КАЙСЫ БЕЛГИЛҮҮЛӨР БЫЙЫЛ БАЛАСЫН 1-КЛАССКА АЛЫП БАРЫШТЫ?

Ата-эне үчүн толкунданткан учурлардын бири – бул баласынын билим жолуна аттанганы да. Ишеним, үмүт, жакшы тилек менен кайсы чыгармачыл адамдар балдарын быйыл 1-класска киргизди?

Самат Муратбеков, ырчы: “КЕЛИНЧЕГИМ ЫЙЛАДЫ”

– Кызыбыз Жанэлди мурдагы жылы Бишкектин Көк-Жар кичи районунда жаңы ачылган №103 азербайжан мектебине алып бардык. Барсак мектептин директору таанып, “ырдап бербейсиңерби” дегенинен, келинчегим экөөбүз ыр белек сундук. Кызым болсо бийледи.

Буга чейин Жанэлди мектепке даярдоо классына ташып жүрүп көнүп калган окшойм, көп толкунданган жокмун. Ал эми келинчегим ыйлады. Анткени жубайым 1-класска барарга жакын ата-энеси эки жолго түшүп, мектепке таенеси ээрчитип барган экен. Ошол учур эсине түшүп, биз кызыбызды чогуу алып барганыбызга шүгүр кылып көзүнө жаш алыптыр.

Убакыт учкан куш экен, Жанэль бат эле чоңоюп, минтип билим жолуна кадам таштап жатат. Токтоо, ак көңүл, тырышчаак кызыма окууда жетишкендиктерди гана каалайм, келечеги кең болсун!

Гүлзат Байзакова, Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти: “НЕБЕРЕМ ҮЧҮН БААРЫБЫЗ ЭРТЕ ТУРА БАШТАДЫК”

– Неберем Искендер уулубуз Камбардын тун уулу, биздин тун неберебиз. Ошого болсо керек, неберем 1-класска даярданып жатканда эле абдан толкундандык. Убакыттын өтүп жатканы да ушундан билинет турбайбы, кечээ эле жаңы төрөлүп неберелүү болгонубузга сүйүнүп жаттык эле, минтип мектептин ак босогосун аттап отурат. Ошентсе деле бизге кичинекей көрүнүп эркелеткенибиз кала элек.

Искендер Панфилов атындагы №6 мектеп-гимназияга кирди. 1-сентябрь күнү өз ата-энеси алып барды, андан кийин чоң атасы да кошулуп мектепке ташый баштадык. Окуусу эртең менен башталат экен, мурун мынчалык эрте турчу эмес элек, небереме карап баарыбыз эрте туруп калдык, баарыбызды режимге салып жатат (күлүп). Неберемдин окууларына ийгилик каалайм, алган билими жугумдуу болсун!

Ишен Назаров, ырчы: “КЫЗЫМ 1-СЕНТЯБРДЫ ЧЫДАМСЫЗДЫК МЕНЕН КҮТТҮ”

– Кызыбыз Адеми Бишкектеги №69 мектеп-гимназиясынын босогосун аттады. Мектепке барганыбызда бизди таанышып, “ырдап бербейсиздерби” дешкенинен “Ак тилек” деген чыгармабызды кызым экөөбүз аткарып бердик. Адеми аябай жоопкерчиликтүү, “кызым, сахнага чыкканда жакшы ырдап бер” десем, же бир нерсени табыштасак ошону так аткарат. Ошондуктан кызыбызда баары жакшы болоруна ишенип, окуусуна ийгилик каалайбыз.

Кызымдын 1-класска барганын көрүп өзүмдүн балалык кезим көз алдыма тартылды. Ал кезде жылына бир жолу эле кийим сатып алчубуз. Августтун аягында окуу кийимин сатып алып, ошону менен кийинки жылга чейин жаңы кийим дегенди билчү эмеспиз. Ошондой кыйын учур эле. Мектепке деп алып берген кийимибизди окуу башталгыча кайра-кайра кийип, сентябрь башталгыча шаштыбыз кетчү. Кызым да “качан сентябрь келет?” деп мектепке барууну чыдамсыздык менен күттү. Биз менен бирге Максат досумдун (ред.: ырчы Максат Кыштообаев) уулу Элмырза да ошол мектепке барды. Экөө бир бала бакчага барган, азыр болсо бир класста, бир партада чогуу отуруп жатышат. Жалпы 1-класска барган бөбөктөрдү, окуучу, мугалимдерди окуу жылы менен куттуктайбыз.

Замира Молдошева, стилист: “КЫРГЫЗ ЖАНА АНГЛИС ТИЛИНЕ БАСЫМ ЖАСАГАН МЕКТЕПКЕ БЕРДИК”

– Кызыбыз Сааданы “Сейтек” мектебине алып бардык. Анткени ал жакта кыргыз, англис тилдерине басым жасалат экен. Азыркы балдар кыргыз тилинде сүйлөбөй жатпайбы, ошого карап да кыргыз тилин жакшы билсин, кыргызча тарбия алсын, аны мене кошо англис тилин да үйрөнсүн деген жакшы үмүт менен ушул мектепке бердик. Анткени бала бакчасы орус тилдүү эле. “Сапатка” кирүү үчүн алдын ала тест тапшырышат экен, 100 пайыздан 98 пайыз упай алып өтүп кеттик. Биздин класска Аалы Туткучевдин, Эрмек Нурбаевдин балдары да кириптир, “эми классташ болот турбайбызбы” деп күлүп жатабыз.

1-сентябрь күнү Саадага кошулуп өзүм 1-класска кирип жаткандай толкундандым. Эрке кызыбыз эми мектепке кантип көнөт деп чочулап жатканбыз, жок, мектеп аябай жагыптыр. Ооруп калса да “барам” деп барып жатат. “Сиз мама эмес, апа экенсиз” деп келди, кыргызчаны жакшы түшүнө баштады. Көп маани бербей жүрүпмүн, кызыбыз абдан зирек, акылдуу экен, бир нерсени бат жаттайт. Буюрса, эстүү, билимдүү балдардын катарын толуктайт деп ишеним артып жатам.

Ильяз Абдыразаков, ырчы: “УУЛУБУЗ ЭЛ КӨЗҮНДӨ БОЛУУНУ ЖАКТЫРАТ”

– Экинчи уулум Арлан Бишкектеги №13 мектеп-гимназиянын босогосун аттады. Улуусу да ошол мектепте окуйт. Экинчи жолу балабызды мектепке алпарганга, анын үстүнө даярдоо классына ташып жүргөнгөбү, анчалык толкунданган жокпуз. Болгону ойго салат экен да, “оо-уу, экинчи балабыз мектепке барып калды” деп. Убакыт өзүнүкүн бербей ушинтип улам кийинкилер чоңоё берет турбайбы.

Арланчик бардык жагынан төп келген бала. Ырдайт, бийлейт, футбол ойнойт, математика, окуудан жакшы деген гана сөздөрдү угуп келебиз. 6 жашында эле шар окуп, жазып калган, 1-класска жакшы даярдыктан өттү. Өзү дагы мактоо сөзүн укканды, эл көзүндө болууну жактыргандыктан болгон аракетин жумшап жатат. Уулубуздун жакшы окуп кетишине ишеним артып жатабыз.

Асел Ишенбай кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан