Илим жана техника
Учурда Айподго ашык болгон жаштардын саны арбын. Аудиоплеерлердин бул түрүн музыка угуу үчүн гана эмес, башка максатта да колдонсо болот.
АЙПОД (IPOD) ДЕГЕН ЭМНЕ?
Айпод (iPod) – “Apple” компаниясы тарабынан иштелип чыгарылган маалымат алып жүрүүчү медиаплеер. Аларды аудиоплеерлердин 4-мууну деп аташат. Дебюту 2001-жылы өтүп,
чү дегенде эле 100 миллиондон ашуун айпод сатылган.
АРТЫКЧЫЛЫГЫ
Убакыттын өтүшү менен айподдун улам жаңы көп функциялуу заманбап үлгүлөрү чыгып келет. Эс-тутумунун көлөмү (флешка жана кадимкидей “жёсткий” диск бар) 10 гигабайттан 160 гигабайтка чейин болуп, бул музыка угуп гана тим болбостон, маалымат сактоочу жана алып жүрүүчү каражат катары да кеңири колдонулат. Айпод компьютерге уланат жана салмагы жеңил (200 граммга чейин), дайыма жанында алып жүрүп колдонууга ыңгайлуу.
ОКУУ КАРАЖАТ КАТАР
Айподду билим алууда окуу каражаты катары пайдалануу маселеси көтөрүлүп жатканы бекеринен эмес. АКШнын айрым штаттарында айпод окуу куралы катары колдонулат. Тактап айтканда, электрондук китеп катары. Бирок экзамен учурунда окуучулар технологиянын бул түрүн шпаргалка катары да пайдалана баштагандыгы үчүн тыюу салынган.
Базарбек Абдураимов
koom@super.kg