АЙБЕК МЕНЕН ГҮЛАНДА БИРГЕ ЖАШАЙБЫ?

– Саламатсыңарбы, “Супер-Инфо” гезитинин жамааты? Сиздердин ишиңиздерге ийгилик каалоо менен бирге менин бир өтүнүчүмдү орундатып коюуңуздарды суранам. Ырчы Айбек Карымов менен Гүланданы мындан эки жума мурда Акталаада бир машинада кетип бара жатышканын көрдүм. Балким, концерт койгону келиштиби дейин десем, эч кандай деле концерт беришкен жок. Эмнегедир элдер экөөнүн ээрчишип жүргөнүн көп көрүшөт экен. Жакында бул эки ырчынын ээрчишкенинин себебин уктум. Көрсө, Айбек менен Гүланда үйлөнүп алышкан имиш. Бул нерсенин чын-төгүнүн өздөрүнөн билгим келди эле, албетте, сиздердин жардамыңыздар менен. Айзат, Акталаа.

АЙБЕК КАРЫМОВ:
– Ооба, сиз байкагандай, биз Нарын тарапка концерт коюп барганбыз. Нарындагы концертибиз өткөндөн кийин администратор балабыздын туугандары каза болуп, концертибиз Акталаа, Казарман жактарда болбой калды. Ошондо бир жумага Гүланданы Акталаага, үйүнө алып барып таштап келгем. Чогуу басып койсо, чогуу ырдап койсо эле “үйлөнүп алды” деп алгандарды түшүнбөймүн. Эми мындай сөздөр ырчыларды ээрчий берет турбайбы. Бул нерсеге көнүп да калдык.


АЙДАР АКАЕВ МАКСАТТЫН ӨКҮЛ АТАСЫБЫ?

– Менин сүйүктүү ырчым Максат Бегалиевдин өкүл атасы Айдар Акаев деп уктум? “Өткөндө Максаттын үйлөнүү тоюнда куттуктап келип кетиптир” деп айтышууда. Анан да жубайы Токтайым Үмөталиеванын кызыбы? Мына ушулар жөнүндө кененирээк маалымат алып берсеңиздер жакшы болот эле. Алдын-ала ыраазычылыгымды билдирем. Бишкек, Адина.

МАКСАТ БЕГАЛИЕВ:
– Экс-президентибиздин баласы Айдар Акаев биздин өкүл атабыз экени чын. Бирок, тоюбузга белгилүү себептер менен келе алган эмес. Ал эми Токтайым Үмөталиеванын кызы менин жубайым экени да туура.


УРМАТ ПРОДЮСЕРИ МЕНЕН УРУШУП КЕТТИБИ?

– Саламатсыңарбы, менин эң жакшы көргөн ырчым Урмат Усенов көптөн бери теледен көрүнбөй калды. Мунун себебин продюсери Ассоль Молдокматова менен урушуп кеткендигине байланыштырышууда. Ушул чынбы? Эми эмне, мен теледен Урматты көрбөй каламбы? Жооп алып берсеңер ыраазы болоор элем. Талас, Рахатка.

УРМАТ УСЕНОВ:
– Менин продюсерим менен иштешпей калгандыгым чын. Бирок, такыр эле кол үзүшө элекпиз, бул иш азыр каралууда. Ал эми теледен көрүнбөй калгандыгымдын продюсериме байланышы жок. Анткени, шоу-бизнести түшүнгөн абройлуу адам андай аракеттерди жасабайт. Өзүм болсо дагы деле болсо чыгармачылык менен алектенип, изденүүнүн үстүндө иштеп жаткан кезим.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (1)
Birimdik5555
2020-06-04 10:51:18
Актанып,актанып бары бир алдын да Гуланданы,айдай уй-булонду таштап
+2
№ 245, 13-19-июль, 2007-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан