдө. Жайкысын көлдү өрдөк, чулдук, илек-илек сыяктуулар байырлайт. Көлдүн тегерегинде пихта, алтын тамыр, кийик от, уулжан, бөрү карагат, ак чечек, четин, жапайы алмалар, шилби, тобулгу, жылгын жана башкалар өсөт. Тоолорун кийик, доңуз, аюу, суусар, кашкулак, бүркүт, ителги, улар, булбул жана башкалар байырлашат.
Жапайы жүзүм Кара-Суу, Кожо-Ата айыл аймактарында жолугат.
Абдыбек Жээнтаев, Кара-Суу айылынын тургуну: “Илгерки аты Кер-Тобулгу”
– Улуулардан укканым боюнча, Кара-Суу аталышы кийин пайда болгон. Ага чейинки аты Кер-Тобулгу болуптур. Айылдын күнгөй бет тарабында тобулгу көп өскөндүктөн ошондой аталчу экен. 1930-жылдары колхоз уюшулганда атын өзгөртүп, Кара-Суу коюшат. Айылды аралап аккан дарыя жазында суу кирген кезде күрпүлдөп, карарып, киргилт болуп агат. Балким, айылдын атын ошого карап коюшкандыр. Айылдан чыккан атактуулар тууралуу айтсак, айтылуу “Сынган кылыч” романындагы Шералы хандын аялы Жаркынайым кара-суулук болот. Баргы уруусунан чыккан Токтоназар датканын кызы болгон. Кудаяр хандын тушунда Токтоназардын Кедейбай деген уулу Наманган аймагын бийлеп турган. Кедейбайдын уулу Дөөлөталы Совет өкмөтү түзүлгөнгө чейин Аксы элинин бийи болгон. Негизи айылыбыздан чыккан чыгаан инсандар көп. Айылда саруу уруусунан тараган ай тамга, кашка таман,андан тышкары жээнбай, жол жакшы, баргы жана башкалардын урпактары жашап келишет.
Таабалды Тилекбаев, Кара-Суу айылынын тургуну:“Жеңижоктун үйүнүн ордуна мектеп салынган”
– Биздин айылда төкмө акын Жеңижок жашап өткөн. Ал ала оорусунун айынан Таластан Аксыга, таякелери тарапка качып келет. Келип Садыр дегендин колунда туруп калат. Садырдын энеси Айыке таластык болгондуктан Жеңижокту бала тутат. Далычы деген табыпка алпарып, айыктырып бер дейт. Табып Жеңижоктун тамырын кармап көрүп “сени 3 жылда айыктырам. Менин айткандарымдын бир жерин туура эмес кылсаң айыкпай каласың” дейт. Ошентип ага 3 жыл кара жарма (катыгы жок) ичирет. 3 жылдан кийин “эми 3 жыл туу калган көк бээ таап кел” дейт. Таап барганда бээни союп, ысык териге Жеңижокту жылаңачтап оройт. Ошондо Жеңижок теринин ичинде ары-бери туйлап, моюнунун бир жери териге жакшы тийбей калат. Ошол тийбей калган жериндеги кичине аласы кетпей калат. Калганы толук айыккан.
Жеңижок бир тууган иниси Болотайды кийин Кара-Сууга көчүрүп келген. Өзүнүн баласы болбогондуктан инисинин кызын багып алган. Ошол кыз кийин турмушка чыгып 1 уул, 2 кыздуу болот. Баласынын урпактары Майлы-Сууда, 1 кызынын урпактары Аксынын Кызыл-Көл айылында жашашат. Жеңижок каза болгондо сөөгү ушул айылга коюлган. Анын там-ташы, багы жайгашкан жерге кийин мектеп салынып, Жеңижок мектеби аталган.
Баса, кадимки Токтогул Сатылганов Сибирден келгенден кийин кайра куугунтукка кабылып, биздин Кара-Сууга келип 1 жылдай жашап кеткен. Аялы төрөбөй жүргөндүктөн экөө Баба-Ата деген ыйык жерге сыйынып, ошондон кийин бала көрүшүп, атын Бабажан коюшкан.
Кудайберди Тоялиев, Кара-Суу айылынын башчысы: “Айылда эчки баккандар көп”
– Айыл эли негизинен мал чарбачылыгы менен алектенет. Айылда иш жок, жаштардын көбү сыртта иштешет. Сугат жер да тартыш, бак тиккенге, жүгөрү, беде айдаганга гана азыраак жерибиз бар. Эчки, анын ичинде тыбыттуу эчки көп багылат. Тоолуу айыл болгондуктан эчки бакканга ыңгайлуу. Анын тыбытын тарап сатышат. Бир эчкиден 1 килограммга чейин тыбыт алынат. Мурун 1 килограмм тыбыт 3000 сомго чейин сатылчу, быйыл 2300-2400 сомдун тегерегинде болуп жатат. Огородго жаңгак, алма, кайналы жана башкаларды тигебиз.
Айылда Жеңижоктун музейи бар. Анда акындын колдонгон буюмдары, атына токуган тердиги жана ошол убактагы элдин колдонгон буюмдары коюлган.
Кара-Суудан чыккан айрым белгилүүлөр
Ташманбет Кененсариев – тарыхчы
Асанбай Жусупбеков – акын
Азимбек Бекназаров – саясатчы, мурдагы башкы прокурор
Гүлжайна Атаканова – куудул
Ишен Назаров – ырчы
Канымжан Усупбекова