2004-жылдары Кыргыз сахнасында мукам үндүү аккордеончу жигит пайда болгон. Анан таланты менен элге таанылды. Анын “Муңайган жоктур менчелик”, “Сулууга”, “Той ыры”, “Кечир, карындаш” жана башка ырлары азыркыга чейин ырдалып жүрөт. Ал - ырчы жана обончу Таалайбек Турдубаев эле. Ырчы эмне үчүн сахнадан көрүнбөй калды? Чыгармачылыгы кандай абалда? Ушул сыяктуу суроолорго өзүнөн жооп алалы дедик.
– Таалайбек мырза, эмне үчүн сахнадан көрүнбөй кеттиңиз? Чыгармачыл чөйрөдө элесизби?
– 1995-жылдын январынан тарта ушул күнгө чейин өзүм билим алган Ош мамлекеттик университетинде иштеп келем. Концерттерге, тойлорго чакыруу болсо барып ырдап калам, обон да чыгарып жүрөм. Жакында эле “Ноокатым” деген ырга обон жараттым, ал ыр музыкалык каналдардан берилип жатат. Бишкектин сахнасынан көп көрүнбөгөнүм менен, Оштун радио, телеканалдарынан чыгып эле жүрөм. Репертуарымда жалпы 70тей ыр бар. Алардын ичинен 55тейинин обону өзүмө таандык, 10 чактысына клип тарттыргам. Ырларымды белгилүү ырчылар ырдап жүрүшөт. Мисалы, “Муңайган жоктур менчелик”, “Сенсиз делени” Гүлнара Кахарова, “Кандай бакытты” Айжамал Кабылова ырдап жүрөт. 2008-жылы Гүлзат Батырканова менен Асел Турдалиева “Кыргызстанды” аскер хору менен ырдап чыгып, ыр сынактан 1-орунду утуп алышкан. Ал ырым Коргоо министрлигинин гимни болуп кабыл алынып, генерал Исмаил Исаковдон акчалай сыйлык алгам.
– Обондоруңуз кантип жаралат? Көбүнчө эмнелер таасир берет?
– Обондорум негедир шыр, “экстренно” чыгат. Мисалы, “Муңайган жоктур менчеликтин” текстин кесиптешим Абдыкерим Исаев агай 2004-жылы 14-мартта берген. Ошол эле күнү 1-кабаттан 3-кабатка чыгып, аккордеонду колума алганда эле обон чыкты. 19-мартта агай жолугуп калды эле, “ырдап берейинби?” десем, “жок, биротоло Ноорузда ырда” деди. Ошентип Нооруздагы иш-чарада ырдап чыккам. Текстин жаттай элек болчумун, ыр жазылган кагазды бет алдыма кармап турушкан.
Бир жолу рулда баратсам Асел Турдалиева чалып, “аскердик темада ырдап чыгышым керек болуп жатат. “Полковник” деген текстке тез арада обон чыгарып бер” деп суранып калды. Унаамды токтотуп, ырдын текстин жазып алдым да, үйгө барып 1 сааттын ичинде обон жаратып, Аселге ырдап бердим. Мактап, жактырды. Ошону эмдигиче ырдайт.
“Сенсиз деленин” тарыхына кайрылсам, ал кезде келинчегим экөөбүз көп кабаттуу үйдө жашачубуз. Бир жолу түндө Жыпара Исабаеванын ыр китебин барактап калдым. Көзүмө “Сенсиз деленин” тексти урунду. Окуп жатканда эле обондун кайрыктары келе баштаганы эсимде. Кээде тексттен мурун обон жаралып калат, анан ага ылайыктуу текст издейм.
– Келиңиз, эми популярдуу учуруңуз тууралуу сүйлөшөлү. Ал кез эмнеси менен эсиңизде калды?
– Чоң сахнага Айбек Карымовдон кийин эле чыга баштадым. Негизи 7-8-классымдан тарта обон чыгарам. Бирок башында обондорумду бирөөгө угузгандан уялчумун. Башкалардын обонуна окшош болуп калса уят болом го дечүмүн. Кийин Ош мамлекеттик университетине иштеп калганымда окуу жайдын мааракеси өтмөк болуп калды. Ага арнап китеп чыгарылды. Ошол китепке чыгарган обондоруңарды кошкула деп калышты. Бир ырга обон жазып, ырдап берсем баарына жакты. Ошондо чымырканып катарынан 3-4 ырга обон жаратып, Бишкекке “Кыргызстан обондору” радиосуна таксиден салып жибердим. Ал ырларды радио жактырып, эфирден бере баштады, бат эле хит болуп кетти. Ошого шерденип дагы бир топ обондорду чыгардым, алар да хитке айланды. Анан Оштун филармониясында 2 күн концерт койдум. Эл абдан көп келип, аншлаг менен өттү. Бишкекке барып филармонияда концерт бердим. Азыр ойлосом, шоу-бизнести түшүнбөй эле концерт берип жибериптирмин. “Эл келбей койбойбу, банкрот болбоймунбу” деген ой такыр келбептир.
– Чыгармачылык шык сизде абдан эрте ойгонгон экен да...
– Ооба. Музыкага кызыгуумдун ойгонушуна улуу агам жана аталаш агаларым түрткү болгон. Алардын баары музыкалык аспаптарда ойношот. Агам Маматтан 10 жашымда аккордеон ойногонду үйрөнүп, 4-класстан тарта мектептеги майрамдык иш-чараларга катышып жүрдүм. “Чоңойгондо ким болосуң?” деп сурашса, “Абидин Темиров болом” дечүмүн. Анткени ал кезде Абидин ага популярдуу болгондуктан теледен көп чыкчу.
Бир жолу Бердалы деген айылдаш музыкант агабызга алма теришип жардам бердим, ал мага гитара тартуулады. Ошол агабыздын Гайбалы деген иниси зерикпей гитара чертүүнү үйрөттү. Совхоздун вокалдык инструменталдык ансамбли бар эле. Клубга барып жүрүп, ошол ансамблдин музыкалык аспаптарынын баарында ойноону үйрөнүп чыктым. Ал кезде комсомолдук тойлор өтчү. Баш кошкондордун тойлоруна ансамбль менен барып, ырдап берсек тыйын-тыпыр беришчү. Анткени атайын келишим түзүп барчубуз. Тойго өз алдымча барсам бекер ырдайм. Ал убакта шоу-бизнестин жыты да жок эле.
Мектепти бүткөндөн кийин жогорку окуу жайга өтпөй калдым. Ош шаардык Маданият үйүндө иштеп жүрүп, 1987-жылы аскерге кеттим. Украинада кызмат өтөдүм. Аскердик ансамблде, урма аспапта ойноп жүрдүм. Аскер кызматкерлери той берсе ансамбль менен барып өнөр тартуулачубуз.
– Ырчылык сапарда кыргыздын дөө-шаалары менен чогуу иштешип калдыңыз. Алардын кимиси сизди өзгөчө таасирлентти?
– Рыспай Абдыкадыров, Апаз Жайнаков, Токон Эшпаев, Жолдошбек Мамажанов, Бабаравшан Тургунбаев, Ибрагим Жунусов менен көп баарлашып, концерттерине катышкан күндөр болду. Жолдошбек агайдын көзү өткөндөн кийин иниси Мамытбек “агам сизди жакшы көрүп, талантыңызды баалачу” деп, агайдын аккордеонун мага белек кылды. Агайды концерттеринде көп жолу аккордеон тартып коштоп турчу элем. Мени элге мактап, абдан кол чаптырчу. Апаз агай агалык кеңештерин көп айтты. Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков агайлардын ырларын ырдап да популярдуулугум артты. Алардан музыка жаатындагы кеңештерден тышкары турмуштук сабактарды да алдым. Адам катары калыптанганыма да таасирлери тийди.
– Үй-бүлөңүз тууралуу кепке орун берсек...
– Келинчегим Чынара экөөбүз бир факультетте окуганбыз. Мен 2-курс, ал 1-курс кезде пахта теримде жүрүп таанышканбыз. Бир көргөндө эле жактырдым, 2 жылдан кийин баш коштук. Бирок ал кесиби менен иштебей, тикмечилик, чеберчилик тармакка ооп кетти. 2 уул, 1 кызыбыз бар. Улуу балам милиция кызматкери, кийинки уулум Кувейтте иштейт. Кызым быйыл 9-класска көчтү.
Канымжан Усупбекова