Биржан Калдыбаев, Казак төкмөсү: “САДЫР ЖАПАРОВ МАГА ТУЛПАР МИНГИЗСЕ КАЗАК АКЫНДАРЫ КӨРӨ АЛБАСТЫК КЫЛЫШТЫ”

13-август күнү Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык Дүйнө чемпиондугунун ачылыш аземинде Казактын төкмө акыны Биржан Калдыбаев ырдап, ага президент Садыр Жапаров аргымак тартуулаган эле. Буга казак тарап чычалады. Көп өтпөй Казакстандын айтышкерлер союзунун төрагасынын орун басары Аманжол Алтаев “көчөдөгү эле бирөөнү казак акыны деп атабагыла” деген мааниде сындап чыкты. Биз Биржан Калдыбаев менен баарлашып, болуп өткөн окуялар боюнча пикирин сурадык.

– Саламатсызбы, Биржан мырза? Маегибизди Чолпон-Ата шаарында өткөн Дүйнө чемпиондугунун ачылышына кантип келип калганыңыздан баштасак?

– Ассалом алейкум, таякелерим. Биринчиден, нагыз акындык өнөрдү баалап, ак ниети менен чакырган меймандос кыргыз таякелериме рахмат айтам. Бул менин Кыргызстанга биринчи жолу келишим эмес, 2021-жылы да Чолпон-Атада мамлекеттик иш-чара өтүп, анда да домбрам менен ырдап кеткем. Ошондо Кыргызстандын Көк бөрү федерациясынын президенти Талас Бегалиев агабыз менен жакшы тааныш болуп калган элек. Ошол киши “2-3 акын менен келип кыргыз-казактын достугун даңазалап ырдап бер” деп чакырып калды. Азыр мени сындап жаткан Аманжол Алтаевдин акындарына кайрылып “чакырып жатышат, барып ырдап келбейлиби?” десем 1 миллион теңге сурашты. Талас агабызга “ушунча акча сурап жатышат” десем, “анда өзүң келе бер” деди. Барып ырдап кайттым. Сахнада ырдап жатсам Садыр Жапаров сыйлуу коноктор отурчу жайда отуруптур, көрүп илхом келип кетти, анан минтип төгүп жибердим:

Президент Садыр ага салам бердик,

Токаевдин саламын ала келдик.

Эки элдин достугуна күмөн жок го,

Мына иш-чарага 10 деген баа бердик.

Бул жерге жээндериң жөө келди го,

Жөө келгенде ошончолук жай келди го,

Садыр агам бир тулпар мингизет деп...

Ушинтип ырдасам президент жанындагы адамга күлүп бирдемелерди айтып жатты. Сахнадан түшүп баратканда алпаруучу ажо мага аргымак тартуу кылганын угузду. Президент аргымак берет деп күткөн эмесмин, чынында. Бир элдин падышасынын алдында ыр төгүүнүн өзү эле чоң кубаныч болчу.

– Ошентип Садыр Жапаровдон аргымак сурап ырдаганыңыз айрым казак кесиптештериңизге жакпай калыптыр. Бул нерсени өзүңүз кандай кабыл алдыңыз?

– Мени көчөдөгү акынга теңеген Аманжол Алтаев Казак парламентинин депутаты, айтышкерлер союзунун төрагасынын орун басары. Ал Бекболат Тилеухандын ордуна депутат болуп келген, аны эл шайлаган эмес. Тилеухандын Кыргыз бир туугандарга көз карашы түз эмес болчу. Баарыбыз билгендей, улуттук спортто Кыргыз менен Казак көк бөрү жана көкпар деп дайыма тирешип келет. Ошол тирештин башкы себепкери Бекболат Тилеухан болгон. Убагында “кыргыз-казактын достугун, улуттук спортту дүйнөгө чогуу таанытуу үчүн көк бөрү-көкпар кылып ойной берели” десем уккан эмес. Тескерисинче, мени көкпардагы айтыштардан четтетип салган. Ошондо “жаш болсом да ажыга барган жигитмин, сизден көңүлүм катуу калды” дегенимден кийин ал киши оңгон жок. Январь окуясы болуп, мандатын тапшырып, элин таштап кетти. Мандатын Аманжолго таштап кеткен, Аманжол ошонун жолун улантып жаткан чыгар. "Биржанда уят жок, акын деген сертификаты барлар гана Казактын атынан чоң иш-чараларга барышы керек" деген маселе көтөрүптүр. Акынга сертификат керек экенин биринчи жолу угуп жатам. Алардын ала турган сыйлыгын мен алып койбодумбу, ошого көрө албастык, ичи тардык кылып жатышкан чыгар. Өздөрү биринчи ызылдап чыгып алышып, эми кайра кечирим сурап жатышат.

– Бул арада Садыр Жапаров сизди коргогон маанайда билдирүү жасоого жетишти...

– Ооба, Садыр Жапаров таякем жакшы жооп берди. Бир элдин падышасы мен үчүн билдирүү жасап жатканына сүйүнүп төбөм көккө жетип турат. Урматтуу “Супер-Инфо” гезити, ошол кишиге бул ыраазычылыгымды жеткирип койгула: Касиетиңден айланайын Садыр таякем, берген аргымагыңыз түнү менен Ала-Тоону карап кишенеп чыкты, тулпар чиркин үнүңүздү угуп чырылдаган экен да. Мени баалап, өз туугандары намысына тийип жатышат деп арачалап, актаганыңызга чоң рахмат. Жакшылыгыңызды унутпайм. Тирүүлүктүн эмес, жаннаттын тактысында да отуруңуз. Мен кыргыз элине жүрөгүмдүн жартысын берүүгө даярмын, өз туугандарымдын минтип сындап, көрө албастык кылганы, албетте, мени капа кылат. Бирок кыргыз-казак достугу түбөлүккө жашасын. Биз, акындар, элди тынчтык, биримдик, ынтымакка чакырган жарчылардан бололу. Садыр Жапаров казакка жээн болот экен, эми президент Казакстанга келсе мен да ага тулпар мингизүүгө ашыгып турам. Өзү айткандай, Кыргыз менен Казакты үчүнчү күчтөр чабыштырууну калап турганда бул аракетибиз достуктун, ынтымактын күчтүүлүгүн даңазаласын.

– Кыргызга кандайча жээн болуп каласыз? Тегиңиз тууралуу айтып берсеңиз...

– 1990-жылы Чымкент облусунун Жылы-Булак айылында жарыкка келгем. Чоң атам Өмирсерик Калдыбаев да чоң акындардын катарын толуктаган. Өмирсериктин атасы — бабам Калдыбай ошол заманда мал-жандуу, бай адамдардын катарын толуктаган. Калдыбай бабам бир нече жолу аял алса да, баары кыз төрөп, эркек балалуу боло албайт. Күндөрдүн биринде бабам эки досу менен Өгем тоосу аркылуу Талас өрөөнүнө ашып барышат. Жанындагы достору ошол жактан 12-13 жаштагы бир кызды көрүп калышып, “балким, ушул кызга үйлөнсөң уулдуу болорсуң” деп коюшат. Анда бабам “койгула, бул менин кыздарым менен тең жашта го” дейт. Бирок тагдыры байланган белем, кайтканда ошол кызды казак жергесине ала кетет. Кыргыз кызы бабамдын аялдарына жардам берип, аларды жандап чоңоёт. Ошентип кыз балагатка жеткенде бабам аны менен нике кыйдырат. Бир жылдан кийин бабам көп убакыт бою күткөн эркек баласы жарыкка келет. Өмүрүмө шерик болсун деп, ысымын Өмүрсерик деп коёт. Мен ошол Өмүрсериктин небереси болом. Чоң атам Өмүрсерик турмуштун оор күндөрүн башынан өткөрүп, ар кимдин коюн багып, кой кайтарган таягын домбра кылып, ыр төгүп жүрчү дешет. 25 жашка толгондо өнөрү өөрчүп, төкмө акындардын катарын толуктап калат. Чоң атам “менин ата журтумда акындар болгон эмес, бул талант мага кыргыз тага журтумдан өткөн” деген экен. Ал кишинин небереси болуу мен үчүн сыймык.

А мен акындык жолдо 5-класстан баштап келе жатам. Казакстанда көптөгөн айтыштарга катышып, байгелүү орундарга ээ болуп келем.

Лунара Бекиева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан