Жеки Чандан «КУНГ-ФУ АТ»

Жеки Чан. Бул ысымды билбеген ким бар? 69 жашка чыккан актёр кезектеги тасмасы менен көрөрмандарын кубантты. Бул ирет жылкы менен дос болгон Жекинин жоруктарын “Кунг-фу ат” тасмасынан көрө алабыз.


Тарткан өлкө: Кытай

Чыккан жылы: 2023

Жанры: комедия, драма

Режиссёру жана сценаристи: Ларри Ян

Башкы ролдордо: Жеки Чан, Лю Хаоцюнь, Го Цилинь, Жеки У, Юй Айлэй, Жои Юн жана башкалар

Тасманын узактыгы: 2 саат 6 мүнөт

Эмне жөнүндө?

Уруш өнөрлөрүнүн чебери Лао Луо (Жеки Чан) учурунда атактуу каскадёр болуп, көптөгөн тасмалардагы кооптуу трюктарды көз ирмебей аткарып койчу. Андан бери күндөр-жылдар өттү, суулар акты, билинбей эле карылык келип калды. Лао Луо иштеп жүргөн кинокомпания жабылып, эми Огонёк аттуу аты экөө оюн-зоок паркында аниматор болуп жатышат. Мурдагыдай тасмага тартылуу сунушу да жок, эски карыздары көбөйүп отуруп банктардын өкүлдөрү артынан түшүп жүрөт. Коллекторлор болсо карыздын ордуна анын атын алып калууну көздөп жатышат. Ошондой күндөрдүн биринде коллекторлордон качууга туура келет. Ар бир кадамың интернетке жайыла турган заманда Лао Луо менен Огонёктун бандиттер менен кагылышуусу Тиктокто вирустай тарап, бир заматта экөө популярдуу болуп чыга келишет.

Карызынан кантип кутуларын билбеген Лао кызына кайрылууга аргасыз. Бирок аны менен аялы экөө ажырашкандан бери байланышы үзүлгөн эле. Апасы каза болгондо атасы жанында болбогонун кечире албаган кызы алгач жардам берүүдөн баш тартат. Бирок кыздын сүйлөшкөн жигитинин жакындары анын атасы менен таанышкысы келгенин билдиришет...

Жекиге кечиримдүү

“Кунг-фу ат” тасмасынан биз көнүп калгандай Жеки Чандын учуп-күйүп чуркап жүргөнүн, бир үйдүн чатырынан экинчи үйгө же асманда учуп жүргөн вертолёттон жерге секиргенин, бандиттерди эки жакка “чачыраткан” сценаларды дээрлик көрбөйсүз. Тасманын башталышында анан аяк жагында гана уруш сценалары бар, бирок мурдагыдай актёрдон динамика, активдүүлүк байкалбайт. Ананчы, 70 жашта азыркы Жеки Чандай болуу көпчүлүктүн колунан келбейт. 1980-1990-жылдардын жылдызы Жеки Чан көпчүлүккө кумир болду, анын тасмалары менен канча муун чоңойду, канчалар кунг-фу менен таанышты, трагедияны комедия менен жеңген тасмалары азыр да жагымдуу ностальгия жаратат. Андыктан Жекиге баары кечиримдүү дегим келет.

Өзүнүн жашоосун бергендей

Тасманын жанрына биография дегенди да кошуп койсо жарашчудай. Анткени аяк жагында ар бир көрөрмандын көзүнө жаш алдырган учур кошулуптур. Лао Луо кызына эмнеге апасы каза болгондо жанында болбогонун айтып берет. Бир тасмада кооптуу трюкту туура эмес аткарып катуу жаракат алган каскадёр комага түшүп калат да, үй-бүлөсүндөгү трагедиядан кабарсыз калат. Андан кийин кызы кассета таап алып, аны көрсө атасынын кинолордогу мыкты трюктары, андан алган жаракаттары тартылган болот. Бул трюктар жана жаракаттардын баары Жеки Чандын биз билген тасмаларынан алынган чыныгы кадрлар. «Разборках в Бронксе», «Доспехах бога», «Кто я?», «Час пик» жана башка тасмалардын биринде башын жарган, сынбаган омурткасы, кабыргалары калган эмес, буту-колунун сөөктөрү жанчылган, көрүнгөн жерине сөөктөрдүн ордун темир алмаштырып калган. Бирок ал токтоп калган эмес, сүйгөн кесиби үчүн алдыга жыла берген. Кесиби үчүн үй-бүлөсү экинчи планга калып, ортодо канчалаган түшүнбөстүктөр жаралган. Тасманы карап отуруп Жеки Чандын жашоосун эле көргөндөй болосуң. Бардык курмандыктарың үчүн рахмат, Жеки!

Үй-бүлөлүк тасма

Жеки Чандын тасмаларынын дээрлик баарын үй-бүлөң менен кооптонбой отуруп көрө берсең болот. “Кунг-фу ат” тасмасы да алардын катарында. Чектен ашып сөгүнгөн сөздөр, ачык сценалар жок. Ар бир адам өзү үчүн кызыктуу нерсе таба алат. Бири сүйүктүү актёрун көрөт, экинчиси ата менен баланын мамилесин, атанын үй-бүлөдөгү ордун, ортодогу келишпестиктерди, аны кантип жеңиш керектигин көрө алат. Жаш балдарга жылкынын жоруктары, ага байланыштуу күлкүлүү сценалар кызыгуу жаратса керек. Ал эми Кытай мамлекетине кызыккандар Шанхай шаарынын кооздугуна, анын жергиликтүү архитектурасына көз жүгүртө алышат.

Кыскача...

“Кунг-фу ат” тасмасынын алгачкы аталышы “Ат үстүндө...” болчу.

Бул тасмага тартылардын алдында Жеки Чан ден соолугуна байланыштуу операция жасатмак. Бирок тасманын тартуу иштерине тоскоол болот деп операциясын жылдырып, ооруну басуучу атайын терапиядан гана өтүп, тасма талаасына келип алган.

Тасмада бир нече ат тартылган. Баш каарман Огонёктун ролундагы жылкы канчалаган жарыштарга чыгып жүрүп карылыгына байланыштуу “ардагерлердин” арасынан орун алган жаныбар эле. Өзүнө окшогон көпчүлүк “ардагерлердин” арасынан активдүүлүгү, энергиясы менен тартуучу топтун көңүлүн бурганы үчүн аны тандап алышкан. Тасма тартылып бүткөндөн кийин Жеки Чан Огонёкту багуу-кароосу жакшы фермага жайгаштырган.

Асыл Орозбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан