БАЛДАР СҮЙГӨН «ҮЧ МЫШЫК»

“Мию-мию-мию...” сыналгыдан бул үн чыкканда башка бөлмөдө жүргөн наристелер чуркап келишет. Анткени тентек үч мышыктын жоруктары балдардын кызыгуусун жаратары шексиз. Азыркыга чейин телеканалдардан байма-бай көрсөтүлгөн “Үч мышык” мультфильми тууралуу кызыктарга орун беребиз.

Тарткан өлкө: Орусия

Чыккан жылы: 2015-2021-жыл (4 сезон)

Режиссёру: Дмитрий Высоцкий

Сценаристтери: Дмитрий Высоцкий, Дарина Шмидт

Башкы ролдордо: Максим Сергеев,
Илья Хрусталёв, Михаил Новодворцев,
Александра Глушинская

Үй-бүлөлүк тасма

Ата-энелерди, жаш балдарды да экранга байлаган мультфильм мышыктардын үй-бүлөсү жөнүндө. Кызыктуу, жеңил тасма жаш муундун дүйнө таанымын кеңейтүүгө, туура тарбия берүүгө, ар кандай тоскоолдуктардан кантип чыгууга болорун үйрөтөт. Мисалы, эмнеге сылык болуш керек, жакындарыңдын туулган күнүндө эмне белек берсе болот, эмнеге ата-энеге жардам бериш керек, бирөө ооруп калса кандай биринчи жардам көрсөтсө болот жана башка. Ар бир сериясы 5 мүнөттөн ашпаган мультфильмден көптөгөн пайдалуу маалыматтарды алса болот, айрыкча жаш балдар үчүн керектүү жана кызыктуу тасма. 4 сезонго бөлүнүп тартылган тасманын ар бир бөлүмүндө 50-52 серия бар.



Кызыктуу фактылар

1. Мышыктардын шаары Котополис деп аталат жана анда 3333 мышык жашайт (жашоочулардын саны көбөйүүдө деп берилет). Шаарда кызыл, сары, көк, кочкул сары, жашыл, ала-була, чаар, айтор, түркүн түстүү мышыктар бар. Кызыгы, мышыктардын мүнөзү түсүнө жараша ар кандай. Өңү канчалык ачык болсо, мышык ошончолук шайыр жана активдүү, ал эми боз мышыктар, тескерисинче, токтоо, оор басырыктуу мүнөзгө ээ.

2. Котополисте жыл сайын белгилене турган түрдүү майрамдар бар. Мисалы, мышыктар каймакты абдан жакшы көргөндүктөн, анын урматына шаар бийлиги атайын майрам деп кабыл алып, бир датаны Каймак күнү деп аташкан. Котополисте ошондой эле Биринчи “Мяу” майрамын, Таргыл ала мышыктардын күнүн жана Кара мышык күнүн белгилешет.

3. Биз сөз кылган мышыктардын атасы кондитер болуп иштегендиктен, балдарынын аты Коржик, Компот, Карамелька болуп тандалган.

4. Кичинекей мышыктардын үнү ишеничтүү угулушу үчүн жаш балдардын үнү менен коштолгон.

5. “Үч мышык” мультфильми 200гө жакын өлкөдө көрсөтүлөт.

6. Тасманын сүрөтчүлөрү каармандарды жаш балдар туурап тартууга жеңил болгудай кылып чыгарышкан.

7. Мультфильмди жаратуучуларынын бири мышыкты абдан жакшы көрөт, блокнотуна бул жаныбарлардын түрдүү сүрөттөрүн тартып жүрүп “Үч мышыкты” тартуу идеясы жаралган.

8. “Үч мышыктын” эң популярдуу эпизоду болуп "Аяз ата менен Аяз кыз" жаңы жылдык сериясы эсептелет.

9. Мультфильмде дүйнөлүк сүрөт искусствосуна да орун берилген. Албетте, мышыктардын версиясында. Галереяга эклер жасоо үчүн келген мышыктар Ван Гогдун “Стог сена” жана “Подсолнухи”, Пикассонун “Девочка на шаре”, Эдвард Мунктун “Крик”, Леонардо да Винчинин “Мона Лиза”, Родендин “Мыслитель” жана башка сүрөтчүлөрдүн атактуу эмгектерин көрүшөт.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1081, 25-31-август, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан