- Сен үчүн болду ушунун баары! Аялдардын артынан аңдыбай дүкөнгө көңүл буруп иштесең мындай болбойт болчу!
- Мейли мен иштебептирмин. Сен эмнени карап жүрдүң?
Бул түнү дагы атам менен апамдын кыйкырык, урушунан ойгондум. Экөө бири-бирине болгон жаман сөздөрдү айтып жатышат. Алар соода менен алектенишет, дүкөн иштетебиз. Жакында банкрот болуп калдык. Ошондон бери үйдөгү чыр-чатак күчөдү. Экөө бирин-бири күнөөлөп бүтпөй коюшту. Менин жашоодогу эң чоң тилегим – үйдөгү тынчтык. Күндө, таң атканда, кеч киргенде, дегеле, эсиме келген сайын үйдө уруш токтосо экен деп тилейм. Кудайдан ыйлап суранган күндөрүм да болот. Бирок тилегим кабыл боло элек. Күнүм да, түнүм да качан атам менен апам урушуп кетер экен деген коркуу менен өтөт. Кээде колдоруна тийген нерсенин баарын талкалап урушушат, сөгүнүшөт, болушунча бири-биринин жүрөгүн ооруткан катуу сөздөрдү айтышат. Бир жолу урушуп кеткенде атам мас болчу. Колуна бычак алып апамдын моюнуна такап коркутканы эсимде. Эжем, эки иним болуп турган жерибизден жыла албай, эмне кыларыбызды билбей нес болуп калдык. Ошондон кийин жаңы тили чыгып келе жаткан иним такыр эле сүйлөбөй калды. Мындай учур кайталанбаса экен, аягы жаман бүтпөсө экен деген коркунуч жашайт ичимде. Ошол окуядан кийин атам мас болуп келерин билсем, бычактардын баарын катып койчу болдум. Ушулар урушуп кетпесин деп айтканынын баарын чуркап аткарып турам.
Экөө мен эс тартканы урушуп жашап келе жатышат. Буга чейин чырдын башаты атам сүйлөшкөн аялдар болчу. Атам кээде апам жокто үйгө чейин башка аялдарды ээрчитип келчү. Апам кээде башка жактардан атамды мас абалында алып келчү, анан үйдө эртеден-кечке чатак болот. Чатакташканда балдарын көзгө илбей калышат. Анан экөө тең ачуусун бизден чыгарышат. Азыркы башкы маселебиз - карыздарыбыз, акчанын жетишсиздиги. Карыздарды жабууга аз да болсо көмөк болсун деп мени Бишкекке иштегенге жөнөтүп жатышат. Бала багуучунун жумушу табылды. Эжем экөөбүз эки инибизди кичине кезинен бактык. Анткени атам менен апам дүкөндүн иштери менен көбүрөөк алек болушчу. Андыктан бала бакканды билем. Бала бакканды гана эмес, бардык эле жумуштарды кыла алам.
- Ооба, эртең таксиге салып жиберем. Тосуп аласыңар да. Бардык жумушту кылат. Кээде жалкоолугу кармап кылбай жатса же туура эмес кылса уруш. Уруша бер, мен уруксат берем,- деди апам жумуш берүүчү менен телефондон сүйлөшүп жатып. Дайыма ушундай, өздөрү өлөрчө урушканы аз келгенсип, башкалардын да чеңгелине салып беришмекчи. Каникулдарда кээде үй жумуштарына жардам берсин деп туугандардыкына жөнөтүп коюшчу. Курбуларым эс алуучу жайларга, туугандарыныкына да эс алуу үчүн барса, мен жумуш кылыш үчүн барчумун. Аларга да апам “укпаса уруш” деп айтып турчу. Ишим жакпай калса кол көтөргөндөрү да болду...
Үйдө эртеден кечке чейин жумуш кылам. Кээде түнкүсүн да дүкөндүн жумуштарын жасайм деп уктабай калам. Мектепке бир жума барсам, бир жума барбайм. Эми карыздарды жапканга көмөктөшөм деп мектебимди таштап иштегени кетип жатам. Сентябрда 9-класстын босогосун атташым керек болчу. Элдин балдарынын катарында сабактарды токтотпой барып окугум келет. Ушул жылы сабактарыма көбүрөөк көңүл бурам деп ойлоп жүргөм ичимден. Бирок менин каалоом менен эсептешейин деген киши жок. Бул чечимдерде менин оюм такыр суралган жок. Коркконумдан эч нерсе дебей баарына макул болуп кеткени жатам. Ал жакка кеткенде атам менен апамдын урушунан кутуларымды эстегенде гана кубанам. Бирок ушинтип жумушту ашыкча жүктөй бергендери, окуумду ойлобогондору, анан бирөөлөргө жакшы көрүнөбүз деп мени курмандыкка чала бергендери жакпайт. Бишкекте мени кандай жашоо күтүп турат, ким билет?...
Айзирек