Концерттен кийин
“Жаштар, барсыңарбы?”, “Кана, Бишкек, кол чаап колдоп турабыз!” Кайсы концертке барбаңыз, ырчылардын ушундай сөздөрүн сөзсүз угасыз. Ал эми бул концертте адатка айланган мындай сөздөр жаңырган жок. Көрүүчүлөр ар бир номерде сурантпай эле кол чаап, кыйкырык-сүрөөн менен коштоп отурушту. Сахнада болсо кыргыздын арык чырай, өзү айткандай, “жөпжөнөкөй” кызы – Каныкей ырдап жатты.
Мен билгенден акыркы эки-үч жылды алсак, эстрада ырчыларынын арасынан Кыргыз Республикасынын Эл артисти наамын алганда Гүлнур Сатылганова, андан соң Мирбек Атабеков жандуу үн менен концерт беришкен. Эми Каныкей.
Каныкейдин концерти башта пландалгандай Улуттук филармонияда эмес, Опера-балет театрында болорун укканымда “аа, филармониядагылар булардын да айласын кетиришкен экен” деп алдым. Анткени “тигини илбе, муну сахнага койбо, алып кирбе” дей берип чарчатышарын жакшы билем да. Декорацияны каалагандай жасай албай, пландарыңды ишке ашыра албай чайналасың, ижара акысын олчойтуп төлөп турсаң дагы.
Айтор, эл менен бирге кызыгуум артып мен да бардым, Каныкейдин концертине. Концерт башталгыча орун жетпей талашып, кажы-кужу болгондордун урушун угуп отурууга аргасыз болдум. А сахнанын көшөгөсү бир саат өтүп кетсе да мелтиреп ачылбайт десең. Акыры күттүргөн кызыбыз да чыга келди. Жок, тагыраак айтканда, асмандан түштү. “Сулуулук сактап калат дүйнөнү” деген ыр менен башталган концерт эки сааттан ашык убакка созулду көрүнөт. Ал ортодо ырчы кызыбыз эки-үч ирет кийим которуп, көрүүчүлөрдү эстрададан кыргыздын көөнө ырларына, андан Опера-балет театрынын камералык оркестринин коштоосунда классика дүйнөсүнө, атүгүл дүйнөлүк мегахиттердин дүйнөсүнө да алып барууга жетишти. Анча-мынча мактанып да койгусу келди көрүнөт, “мен бир ырчыны абдан жакшы көрөм, сыйлайм. Бирок өзүм деле андан кем ырдабайм” деп жатып Шакиранын ырын аткарып берди. Чын эле ашса ашкандыр, кем калган жок. Атүгүл украиндердин сыймыгы болгон Руслананын “Жапайы бийлерин” да катыра ырдады. Ошончо ырдын баарын жандуу үн менен аткарды. “Азамат!” деп кол чапкандан башка айла жок.
Ушул концертте отуруп бир нерсе аргасыздан оюма келди. Улуулар “жаш муун бузулду. Кайдагы бир батыштын даңк-дүңк музыкасынан башканы билишпейт, угушпайт. Комузду, Мусаны, Атайды барктабайт” деп эле наалып, бизди уруша беришет. Улуулар “жаштар укпайт” деп айтып жаңылышарын Каныкей жөн гана далилдеп койду. Бул кыз Токтогулдун “Алымканын” созгондо эми эле Шакиранын ырын угуп жыргап отурган жаштар тура калып дүркүрөтүп кол чаап жиберишти. “Ак кептерим”, “Оп майда”, “Күйдүм чокту” да ушунчалык эргүү менен угушту. Ал гана эмес, ыры жок эле чопо чоор, сыбызгы менен аткарылган кыргыз күүлөрүн да алакан кызарта кол чаап коштоп угушту. Канчалык батышка ыктабасын, кыргыз баласы кыргыздын ырын, комуз үнүн баалабай койбойт. Болгону, жаш муундун жүрөгүнө жеткидей жол табуу керек тура!
Каныкейдин кыргызча сүйлөгөнү да кызык. “Жашоо бар бул дүйнөдө, келгиле, жашайлычы, азыр мен силерге ыр чыгарып берем” деген сөздөрүн угуп жылмайып отурдум. Ырчы кыз кыргызча сүйлөгөнгө аябай аракет кылды. Сөзүнүн баш-аягы жок болсо да, “бул дүйнөдө боорукердик бар, келгиле, ынтымакта, бири-бирибизге мээрим төгүп жашайлы” деген ойлорду айткысы келгенин түшүнүп отурдук. Кыргызча сүйлөй албаганы Каныкейдин эле эмес, улуу муундун да айыбы. Ошол ата-энелер балага кыргызча сүйлөшкөн эмес, кыргыз тилин, кыргыз дилин учурунда үйрөтүшпөгөн. Мындай кемчиликтерин туюп өзү да “кыргыздын улуттук аспаптарында ойной албаганыма аябай өкүнөм. Эмки концертте сөзсүз бир аспапты үйрөнүп, анын коштоосунда ырдап берем, кечирип коюңуздарчы...” деп кат-катынан кечирим сурап жатты. Дилимде “ии, эне тилин да жакшылап өздөштүрөр” деп ишенип отурдум.
Ыр сүйүүчүлөргө мындай жагымдуу концерт тартуулаган Каныкейге караганда да, “Каныкей” долбоорунун уюштуруучуларына ыраазы болосуң. Концертте ырдалган Кренберристин зомбулук жөнүндөгү ырын кыргызчага “Каныкей” долбоорунун жетекчиси Мамасадык Багышев которуптур. Ырчы кыздын жанында гитараны катыра ойноп жаткан Дэнис Колючийди болсо баарыбыз легендарлуу “Элес” тобунан улам жакшы тааныйбыз. Айтор, бул ырчы кыз “жандуу үн менен концерт коюуга Кыргызстанда шарт жок” деген сөздүн баарын жокко чыгарып, “Супер-Инфонун” “Супер ырчы айым” наамына татыктуу экенин далилдеди. Дагы далай ирет далилдейт деп да ишенем.
(Каныкейдин концертинен үзүндүнү "Элдик видео" бөлүмүнөн көрө аласыздар).
Толик сынчы