“Турмуш куруу? Үй-бүлө күтүү деген эмне? Бирөөнүн бүлөсүнө кошулуп жашоо оңойбу? Бул мага ушунчалык шашылыш беле? Апам эмнеге мени мынчалык шаштырат?..” Кыз түнү менен кирпик какпай түбү жок ойлордун кучагында отурду. Адатынча эки тизесин кучактап терезенин тактайында сыртты карап отурат. Айдай аппак жүзү, бакырайган узун кирпиктүү көзү караңгы бөлмөдө айдын жарыгына чагылышып көрүнүп жатты. Түнү менен ойго чөмүлүп отурган бул кыздын аты Сайора. Ал кечээ гана 17 жашка толду. Анын окууга тапшырсам, врач болсом, ак халат кийип адамдардын ден соолугуна кам көрсөм деген аруу кыялдары четинен быркырап урап, жүзүнөн ылдый аккан жашы менен кошо жуулуп бара жатты. Өтө ажарлуу кыз, анын үстүнө тиричиликке да бышык. Колунан бардык иш келет. “Жакшы көргөн балаңа шаар көрсөтпө” дегендей эле мындай оокат-ашка тың кызды айылдан узатпай алып калалы деп көз салгандар, жуучу болгондор көп эле. Алардын бири өзүнүн алысыраак таежеси болуп чыкты. Сиңдиси экөө жең ичинен сүйлөшүп, кызды ой-боюна койбой уулуна жубайлыкка алып бермей болду.
– Сайора, тур, эртелеп базарга баралы. Жууркан-төшөгүңдү алып даярдык көрөлү,-апасы улам бөлмөгө кирип-чыгып, таңга маал жаздыкка баш койгон кызын ойгото албай жатты. Кыз баарын угуп жатса дагы тургусу келген жок.
– Ай, кыз, тур деп жатпаймбы, эмне шалдырайсың? Убакыт аз, тойго даярданышыбыз керек.
– Уф, апа, ушул тойду кылбай эле койсок болобу? Менин күйөөгө тийгим жок.
– Күйөөгө тийбей эмне эр алат белең? Кыздын барар жери күйөө, эртеби-кечпи баары бир бирөөнүн колун кармайсың. Андан көрө таежеңе келин болгонуң жакшы эмеспи.
– Кайдан чыкты бул күйөө маселеси? Апа, мен эми эле мектепти аяктадым го. Бир аз убакыт башкалар сыңары окуу-иш менен алек болуп жүрсөм болбойт белең,- кыздын көз жашы агып кетти.
– Эмне ыйлайсың, мен сага жамандык каалап жатамбы? Ушунча жылдан бери өз атаң сурап келген жок, анын өгөйлөгөнүнөн чарчадым. Бөлөңө күйөөгө чыгасың, же мендей апаң бар экенин унутуп окуп-чокуп жүрө бересиң,- энеси бакырып коё берди.
Кыз көмкөрөсүнөн түшүп бир топко ыйлап жатты да, туруп бетин жууп алып, апасын ээрчий басып базарга жөнөдү. Жол бою энеси жетектебей өз алдынча, каалагандай кийинип, каалагандай басып жүргөн кыздарды элестетип, алардын жашоосуна суктанып бара жатты.
“Эх, мен да эркин болсом, Бишкекке барып окууга тапшырсам, эркин басып-турсам болбойт беле” деп оор улутунуп алды.
Топурап эки тарап тең тойго даярданып жатты. Кыздан “жашың жеттиби, турмуш курганга даярсыңбы, бирөө менен жашап кете аласыңбы, бир төшөктө бирөө менен жатканга, үй-бүлө күткөнгө каалооң барбы, үй-бүлөнүн жүгүн тарта аласыңбы” деп эч ким сурап койгон жок. Өксүп ыйлап-ыйлап акыры кыз баарына моюн сунуп, шалдайып той көйнөгүн кийип, күйөө боло турган жигитти күтүп отуруп калды. Түш ченде бөлөсү Рустам достору менен кирип келди. “Эмнеге мен? Эмне башка кыз калбай калдыбы? Кең Бишкекте окуп жүрөт, бир кыз таап алып мени жайыма койсо болбойт беле... Эх, бирок бул болбосо апам мени башка жуучу түшүп келгендерге деле берип салмак да. Апама менин келечегим эмес, менден кутулганы маанилүү болуп турбайбы...” Кыз күйөө жигиттин жанында отуруп ушуларды ойлонуп жатты. Мурун ага деп жакын туткан адам бүгүн өтө чоочун адамдай сезилип жатты кызга. Жанына жакын жологусу жок. Колу тийип кетсе бүтүндөй денеси ичиркенип, жыйрылып жатты.
Үйдүн ичи бака-шака, ыр-күлкү, биринин артынан бири айтылган каалоо-тилектер... Бирок мунун баары кызды кызыктырган да жок. Үйдө эмне болуп жатканына кыз баам деле салган жок. Ал өзүнүн өксүгү, өкүнүчү, чубалган ойлору менен алек. Бир маалда энеси эшикке чакырып алды.
- Ай, кыз, эмне мен өлүп калгансып мөгдөп отурасың. Күлүп-жайнап, кабагыңды ач. Мен өлгөндө отур ошентип мөгдөп уктуңбу?
– Жакшы эле отурганга аракет кылып жатам го.
– Аракет кылганың курусун, элдин баары сенин маанайыңды кеп кылып жатат. Жаман жерге кетип жаткан жоксуң, кайненеңдер жакшы турушат, жалгыз уулуна эрке келин болгону бара жатпайсыңбы. Дагы бир жолу кайгыга чөгүп, мисирейип отурганыңды көрсөм таарынба,- деп кызын жемеледи.
Түн бир оокум болуп кыз узатуу тою да аяктады. Кудалар узатылып, бат эле айылдын этегинде жайгашкан заңгыраган үйгө келип түшүштү. Дүңкүлдөгөн музыка өчүрүлүп, кызга жоолук салышты. Аңгыча молдо дагы келди. Түн бир оокум болуп калганына карабай нике кыйылды. Кечээ эле кичинекей кыз атанган Сайора, бүгүн минтип жоолукту салынып турмуштун жүгүн моюнуна артынганы турат.
Илгерки караңгычылыктын бир үзүмү болгон көрүнүш – жеңелер жаңы үйлөнгөн жуптардын алгачкы нике түнү жөрөлгөсүнө шашып, күбүр-шыбыр түшүп аркы бөлмөдө төшөк салып жатышты. Көп узабай кызды даярдап төшөк салынуу бөлмөгө киргизип жиберишти. Байкуш кыздын бүтүндөй денеси титиреп жатты. Бир аз убакыт өткөн соң дагы эки жеңеси күйөөсүн колтуктап келип кыздын үстүнө киргизип кетишти. Эшик оозунда жеңелер сагалап турушат. Бул нерсе жуптардын жеке маселеси экенин, ал эки адамдын ортосунда өз ара гана боло турган аялуу мамиле экенин айтып, эски адатты токтотчу эч ким чыкчудай эмес... Сыртта каткырык күлкү, бака-шака түшкөндөр. Бөлмөнүн оозунда сагалаган жеңелер... Ушундай шартта күйөө-аялды бир төшөккө жаткырууга шашылыштын кажети барбы? Өмүрлүк жар тандоого уул-кызына укук бербесе, жок дегенде алгачкы нике түнүн, анын убактысын өздөрүнүн тандоосуна уруксат беришпейби деп жатты кыз...
Кыз төшөктүн бир башында отурат. Корккондон денеси муздап бир нерсеге баам салууга алы жок. Күйөө этекте отурат. Бүрүшүп отурган кызга жакындаганга даабайт. Ошентип бир топ убакыт өтүп кетти.
–Ай, уул, эмне колуңдан иш келбей жатабы? Эмне дайыныңар чыкпайт?,- деген добуш чыкты бир маалда.
– Ай, болгула, таң атып бара жатат. 5 мүнөттүк нерсени эмне эки саатка созосуңар?,- деп дагы бири кыйкырды.
Жигит үшкүрүнүп алып кызга жакындады.
– Сайора, өзүң деле угуп жатасың, эртелейли,- деди жигит.
Кыз үн деген жок, көзүн жумуп ичиркене жуурканга кирип жатты. Анын каалоосу менен эч ким эсептешпей турганын түшүндү. Болору болду... Эртеси кыздын денеси ооруп, кыйналып жатты. Ал-жайын сураган деле бирөө чыкпады. Үстүнө халат кийгизип, ишке салышты. Келген-кеткендердин аягы суюлуп, той дагы бүттү. Көп өтпөй Рустам Бишкекке окуусуна кетип калды. Кайнене-кайнатасын карап Сайора айылда кала берди. Жан талашып кыздын башын байлап алуунун максаты башынан эле келинге үй иштерин кылдыруу болчу. Башка түшкөндү көтөрбөскө чара барбы. Келиндин тиричиликтен колу бошобойт. Өз алдынча бир нерсе кылып көрбөгөн, эркин башкаларга башкартып көнгөн кыз эмне кыла алмак, таежеси, азыркы кайненесинин тилинен чыкпайт. Күйөөсү болсо бир-эки айда 3-4 күнгө гана келип-кетет. Бир нерсе десе окуудан бошобой жатпаймынбы дейт. Экөөнүн ортосунда эч бир жакындык, бири-бирине тартылуу жок... Бул үй-бүлөнүн келечеги барбы*.. Балким, убактылуу гана кызыкчылыкпы?.. Азыр белгисиз... Жакында Сайора кош бойлуу экенин билди. Балким, күйөөсү экөөсүн төрөлгөн баласы жакындатар... Балким, таптакыр алысташат. Азыр бул үй-бүлө атыккан эки адамдын келечеги коюу туман...