Арген Биймырза уулу, төкмө: “БААРЫ НУРАЙЫМ КӨНДҮБҮ ДЕП СУРАЙ БЕРИШЕТ”

Улам дүбүртү катуулап, төкмө акындыктын даңгыр жолунда келаткан дагы бир талантты тааныштырабыз. Арген Биймырза уулун көпчүлүк сахналашы Нурайым Бактияр кызы менен “кыз-жигит айтышынан” улам жакшы тааныйт. Сөз баккан, сөздүн кадырын билген Арген мырза менен маек кызыктуу болду.

Төкмө тууралуу

Туулган жылы, күнү: 1998-жыл, 21-ноябрь

Туулган жери: Талас облусу, Бакай-Ата району, Кең-Арал айылы

Билими: Юридикалык академиянын тергөө-криминалистика факультетин бүтүргөн. Учурда Улуттук консерваториянын Элдик ырдоо бөлүмүнүн студенти.

Үй-бүлөлүк абалы: бойдок

– Арген мырза, Кең-Аралда өткөн балачак тууралуу кеп кылбайлыбы...

– Жакшы болот. Биздин үй-бүлө мал кармап, жер иштетип оокат кылабыз. Андыктан кичине кезимде Азиз агам (ред.: манасчы Азиз Биймырза уулу) экөөбүз кой кайтарчубуз, талаа жумуштарына чыкчубуз. Мектепте тентек болчумун. Азыр чогулуп сүйлөшүп калсак, классташтарым жоруктарымды айтып күлүп калышат. Кыздарга көбүрөөк тийишчүмүн. Класс жетекчим аяш апам болчу, мектептеги жоруктарым үйгө түз жетип турчу. Үйгө келсем апам “тынч жүрбөйсүңбү” деп калар эле. Кыргыз тили жана адабиятынан Гүлдаркан деген эже сабак берчү. Башка сабактарды качан бүтөт деп шашсак, кыргыз адабиятынан кантип 45 мүнөт өтүп кеткенин билбей калчубуз. Эженин баяндап берүүсү, сабак өтүү ыкмасы башкача болчу, баарыбыз тынч отуруп, муюп укчубуз. Ушул сабактарга жакын болчумун.

– “Чымындар” качан байкала баштады анан?

– Бала кезде эле байкала баштаган. Агам экөөбүз бири-бирибизге тамашалап тийишип уйкашканын уйкаштырып, уйкашпаганын кара сөз менен айтыша берчүбүз. Чоң атам “булар ошол кезде эле айтышып баарыбызды күлдүрүп калышчу” деп калат. Акын болсом деп кызыкчумун, максатым бийик болчу. Чоң ата-чоң энем да айтышка аябай кызыгышчу. Алардын колунда өсүп калгандыктан ошол кишилердин өнөрдү сүйүп, күндө айтыш көргөнү, залкарларды баалагандыгы таасир берди өңдөнөт. 2014-жылы Токтогул Сатылгановдун 150 жылдыгына карата айтыш болгон, ошондо Элмирбек Иманалиевден сабак алсам деп дем байлап калдым. Ал жылы шаарга жаңы келгем. Ошол дем менен “Айтыш” фондго барсам, устатым Элмирбек Иманалиев ырдатып көрүп “жакшы ырдайт экенсиң, дайыма сабактарга келип тур” деген. Ошондон тарта “Айтышка” каттап, устатымдын этегине эрмешип, жакасына жармашып шакирт болуп, батасын, таалимин алып көзү өткөнгө чейин жанында жүрдүм.

– Алгачкы айтышыңыз, элдин сүрү, колдоосу жөнүндө сурагым келди...

– Ошол жылы “Төкмө келсе төр бошот” долбоору башталды. Ал аркылуу “Элмирбектин шакирттери” деп эл бизди таанып калышты. Кийин Изат Айдаркулова, Акматбек Султан уулунун концертине катыштык. Эң алгач элдин алдына Изат Айдаркулованын концертинде чыккам. Андагы сезимдер укмуш. Филармонияга чыгып качан ырдайт болдум экен деген максаттар болчу да. Ошол максаттар аткарылып, ишенип-ишенбей тургам. Ырдап жатканда өзүмдү бир аз жоготуп, оюмду чачыратып алганым да бар. Ага чейин телеберүүгө тартылып жүргөндүктөн байкатпай, ал мүчүлүштүктү оңдоп кеттим.

– Эсиңизде калган айтыш кайсы болду?

– Көп айтыштар болду. Элдин оозунда калганы Нурайым Бактияр кызы менен болгон кыз-жигит айтышы. “Нурайым менен айтышың сонун болгон, күндө кайталап көрөм” дегендер бар. “Нурайды алдыңбы?”, “Нурай көндүбү?” деп сурай беришет. Ал айтышыбыз хит болгон. Нурайымга да “Аргенге эле тий” дей беришет экен.

– Өзүңүз айткандай, айрымдар сахнада ырдалган сезимдерди чын деп кабыл алышы мүмкүн. Элдин атынан сизге тактоочу суроо: Нурайымды чын эле жакшы көрөсүзбү?

– Нурайымды жакшы көргөнүм менен, ал мени жакшы көрбөйт го (күлүп). Тамашасы жок айтсам, Нурайым экөөбүздүн ортобузда сезим жок, бул айтыш да. Элге тамаша болсун, элдин көңүлүн көтөрөлү деп сүйүү темасын козгогонбуз. Нурайым “сен мага сүйүү жөнүндө ырдабачы, мени жактырган жигиттердин баарын качырып жатасың” деп тамашалап калат.

– Нурайым айтышта сизди кыз жандуу деп сыпаттаган...

– Тамашалап, мени көрө албай эле айтып койгон антип (күлүп).

– Айтышта эң кыйыны эмне?

– Эң кыйыны айтыштын өзү. Жаныңдагы өнөгүң көңүлүңө жагып, мыкты акын болсо, жакшы айтыш чыгат. Айтыш өзүнөн-өзү жакшы нукка бурулуп, кызыктуу, элдин кол чабуусуна арзыган жакшы айтыш болот. Кээ бир акындар менен чыксаң, экөөң тең бир кызыктай болуп айтыш көркүнө чыкпай калат.

– “Монолог” айткандардын короосуна таш ыргытып жатасызбы?

– Ооба, айтышта айрым акындар “кел, монологду коюп, диалог кылалы” деп калышат го. Бир акын жаттап келгенин эле ырдап туруп алат. Ошондой учурда сага оор болуп калат. Эл да тажап баштайт. Эки акын бир багытка түшүп алса жакшы. Ошондой жупка туш болууну тилейсиң. Өнөгүң менен тил табыша албай, ал өзүнчө, сен өзүңчө кетип калган учурлар болот.

– Мисалы, сизге ким менен айтышкан жагат?

– Нурайым менен айтышкан жагат (күлүп). Экөөбүздүн сүйүү темабыз бар, ошону улантып кетсек болот. Изат Айдаркулова, Акматбек Султан уулу менен айтышкан да жакшы.

– Азиз агаңыз “Манас” театрында жетекчи. Сиз ошол театрда иштейсиз. Агаңыздын сизге тартып койгон учурлары болбойбу?

– Жок. Өткөндө Караколдо бир айтыш болуп, ага мен да чакырылгам. Бирок агам “башка акындар барсын” деп мени тизмеден чийип салыптыр. “Байкең директор да” деп тамашалап калышат. Бирок байкем мага тартпайт.

– Чоң ата, чоң энеңиз айтышты сүйүшсө, өнөр жолунда бараткан сиздер менен абдан сыймыктанышат экен да?

– 3 жыл мурун чоң энемдин көзү өтүп кетти. Мени менен сыймыктанчу, ар бир ийгилигимди айтып берчү баарына. Бирок биздин көзүбүзчө макташпайт. Чоң атам комузду аябай жакшы көрөт. Айылга барганда ырдап берем, 5 саат ырдасам 5 саат угуп отура берет. “Эми мен жумуш кылайын” десем, “сен ырдай бер, жумушту башкалар кылат” деп калат. Телефондон айтыштын видеолорун коюп берип койсок берилип угат. Ар дайым батасын берип турат, сыймыктанат, кубанат.

– Ата-энеңизчи, алардын сезимдери деле байкалабы?

– Атам бир мүнөз киши. Кубанганы, кайгырганы деле билинбейт. Көзүбүзчө мактай бербейт. Апам деле мактабайт. Көөп кетпесин дешет окшойт.

– Жеке жашооңузда жакын арада жаңылык болушу мүмкүнбү?

– Акыркы убакта ошол тема аябай козголуп жатат. Үйдөгүлөр да көп айта башташты. Аракет кылып жатам. Кудай буюрса, быйыл үйлөнөм деген жакшы тилегим бар.

– Демек, жүрөк бош эмес?

– Жүрөк азырынча бош эле. Өзүмдүн адамымды таптым деп бир адамга токтоло элекмин.

– Кандай күйөө болом деп ойлойсуз, идеалдуубу?

– Өзүм жөнүндө айтсам, таластыгым кармап кетет да, менден идеалдуусу жок деп баштайм анан (күлүп). Бир-эки сөз менен айтканда, тактыкты, чынчылдыкты жакшы көрөм, айткан сөзүн аткарган адамдарды сыйлайм.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан