(Башы өткөн сандарда)
Ажар эшикти ачып, алдында турган Айдайды көрдү. Кайра эшикти жаап коймокчу болду эле, Айдай күч менен тосуп калды да, ичкери кирип келди.
– Эмне керек сага?
– Биз сүйлөшүүбүз керек.
– Сени менен сүйлөшө турган сөзүм жок. Чыгып кет, үйүмдөн...
– Сенин үйүңдө мага тиешелүү бир адам бар. Аны алгандан кийин сени менен, сенин үйүң менен да ишим болбойт менин.
Ажар нестейе туруп калды да, анан каткырып жиберди. Анын каткырыгында чыныгы ыза, коркуу бар эле. Тагдыры менен өчөшкөндөй болгон бул жаалдуу каткырыкты Айдай да биринчи жолу укту. Бул жерге келгенге чейинки кашкөйлүгү, көк беттиги тайсалдай түштү. Ажарды боору ооруй карап турду.
– Сен орто жерден келип Эмир меники деп кантип айта аласың? Ал сага буюм беле? Буюмду түшүрүп алыпмын деп орто жолдон келип алып кетсең болот. А баланы анте албайсың. Ал бала менин уулум! Сеники болуп төрөлгөн чыгар, бирок меники болуп өлөт. Анын жүрөгүндө мен гана бармын.
– Билем! Бул жашоодо ал сени гана апа деп жүрүп өтөрүн билем. Канчалык мага оор болсо да ортоңордогу эң улуу, эң чоң байланышты көрбөгүдөй көзүм сокур эмес. Көөдөнүм да сокур эмес. Баарын көрүп, сезип турам. Бирок мен да энемин! Менин башымдан эмне өткөнүн сен билбейсиң. Сенин башыңдан эмне өткөнүн мен билбегендей эле, сен да мени кандай азап чеккенимди, уулумду 18 жылдан бери издегенимди, ушунча жылдан бери жашадымбы, же жашамыш этип жүрдүмбү, аны да билбейсиң. Азыр кеп сен же мен тууралуу эмес. Эмирди экөөлөп сактап калышыбыз керек. Макул десең мен анын апасы экенимди өмүр бою айтпайм. Бирок андан ким утат? Бала болгон жердин баарын аңтарып-теңтерип документтерин издеп жүрөт. Биринчи жолу өгөй экенин билгенде кимге келди дейсиң? Мага келди! Мен анын көзүндөгү ызаны көргөнүмдө менин азап тартканым анын азабынын жанында түккө да турбасын сездим. Ал бала, жашоосун эми баштап келе жатат. А сен экөөбүз жашообуздун жарымын жашап койдук. Экөөбүз тең энебиз. Андыктан экөөбүз биргелешип баланы саткап калышыбыз керек.
– Жылансың, ээ? Акырын кирдиң биздин жашообузга. Алгач күйөөмдү алдың. Акыл-эсин жоготуп сүйдүрдүң. Эми уулума кезек келди. Ал сенин апасы экениңди билсе менден кетпейт деп ойлойсуңбу? Анын атактуу апасы болот. А мен киммин? Атасынын көлөкөсүндө жашаган бир аялмын.
– Эмир атактуулугум үчүн мени тандайт десең жаңылышасың. Ажар, алтыным, сен жүрөгү мээримдүү аялсың. Болбосо сен аны өз уулуңдай көрүп тарбиялабайт элең. Суранам, Эмирге өз оозуң менен чындыкты айт. Биргелешип айталы. Бала ызаланып жүрүп бир нерсеге кабылбасын.
– Жок!
– Ал сенин уулуң, мен жөн гана...
Ажар эки колу менен кулагын басып ыйлап жиберди. Мындан ары бул жүктү көтөргөнгө алы жок. Эч бир нерсени укканга чыдамы жок. Уулун алат да, кетет бул өлкөдөн...
Ажар такыр сөз уккусу келген жок. Бирок Айдай кайра-кайра келе берди. Бир жолу укпаса экинчи жолу угат деп күндө келет. Ыйлады, коркутту, жалынды.
– Сен Эмирди ушунчалык жакшы көрөт экенсиң, аны кантип болбогон бир акчага сатып ийгенге макул болдуң?
– Кандайча саттым?
– Мен өз көзүм менен көрдүм видеону. Бирок Эмил каза болгондон кийин ал видеону таппай калдым. Телефонунан өчүрүлүптүр.
– Мен 17 гана жашта болчумун. Өзүм бала элем. Алданып калдым. Эмирдин атасы жашоосундагы болгон ызасын менден чыгарып сабачу. Аргам жок, балам менен Бишкекке качып келдим. Эч кимим жок, эч нерсем жок эле. Вокзалдан бир адамга жолуктум. Ал мени үйүнө чакырды. Ошентип ал экөөбүз жашай баштадык. Билишимче, эч жерде иштечү эмес, бирок бренд кийимдерди кийип алып чыгып кетчү, кечинде келчү. Акчасы бирде көп, бирде такыр жок болуп калчу. Жашырганда эмне, мен ал адамды сүйүп калдым. Эмне десе да баарына макул болдум. Бир жолу тогуз айлык баламды бирөөгө бере турушубуз керек экенин, анын ордуна бизге акча бере турганын, анан кайра ала турганыбызды айтты. Мен макул болбодум. Ошол сөздөрдү видеого тартып алган экен. Бир күнү мен жумушта жүргөндө баланы карап үйдө калды. Ага ишендим. Чогуу жашап жатсак кантип ишенбейсиң. Кечинде жумуштан келсем баланы алып качып кетиптир. Кайсы жерден гана издебедим. Көрсө, атагы чыккан аферист экен, издөөдө жүрүптүр. Анын ондогон паспорту бар болуп чыкты. Кумар оюнуна карыз болуп калып, менин уулумду ошол акча үчүн сатып жибериптир. Бирок кантип силердин колуңарга түшкөнүн билбейм. Бул окуяны бир Эмил билчү. Бирок мага айткан жок. Уулумдан көз көрүнө айрылып калдым. Селсаяк болдум, өзүмдү өлтүрүп койгум келчү. Бирок жолумдан бир жакшы адам чыкты да, мени караңгылыктан сууруп чыкты. Талантымды баалады, ким экенимди өзүмө сездирди. Мени атактуу кылды. Бирок мен бактылуу боло албадым. Атактуулук менин жашоомдогу жараны айыктыра албады. Уулумдун жыты... Кайсы күнү эртең менен турбайын анын жыты мурдума келчү. Көздөрү... Бул кусалыктын оордугун айтып түшүндүрө албайм. Бирок уулум аман-эсен экенин, бир күнү болбосо бир күнү ага жолугарымды туйчумун. Ошентип кастинг жарыяланып, Эмир менин тайпама келип калды. Бир көргөндө жүрөк сезди. Менин уулум экенин акылым менен билбедим, бирок жүрөгүм ага тартыла берди. Жакын болуп кеттик. Ал мени апасы менен тааныштырганы чакырды. Мен сенин колуңдан анын тогуз айлык кездеги сүрөтүн көрүп тааныдым. Менин уулум... Кийин ДНК тест жасаттым. Расмий түрдө менин уулум экени белгилүү болду. Эми өзүң ойлосоң. Мен сен ойлогондой карасанатайлык кылсам, мыйзам чегиндеги документтер менен келип эле ортого таштамакмын. Бирок мен энемин. Эмирди ойлодум, аны жылуу уясынан козгогум келбеди. Алгач мага анын карааны эле керек болду. Бирок жылуу уя деле эмес, бул үй анын капасы экенин, атасы менен мамилеси душмандардай экенин билдим. Ошондо да сабыр кылдым. Сенин күйөөң мени мажбурлады, сырларымды Эмирге айтып саларын айтып коркутту. Аргасыз аны менен бирге болдум. Өзүмдү жек көрүп жатсам да аргасыз элем. Анткени Эмирдин мени инсан катары жек көрүп калышынан корктум. Кийинкисин өзүң билесиң. Мен ушунун баарына чыдадым. А сен? Сен Эмир үчүн эмнени курмандык кыла алдың?
Ажар ойлонуп отуруп калды. Чындык, анысы да, мунусу да чындык. Эмирди сактап калуунун жолу ага чындыкты айтуу. Болгондо да өз оозу менен айтуу.
– Макул,- деди ал чарчаңкы. – Башка арга деле жок. Бирок сен сөзүңө тур. Эмир менин уулум боюнча калат. Аны бооруңа тартпайсың. Өзүңө алып кетпейсиң. Ушул үйдө мени менен жашашына ыраазы болосуң.
– Мен макулмун!
Айдай көз жашын сүртүп жылмайып алды. Жашоосунда мындай жеңилдөөнү мурда сезбесе керек. Ал баарына ыраазы болчу. Эмир чындыкты билгенден кийин өзү кандай чечсе иш ошондой болоруна көзү жетип турду.
ххх
– Мен сага чындыкты айтам, уулум.
– Кандай дейсиз?
– Мен сени төрөгөн энең менен тааныштырам.
Эмир селдейе түштү. Апасына таң кала карады. Чын айтып жаткандай...
(Уландысы кийинки санда)