Белгилүү актёр, 51 жылдан бери Кыргыз театрында кызмат кылып келе жаткан Шайымбек Кыдырмаев агабыз жакында Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алды. Бул инсанды Кыргыз тасмаларынан улам да жакшы тааныйсыз, окурман. Театрда өткөн жылдар, кинодогу каармандары, анан, албетте, наам алгандагы сезимдери тууралуу сүйлөштүк.
– Шайымбек ага, наам кут болсун! Кандай сезимдер болду?
– Рахмат. Кубандым, кесиптештер, жакын санаалаштар куттукташты. Негизи наам эчак эле берилмек. Ар кандай себептер менен артка жылып отуруп, эми ыйгарылды. Ийгиликтин эрте-кечи жок да.
– Деген менен кеч берилди деген ойдосуз?
– Кеч берилди. Бирок бирөөгө кеч, бирөөгө эрте келет экен да. Баягыда бир тамада айтып жатты эле: тойдо тамада бир аксакал кишиге такыр сөз бербей коюптур. Анан аксакал антракт учурунда тамадага келип, “баарына сөз берип жатасың, сакалдуу башым менен мен отурсам, такыр бербей койдуң” десе, тамада да кыйын жигит экен. Ойлоно калып, “аксакал, тост дагы өлүмгө окшош экен да, бирөөнө эрте келет, бирөөнө кеч келет экен” деп абалдан чыгыптыр. Анын сыңарындай, ар кимге ар кандай убакыт буйруйт.
– Театралдык сезондун ачылышына даярданып жатасыздар...
– Ооба, 15-сентябрда “Төлгө” менен ачабыз. Адыл Болорбек уулу деген жаш режиссёр “Түпкүрдө” спектаклин коюп жатат. Бул спектаклди 1976-1977-жылдары мен Ош театрында иштеп жүргөндө режиссёр Искендер Рыскулов коюп, ушул спектакль менен Москвага декадага отчёт менен барганбыз. 6 жыл иштегенден кийин Москвага отчёттук декадага баруу союздук театрлардын тарыхында болбоптур. 1972-жылы Москвадан театралдык окуу жайды бүтүп келгендер баарыбыз жаңы ачылган Ош театрына барганбыз да.
– Театрда иштеп келе жатканыңызга канча жыл болуп калды?
– 51 жыл. 1972-жылы Ош театрын биз ачканбыз. Былтыр каражаттын жетишсиздигинен 50 жылдыгын өткөрө албай калышты, быйыл өткөрөлү деп жатышат. Учурда Кыргыз драма театрында иштейм. Ош театрынын жамааты биздин театрга келгенде Акылбек Жапаров да келип калыптыр. Сөздөн сөз чыгып отуруп 50 жылдык тууралуу айтышса, “болуптур, акча берем, өткөрө бергиле” дептир. Мен ал учурда театрда эмес элем. Ош театрында 25 жыл иштедим. Андан кийин 1 жыл Чүй театрында иштеп, анан Кыргыз драма театрына келдим. Курсташтарымдын баары чоң артисттер, Мукамбет Токтобаев, Дүйшөн Байдөбөтов, Тынарбек Аманов, Марат Алышпаевдер өтүп кетишти. Азыр курсташтарым Гүлайым Каниметова, Турганбүбү Бообекова, Анара Назаркулова, Жамиля Сыдыкбаева менен чогуу иштейм. Назира Мамбетова Жаш көрүүчүлөр театрында, Рашбек Асанов менен Кадырбек Калыков Ош театрында. Гүлсара Ажыбекова, Акылбек Абдыкалыков, Токтобек Сатаров, Шаршен Дүйшөнкуловдор эс алууда.
– Орус драма театрында “Демон” спектаклинде ойноптурсуз...
– Ооба, ал спектаклге чакырышкан. “Демон” менен Москвага, Санкт-Петербургга, Минскиге бардык. Андан башка да көп жерлерге чакырышты, каражаттын айынан бара албай калдык.
– Алгачкы ролуңуз эсиңиздеби?
– Эсимде. 1972-жылы Адылбек Дыйканбаев Аалы Токомбаевдин “Күндүн чыгышы” деген спектаклин койду. Ошондо семичке саткан чалдын ролун ойногом. Ошондо менин ойногонумду Искен Рыскулов жактырып калган экен. Ал Бакы Өмүралиевдин “Жүз катын” пьесасын коюп, анда Мажит чалдын ролун берди. Алгач ушул ролдорду ойногом.
– Өзүңүздү өзгөчө сыймыктандырган ролдоруңуз катары кайсыларды белгилейт элеңиз?
– Бектен Абдылдаев Алдар көсөнүн ролун ойнотту. Анда жонглёрдук кылам, бийлейм, ырдайм, комуз чертем, тумакты тегеретип башка кием, таяк тегеретип ыргытам. Өзгөчө роль болгон. Бул ролду аткарарда цирк өнөрлөрүн Москвадан окуп келген Болот Эдигеев үйрөткөн. Мар Байжиевдин “Байыркы жомок” пьесасында хандын ролун ойногом. Аны менен Москвага барып келдик. Ошол ролумду баары макташкан. Мага чейин Сыдыкбек Жаманов, Асанбек Кыдырназаров ойноптур. Кыдырназаров спектаклди көргөндөн кийин “ханды ойногон жигит кайда жүрөт?” деп издеп келиптир. Колумду кыса кармап, “бул ролду Эл артист Сыдыкбек Жаманов, Эмгек сиңирген артист, мен, Кыдырназаров ойногонбуз. Биздин ойногонубуз сенин ойногонуңдун жанында суу кечпей калыптыр” деп батасын берген.
– Өзүңүз комедиялык ролдорго жакын экенсиз...
– Кулк-мүнөзүм ошого жакын. Тамашалап, ойт берип кетмейим бар. Бир жолу Табылды Актанов менен Мукамбет Токтобаевди чакырып “үчөөбүз тең музыкага жакын адамдарбыз. Музыкалык спектаклге буюртма берип көрбөйлүбү” деп сунуштадым. Үчөөбүз тең аккордеондо, комузда ойнойбуз. Болбосо баары психологиялык спектаклдер болуп эле эзилип калабыз. Өзгөчөлүк жок. Табылды “андай пьеса менде бар, жазгам” деп калды. Ошентип анан “Жаназыкты” үчөөбүз ойнободукпу. Аны менен Түркияга барып келдик.
– Ортодо театрга эл көп келбей калган учур болду. Азыр спектаклдер аншлаг менен өтүүдө, бул тенденциянын себеби эмнеде деп ойлойсуз?
– Биз элдин талабына жараша спектаклдерди коюшубуз керек да. Кээде чоң режиссёрлор классикалык чыгармаларды коюшубуз керек деп калышат. Бирок кыргыздар классиканы көп жактырбайт экен. “Муну эмнеге койдуңар, эмне кереги бар? Ансыз да заман кыйын болуп жатса, ого бетер кишинин жүрөгүн оорутасыңар” дегендер бар. Азыр репертуарыбызда комедия да, драма да бар. Репертуарыбыз элге ылайык, табитине жараша болсо агылып келип турат. Болбосо качырып алабыз.
– Балалык кезди көп эстейсизби?
– Ата-энем айылда жөнөкөй жылкычы, чабан болушту. Айтылуу Саякбай манасчынын айылынан – Ак-Өлөңдөн болом. Атам 9-класс кезимде каза болуп калды. Кыштын күнү кой кайтарып жүргөндө муздан тайгаланып аскадан учуп кетип каза тапкан. Апам жамактап ырдап калчу. Атам да комуз чертип ырдачу. Мага алардан өттүбү, же Кудай бердиби, билбейм.
– Кинолордо да роль жаратып жүрөсүз...
– 1976-жылы Ошто иштеп жүргөндө алгачкы жолу “Сыпайчы” деген фильмде инженердин ролун ойнодум. Андан кийин “Исаев” деген фильмге Орусияга чакырылып калдым, анда жапондордун тыңчысын ойногом. Севастополго барганбыз, Кара деңиздин жээгинен тартылган. Жакынкы жылдары “Көпөлөк”, “Кокуй кошуна”, “Бажарики-3” тасмаларына, кыска метраждуу тасмаларга тартылдым. Мени “Кокуй кошунадан” улам көп таанышты. Анда Марат Козукеев менен куда болуп аткарат эмеспизби. Марат экөөбүз жашоодо да кудабыз. Менин кызым Мараттын инисинин жубайы.
– Кызыңыз да актриса, билишимче?
– Кичүү кызым Динара Кыдырмаева “Учур” театрында актриса. Уулум Москвада, улуу кызым Түркияда иштейт. 7 неберем бар. Жубайм кесиби боюнча врач.
– Жакшы. Ден соолук каалайбыз, ага. Көп жашаңыз!
– Рахмат, кызым.
Перизат Музуратбекова