МАРОККО – этти өзгөчө сүйгөндөрдүн өлкөсү

Эсиңиздерде болсо, бир жылдары “Клон” сериалы дүйнөлүк популярдуулукка ээ болуп, андагы Жадини туурап кийинген кыздар көбөйгөн. Мына ушул легендарлуу сериал тартылган Марокко мамлекетине саякатка чыгабыз. “Эт жей албасаң, анда Мароккого барба” деген тамашалуу кептин да төркүнүнө саресеп салып көрөлү.

Тарыхы

Жашоочулар Марокко аймагын палеолит доорунан бери байырлашат. Алгач бул жерде Карфаген шаар-мамлекети жайгашып, кийин римдиктер басып алып бийлик жүргүзүшкөн. Андан кийин византиялыктардын карамагына өтөт. 682-жылдан баштап Түндүк Африка үчүн араб салгылашы башталып, 784-жылы Арабиядан качып келген Идрис ибн Абдаллах деген имам Марокко аймагында алгачкы мамлекетти негиздеген деп айтылат. 11-12-кылымдарда, Альморавид династиясынын тушунда Марокко абдан өнүгүп, ири империянын ордосу катары азыркы Алжир, Ливия, Тунистин аймагын, Испания менен Португалиянын көпчүлүк аймагын ээлеп турган.

19-кылымдын аягында Марокко Франция, Испания, Улуу Британия, кийин Германия көз арткан бирден бир мамлекет болгон. Франция Сахара чөлүн басып алгандан кийин, атайын макулдашууга ылайык, 1904-жылы Марокко Франциянын таасирине баш ийген. Кылымдар бою күчтүү мамлекеттердин талашында келген бул мамлекет 1956-жылы толук көз карандысыздыкка жетишкен. Учурда өлкө калкынын 60 пайызын арабдар, 40 пайызын берберлер түзөт.

Эмнеге Мароккого саякатка барышыңыз керек?

Чыгыш жомогундагыдай атмосферага чулганып, байыркы тарыхый мурастарды көргүңүз келсе, Сахара чөлүн кезип саякаттоону самасаңыз, анан эң даамдуу эт жегиңиз келсе Мароккого барыңыз. Дүйнө жүзүндөгү эң таттуу мандарин жана апельсин да ушул өлкөдө өсөт. Мароккодо бийликке жаңы падыша келгенде улуттук валютасындагы сүрөттү жаңы падышанын сүрөтүнө алмаштырышат. Ошол эле учурда мурунку падышанын сүрөтү бар акчалар да күчүн жоготпойт.

Мароккодо соодалашуу жергиликтүү калктын кумары десе болот. Эгерде базарда бир буюмду кардар соодалашпай алып кетсе, муну соодагер өзүн кемсинтүү катары кабыл алат.

Аялдар менен эркектер учурашпайт

Арабдар байлыкты да кээде төөнүн саны менен өлчөшөт. Мурун кыргызда “сан жылкылуу бай” деген кеп болсо, марокколуктарда “миңдеген төөсү бар” деген сөз көп колдонулат.

Эгерде учурашууда сол колуңузду берип калсаңыз (албетте, сологойлор), анан эт жебей койсоңуз марокколуктарды аябай катуу кемсинткен болуп саналасыз. Ал эми этти бышырууда дүйнөдө бизге эч ким жетпейт деп ойлошот. Саламдашуу боюнча айта кетсек, аялдар аялдар менен үч жолу өбүшүп учурашышат. Эркектер болсо жакын же жакын эместигине карап эки бетинен өбөт. Өң тааныш бирөө болсо колун берип гана учурашат. Ал эми аялдар менен эркектер такыр учурашышпайт, жакын тууган болсо гана баш ийкешүүгө уруксат.

Футболго басым жасашат

Спорттун эң кеңири тараган түрү – футбол. Футбол кыз-келиндердин, өспүрүмдөрдүн, алтургай жаш балдардын арасында да популярдуу. 2022-жылы Катарда өткөн футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунда Марокко улуттук курамасы кандай ийгилик жаратканы эсиңизде бардыр. Испания, Португалия, Белгия сыяктуу дөө-шааларды жеңип, үчүнчү орун үчүн ат салышууга чейин жетти. Ушул окуянын өзү эле Мароккодо футбол кандай өнүгүп жатканын айтып турат.

Дүйнөлүк саясаттагы орду

Марокко БУУ, Африка союзу, Араб мамлекеттер лигасы, Ислам кызматташтык уюму сыяктуу ири уюмдарга мүчө. АКШ жана Франциянын эң жакын өнөктөшү саналат. Франция менен Испания анын негизги соода өнөктөшү.

Экономикасы

Туризм тармагы маанилүү орунду ээлейт. Ошондой эле фосфат казуу, айыл чарбасы жакшы өнүккөн. Өлкөдө жумушсуздук күч. Негизинен фосфат, жер семирткич, кийим, мунайзат, цитрус жемиши, балык экспорттойт.

Кызыктуу фактылар

• Касабланка шаарында дүйнө жүзүндөгү эң бийик мечит салынган. Хасан атындагы мечиттин бийиктиги 210 метрди түзөт, ал 1986-жылдан баштап 1993-жылга чейин курулган.

• “Сиз менин боорумду багындырып алдыңыз” дешет алар жакшы көрүп калганын билдирүү үчүн. Башка өлкөлөрдөгүдөй сүйүүнүн символу алар үчүн жүрөк эмес, боор.

• Дүйнө жүзүндөгү эң байыркы университет да Марокко мамлекетинде. Аль-Карауин окуу жайы Фес шаарында 859-жылы негизделген. Бул окуу жайы менен алар абдан сыймыктанышат.

• Марокко Сахара чөлүнө жакын жайгашканы менен, бул өлкөдөн карды да көрө аласыз. Демек, бир жагына чөлгө саякаттап, экинчи тарабынан кадимкидей лыжа тепсеңиз болот. Ушундай контрасттуу өлкө.

Нуржамал Жийдебаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1082, 1-7-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан