– Мындан 3 жыл мурун балдар менен мушташып, бутум сынып ооруканага жатып калдым. Ата-энем, бир туугандарым абалымды сураганы, тамак-ашын алып келип жатышты. Баары кадимкидей эле уланып жаткан. Бир күнү ооруканага бир киши келгенге чейин.
– Кандайсың, уулум?
– Саламатсызбы? Кечиресиз, сизди тааныган жокмун.
– Ооба, сен мени тааныбайсың. Бирок мен тааныйм. Кичинеңден эле байкап келем. Биз кошуна айылда жашайбыз. Атым Сабыр.
– Келиңиз, Сабыр байке.
– Сенин ооруканага жатып калганыңды угуп келип калдым.
Сабыр байке cөздү уланта албай көпкө отурду. Бир маалда анан сөзүн уланта баштады:
– Эрлан, уулум, мен бул нерсени айтыш үчүн ушул күнгө чейин күттүм. Айтпай, сени менен таанышпай дүйнөдөн өтүп кеткенден дайыма корктум.
– Эмнени? Эмнеге?
– Сен Бекболоттун өгөй баласысың. Сенин апаң атаң менен ажырашып, кийин Бекболотко тийди. Атаң кийин үйлөнгөн жок. Москвага иштейм деп кеткен бойдон 25 жылдан бери дайынсыз. Мен атаңдын агасы болом.
– Кайдагыны айтпаңызчы. Чыгып кетиңиз азыр бул жерден.
Ал кезде эч нерсе деле түшүнгөндөй болгон жокмун. Анын үстүнө кайдан-жайдан келе калып бир нерселерди айткан кишиге ишене беремби деп ойлодум. Бирок андан кийин ал кишинин айткандары эсимден кетпей койду. Кантип эле ушундай болсун, өз атам деп чоңойгон атам кантип эле өгөй болуп калсын, муну кабыл алуу мүмкүн эмес. Анын үстүнө мындай суроолорду ата-энемден кантип сурамак элем. Бирок бул сүйлөшүү мага өткөн күндөрдүмдү эске салды. Чындыгында, атам мага башка балдарындай мамиле кылчу эмес. Аларга бергенди мага бербей, аларга айткан жылуу сөздү мага айтчу эмес. Улуусу болгонум үчүн ушундай мамиле кылат го деп ойлочумун. Кээде кичинемде болбогон нерсе үчүн мени катуу жазалагандары да эсиме түштү. Мени окутушкан жок, бир туугандарымды окутушту. Мунун баары ичимди жей берди. Балким, ал киши чын айтып жаткан болсочу, балким, мен чын эле өгөй бала болсомчу деген ой кемирип салды. Бир жолу теңтуш балдар бир аз ичип алдык, үйгө кызуу болуп келдим. Атам адатынча урушуп баштады.
– Адам болбойсуң сен. Сен үчүн кеткен кайран мээнет,- деп сүйлөнүп баштады.
– Ата, билесизби, сиз кичине кезимде мени катуу сабачусуз. Ар кандай жаман сөздөр менен тилдечүсүз. Эмнеге ошондой мамиле кылчусуз? Башка балдарыңызды окуттуңуз, мени эмнеге окуткан жоксуз?
– Эмне болду сага, өткөн-кеткенди эстеп. Анда окутууга шартыбыз жок болчу, өзүң деле билесиң го.
– Шарт деңизчи, иним окууну бүткөндө үйүбүз өрттөнүп кетип, көчөдө калбадык беле. Андай абалда деле Бишкекке жөнөтүүгө, өзү каалаган милиция академиясына окутууга акча таптыңар го. Шарт деп коёт, ал шылтоо да. Ата, айтыңызчы, мен бакма баламынбы?
Бул суроону бергенде апамдын көзү чекчейе түштү.
– Уулум, сүйлөйт десе эле сүйлөй бересиңби?
– Апа, мен бутум сынып ооруканада жатканда Сабыр деген байке келген. Сенин атаңдын агасы болом деди. Сен бакма баласың деди. Мен ага ишенген эмесмин. Бирок ошондон бери тынч уйку жок менде. Чындыкты айткылачы мага.
Апам атамды карап калды эле, ал башын ийкеди. Анан апам сөз баштады:
– Балам, мындай сөз болуп калыптыр, убактысы келди окшойт. Айтса айтып берели. Ооба, Сабыр өз атаңдын агасы болот. Мени 17 жашымда ала качып кетишкен. Баргандан бир жылдан кийин сен төрөлдүң. Ортодо көп чыр-чатак болду, ар кандай көйгөй жаралды, экөөбүз жашообузду уланта албай турганыбызды түшүнгөндө ажырашууну туура көрдүк. Сен 2 жашка чыкканда мына, бул атаңа жолугуп калдым. Жактырыштык, сүйлөштүк, турмуш курууну чечтик. Ошентип жаңы турмушум башталды...
Мага бул сөздөр катуу тийди. Бул маалыматты эмне кылам, кандай кабыл алам, билбей турам.
Эрлан