КЕШЬЮ: ОРГАНИЗМГЕ ПАЙДАСЫ ЖАНА ЗЫЯНЫ

Адамзат кешью дарагындагы бардык нерсени колдонот. Дарактын кабыгы жана жалбырагы дары-дармек жасоодо колдонулса, жаңгагы менен алмасы ашканада кеңири жайылган. Кешьюнун мекени болуп Бразилиянын чыгыш аймагы эсептелет. Андан сырткары Индия, Иран, Азербайжан жана башка бир катар өлкөлөрдө да өстүрүлөт. Кешьюнун мөмөсү сүрөттө көрсөтүлгөндөй эки бөлүктөн турат: жаңгак жана алма. Алмасы бат бузулуп кеткендиктен, алыс аралыкка алып кетүүгө болбойт. Андан шире, компот, желе, кыям жана спирт ичимдиктери даярдалат. Ал эми жаңгагын көрүп жүрсөңүз керек.

Жаңгагынын пайдасы:

+ Антибактериалдык, антимикробдук, антисептикалык касиетке ээ.

+ Курамында А, В1, В2 витаминдери, темир, цинк, фосфор, кальций, магний жана башка организмге пайдалуу элементтер бар.

+ Кандагы холестериндин деңгээлин жөнгө салат.

+ Жүрөк-кан тамыр системинин иштешин жакшыртат.

+ Иммунитетти жогорулатат.

+ Сөөктөрдү бекемдейт.

Зыяны жана кимдерге колдонууга болбойт:

Бөйрөк же табарсыкта таш болгон учурда колдонууга болбойт.

Панкреатит дартында;

Ашказан жарасында:

Семирүүдө;

Аллергиясы барларга сунушталбайт.

Сактоо мөөнөтү

Кешьюну тандаганда жаңгактын бүтүндүгүнө, өңүнүн агыштыгына жана катуу, жегенде катырап оңой чайналгандай болгонун алуу керек. Эгер жегенде ачуу даам келсе, андай кешьюдан дароо баш тартыңыз. Кешьюну кургак жерде, бөлмө температурасында 30 күн сактаса болот, ал эми муздаткычта 2 айдан ашык кармабаңыз.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан