Изат Айдаркулова, төкмө: “АКЫНДЫН БААРЫ ТҮЙШҮКЧҮЛ, САНААЧЫЛ, ОЙЧУЛ”

Эгемендүүлүктүн 32 жылдыгына жана улуу ойчул Молдонияз Эрназар уулунун 200 жылдыгына арналып 30-31-август күндөрү Ошто өткөн XVI эл аралык айтышта Изат Айдаркулова 1-орунду багындырды. Ушул айтыштын өзгөчөлүгү, Изат айымдын төкмө акындык дүйнөсү, бакыты, кайгысы тууралуу маектештик. “Аялдар үчүн өнөрдү аркалоо мырзаларга караганда бир топ эсе оор”,- дейт айтыштын ак жылдызы.

– Биринчи орун кут болсун, Изат айым! Күттүңүз беле?

– Чоң рахмат. Күткөм десем да болот. Анткени даярдыгым мурдагы айтыштарга караганда жакшы болуп, ишенимдүү бардым бул жолу. Негизи сүр катуу болгондо эмне айтып жатканыңды билбей каласың. Ошондуктан сахнага чейин болгон сүрдү жоготууга аракет кылам. Эмоциямдын баары айтыш убагында чыгып кетиптир. Акырында эмоциям калбай, ушунчалык чарчап калыптырмын. Андыктан сүйүнгөнүм да билинбей калды. Мурда айтыштарда желкем тырышып калчу, бул ирет чарчасам да өзүмдү жеңил сездим. Бардык маселелерим чечилип, телегейим тегиз болуп калгандай жагымдуу чарчоо болду.

– Эл аралык айтыш жылда Бишкекте болчу эле, бул ирет Ошто өттү, өзгөчөлүк сезилдиби сизге?

– Эл аралык айтыштын жалаң Бишкекте өткөнүнө көнүп калыптырбыз. Ош жергесинде айтышты кандай кабыл алышат деген ой түйшөлтпөй койгон жок. Көрсө, айтыштын күйөрмандары кадимкидей өсүптүр. Бишкекте кандай кабыл алса, Ошто андан кем эмес кабыл алышты. Айтышка кызыгуу өсүптүр, бул бизди аябай кубандырды. Көрүүчү көп келди, сонун болду.

Айтыштын жүрүшүндө, адегенде Данияр Алдабергенге жуп болдум. Ага чейин “баланча акын менен айтышсам, мындай деп койсом болот экен” деп ойлонуп жаткам. Бирок Даниярга туш келсем, кандай айтыш болот, эмнени тема кылабыз деп, ойлорум бүдөмүк боло берген. Эмнеге кыжалат болсоң, ошого туш болот экенсиң, Даниярга туш болуп калдым. Бирок жакшы айтыш болду. Эртеси күнү жарым финалда да, финалда да Хазрет Бердихан менен айтыштым.

– Буга чейин Монголияга барып келдиңиз...

– Ооба, Монголиядагы казактар айтышка чакырышты. Казакстандагы, Кытайдагы казак акындары жана бизден мен акын катары, Амантай Кутманалиев калыс катары бардык. Баян Акматов, Чыңгызхан Кожошевди да чакырган. Алар ар кандай себептер менен бара албай калышты. Ал жактан 2-орунду алдым. Ага чейин Казакстанга “Айтыштын Айтакыны” аттуу эл аралык айтышка бардым. Айтакын Булгаков – төкмө акын Жандарбек Булгаковдун атасы. Анын маареке тоюна арналып өткөрүлгөн айтыш болду, Айтакын акын 60 жаштан ашыптыр. Бизден Мамбеттокто Мамбеторозо уулу менен мени чакырышты. Мага 3-орунду беришти, Мамбеттокто баш байге менен кайтты.

– Жаңы эле гезиттин башкы бетине фотосессия жасадык. “Мен минтип түшпөшүм керек, мындай кийинбешим керек” деп жаттыңыз. Өзүңүзгө дагы кандай чектөөлөрдү коёсуз?

– Элдин көзүндө болуп, айтканың акыл-насаат, аткарганың терме-санат болуп жаткандан кийин өзүң эле тыйылып калат экенсиң, кантип тыйылганыңды деле билбей каласың. Америкадан да жазып “ашыкча боёнуп жатасың, андай кылбай эле койчу” деген күйөрмандарым бар. Алардын ою менен эсептешем. Элдин кызы болгондон кийин баары бир элдин пикири менен эсептешүү керек. Эл эмне дейт деп эле жашайм.

– Адам кайсы тармакта иштесе, кандай чөйрөдө жүрсө, ошого жараша сапаттар калыптанат дешет. Жалпы төкмөлөргө тиешелүү деп кайсы сапатты айтсак болот?

– Баары түйшүкчүл, санаачыл, ойчул болушат. Ойлонбосок кайдан ой жаралмак. Өзгөчө айтыш мезгилинде алар менен сүйлөшүп калсаң, сыртынан сүйлөшүп коё берет. Бирок сөзүңдүн маңызына жетип сүйлөшө албайт. Анткени ичинен ырды ойлоп жаткан болот.

– Кыздарды айтышка кызыктыруу, тартуу багытында кандай аракеттер болуп жатат?

– Кыздар өздөрү эле келип жатышат. Эң жаманы – кыздар турмушка чыккандан кийин турмуштун түйшүгүнөн чыга албай калышат экен. Үйдүн да, баланын да, өнөрдүн да түйшүгүн тартуу кыз киши үчүн кыйынга турат. Кыргыз акын кыздарга колдоо азыраактай. Эгер кыздарга көбүрөөк колдоо көрсөтүп, сүрөп турушса, акын кыздар көбөйөт беле. Мен айтышка жакын калганда баарын унутам. Баламды да жакын адамдарыма табыштап, айтыш дүйнөсүнө сүңгүп кирүүгө аракет кылам. Акыркы 5-10 күн калганда эч ким менен сүйлөшпөй, байланышпай калам. Андагы эмоцияларымды сөз менен жеткире албайм. Толкундануу, сүр ошондо эле башталат. Кандай болот деп ойлонуп ич этиңди жейсиң.

– Азыркы тапта элге ыр менен жеткиргиңиз келген көйгөй кайсы?

– Көйгөй көп, мен көбүрөөк аялдардын түйшүгүн, жүрөк өйүгөн маселелерин айткым келет. Бирок аны да учуру келгенде айтыш керек да.

– Сөз баккан, маданияттын көрүнүктүү айымына мырзалардагы кайсы сапат жакпайт болду экен?

– Эркектердеги жоопкерчиликсиздик сапат жакпайт. Айта берген, кайра сөзүнөн кайта берген эркектер көбөйүп кетти. Мен жоопкерчиликтүүлүктү, пунктуалдуулукту жакшы көрөм.

– “Билгендерге бул дүйнө
Күндөн күнгө үйрөнүү.
Билбегенге бул дүйнө
Көрдөн көргө сүйрөлүү” дейт. Күн сайын бир нерсе үйрөнүүгө аракет кыласызбы?

– Албетте, үйрөнүү керек. Үйрөнүүнүн эрте-кечи жок. Ийгиликке жеткен адамдардын таржымалын көп окуйм. Эч качан кеч болбой турганын жакшы түшүндүм. Мен айтышка 28 жашымда аралаштым да. Кеч аралаштым, эрте келсем жакшы болмок деп ич этимди жей берчүмүн. Көрсө, акыл толуп калганда, ушундай мезгилде келгеним жакшы болуптур. Жаш келсем, далай мүдүрүлүп, далай туура эмес, күлкүгө кала турган сөздөрдү айтып алат белем?

– Сиз үчүн жашоодо эмне баалуу?

– Ар бир күнүм баалуу. Мурда кыялданып алып алдыдагы күндөрдү күтсөм, азыр мен үчүн ар бир мүнөтүм баалуу. Жакындарың дүйнөдөн өткөндө убакыттын баасын биле баштайт экенсиң. Эртеңкиден үмүт кылып, азыркыны унутуп калган туура эмес. Устатым айтмакчы, жашоону жаркырата жашаш керек экен.

– Балаңыз канчага чыгып калды? Кандай апа болуп жатасыз?

– Төрткө чыкты. Укмуш тарбия берип жатам дебейм. Күчүмдүн жетишинче, акыл дараметиме жараша тарбия берип жатам. Коноктор келсе, уулум эч кимди суратпай өзү эле ырдап бере турган болуп алды. “Ырчынын баласы ырчы болот да” деп калышат. Баламдын боорукер, мээримдүү, эч нерседен жалтанбаган, бир нерсеге киришсе, өтөсүнө чыккан, жоопкерчилиги мол, кандай кесип тандабасын элге жан дили менен кызмат кылган мырза болуп чоңоюшун каалайм.

Кыска-нуска

– Эң бактылуу учуруңуз?

– Балам төрөлгөн учур. Бардык түйшүк, кыйынчылыктар унутулуп калган.

– Эң кайгылуу учуруңуз?

– Устатымды жана апамды жоготкон күн.

– Өзүңүз менен сыймыктанган учур?

– Андай учур боло элек. Адам өзүнө канааттанып калган кезде өсүү токтойт деп билем.

Перизат Музуратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан