ӨГӨЙ

– Мен апамдан он эки жашымда айрылдым. Балалык дүйнөмдү ала салдырып аз гана убакыт ооруду да, кете берди. Атам бизди бир жыл жалгыз бакты. Бири 12 жашта, бири 6 жаштагы эки эркек баланы тарбиялоо, үйдөгү тиричиликти алып кетүү атама оор болду окшойт. Бир жылдан кийин биздин үйдө өгөй эне пайда болду. Бардык жомоктордо, окуяларда өгөй эне терс каарман эмеспи. Мен атамдын үйлөнө турганын кулагым чалары менен корко баштадым. Анча-мынча коркуу эмес эле бул. Жүрөгүңдү тыпыраткан, кара тер бастырган оор коркунуч эле. Түн ичинде 6 жаштагы инимди кучактап жатып, ага коркунучум менен бөлүштүм.

– Алмаз, эми бизде өгөй апа болот.

Алмаз толук укпай калдыбы, же өгөй дегенди укпай апа дегенди эле угуп калдыбы “ураалап” кыйкыра баштады.

– Акырын, акылы жок десе! Эмне сүйүнүп жатасың? Ал деген бизди урат, балким, тамак да бербей коёт. Бөлмөгө камап салышы да мүмкүн.

Алмаздын чоң көздөрү ого бетер бакырайып кетти. Кайра боорум ооруп, “мен турганда сага эч ким эч нерсе кыла албайт” деп жоошутуп койдум. Ал да мени кучактап жатып бышылдап уктап кетти. Өгөй апам келгени күнү бүгүнкүдөй эсимде. Эч кандай шаан-шөкөтү жок эле, атам экөө ээрчишип кирип келишти.

– Мына, менин уулдарым. Аман, Алмаз, эжеңер менен таанышкыла,- деди атам. Өгөй апам чарчаңкы, кайгылуу көздөрү менен карады. Алгач мени кучактамакчы болду. Менин апам болпойгон, толмочураак аял эле. Өгөй энемдин колу арык, катуу, муздак сезилди. Ойт берип кучактатпай койдум. Алмаз мага жабышып, бетинен да өптүрбөдү. Мен түгүмдү үрпөйтүп жактырбай турганымды бардык ишаратым менен сездирип жаттым. Акыры бизди жайыбызга койду.

– Балдар эмеспи, көнүп кетишет...- деди атам күнөөлүү кишиче күңкүлдөп.

Жашообуз өзгөрө баштады. Мектептен келсең мурункудай каткан нан тосуп албай, ашкана даамдуу жыттанып, түрдүү тамактар дасторконго коюлчу болду. Дилимде апам менен тиги аялды салыштырып эле бүтпөй жаттым. Тамакты канча түрлөп жасаса да бир жери кем болгондой... Апамдыкындай эмес!

– Аман, дагы тамак салып берейинби?- дейт өгөй энем.

– Жок!- дейм шилекейимди кылк жутуп. Жегим келип жатса да жактырбаган түр көрсөтүп жатканым эле.

– Сен чоң жигит болушуң керек, тамакты көбүрөөк ич.

– Апам сизден даамдуураак жасачу,- деп балп эттирдим. Чөмүчкө созулуп бара жаткан колу шалдая түштү. Маанайы чөгүп, эч нерсе дебестен өз бөлмөсүнө кирип, чыкпай койду. Колума мөөрөй тийгендей сүйүнүп калдым. "Ушул боюнча таарынып биздин үйдөн кетип калса" деп жаттым ичимден. Бирок кеткен жок. Канчалык ага каршы иштерди жасасак да, эч нерсени байкамаксан болуп койду. Ал тургай атама да арызданбай койду. Түн ичинде келип уктап жаткан Алмазды өөп, менин үстүмдөгү жуурканды кымтылап кетчү. Эң оору ошол эле, анткени апам да ошондой кылчу да. Жанымды ачыткан нерсе – анын апам эместигинде эле.

Бир жолу шаардын сыртына эс алганы бардык. Тоо тарапка барып, агын сууну бойлоп турган элек. Баарыбыз эле турганбыз, бир кезде иним Алмаз сууга кулап кетсе болобу. Суунун агымы чоң эле. Атам нес болуп туруп калды. Мен бакырып жатам. Өгөй энем эч ойлонбостон сууга секирип кетти. Мына сага! Чабак уруп баратат. Колу Алмазга жетти. Нес болгон атам чуркап жардамга барып экөөлөп алып чыгышты. Кулак мурдуна суу кирген Алмаз коркконунан “апа” деп өгөй энемдин көкүрөгүнө жабышып калды. Өгөй энем инимди кучактап кулагына бир нерселерди айтып, жалынып, ыйлап жаткандай болду. Мен аны көргүм келбей терс бурулдум. Ошол күндөн тартып Алмаздын апасы пайда болду. Экөө кайда барса чогуу. Кыткылыктап инимдин күлкүсү чыгып, аркасынан ээрчип, кээде коюнуна жатып калат. Өз апама болгон кусам, кызганычым ичимди жейт. “Сениби, саткын шашпа” деп иниме жаным кашаят.

– Байке, апам мени биринчи класска өзү алып бармай болду,- деди ал. Бала да, жүзү жаркыйт.

– Жыргапсың!

– Байке, сен деле аны апа дечи. Карачы, мага эмне сатып берди.

– Эк, барчы ары! Сен экөөбүздүн апабыз башка. Уктуңбу, башка!

– Бирок апабыз өлүп калбадыбы? Ал жок да.

– Эмне дейсиң?

Жашоонун улуу чындыгы. Апам жок, анын ордун башка адам басты. Көзүмдөн жаш айлана түштү. Бирок баары бир көшөрө бердим. Такыр кабыл албадым. Кабыл алгандарды да жек көрдүм. Өгөй энем бардык жактан эл оозуна алына баштады. Атамдын туугандары да ага имериле башташты, тай жагымдагылар келип балдарды жакшы караганы үчүн деп ыраазычылык билдирип жатышты. Ого бетер жинденем.

Бирок бир окуя болду. Мектепте Алмазды уруп, кемсинте берген бир бала бар эле. Атам “эркек бала ыйлактамак беле, өзүңө бекем бол. Урса ур, тепсе теп” деп койду. Бирок өгөй энебиз андай ойлогон жок. Бир күнү мектептен чыгып келе жатсам турган экен. Жашынып шыкаалап калдым. Алмазга ыдык көрсөтүп жүргөн баланы жанына чакырды.

– Эй бала, бери кел!- деди каардуу. Ал арык, назик сүйлөгөн, дайым муңайым жүргөн аял эле да. Биринчи жолу минтип орой сүйлөгөнүн уктум. Тиги бала чочулап жанына келди.

– Алмазды дагы бир жолу уруп же коркутсаң менден бирди көрөсүң! Уктуңбу?!

– Эже, Алмаз өзү биринчи...

– Алмаз өзү биринчи эч кимге тийишпейт. Мен билем уулумду...

Кыскасы, Алмазга дагы бир жолу колу тийсе моюнун кайрый турганын тиги балага түшүндүрдү. Жанында турган Алмаздын кубанычын көрүш керек эле. Мына ушул жерден мен да эки колумду көтөрүп, өгөй энеме багынып бердим. Иниме болгон камкордугун, чыныгы энелигин бааладым. Ошол күнү иним экөөбүздүн үстүбүздү жапканы киргенде, анын колун кыса кармадым. Билдире ала турган ыраазычылым ушул эле. Көзүмдөн жашым мончоктоп тамып жатты. Ал дагы менин колумду кармап турду да, үнсүз гана чачымдан сылады. Колдору апамдыкындай эле мээримдүү тура.

Көрсө, өгөй апам так Алмаздын курагындагы уулун жол кырсыгынан жоготуп алган экен. Жолдошу да ошол кырсыктан каза болуптур. Жоготкон уулунун ордуна Алмазды тутунган тура. Азыр 30дамын, журналистмин, мен ушул саптарды жазып жатканда менин апам үйдө күтүп отурат. Апам...

Айлин. Д

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан