ДҮЙНӨДӨ ЭМНЕ КЕП?

6 айлык баланын көзүнүн өңү өзгөрүп кетти

Таиланддын Чулабхорн падышалык академиясынын ооруканасынын врачтары өзгөчө окуя тууралуу айтып чыгышты. Ковид менен ооруп калган 6 айлык балага вируска каршы фавипиравир таблеткасын беришкен. 18 сааттан кийин анын кара көздөрүнүн өңү өзгөрүп, күңүрт көк түскө өтүп кеткен. Фавипиравир РНК-вирустар козгоочу ооруларга, анын ичинде эбола, ковидди айыктырууда колдонулат. Таиландда аны менен балдарды дарылоого да уруксат берилген. Дарынын терс таасирлерине ич өтүү, кандын курамындагы лейкоциттердин өлчөмүнүн азайышы, заара кычкылынын деңгээлинин көтөрүлүшү кирет. Эми болсо минтип көздүн өңүнүн өзгөрүшүнө таасир этери билинип отурат.

Бирок аталган таблетка баланын жалпы ден соолугуна башка терс таасир тийгизбегенин, бала өзүн жакшы сезип жатканын эске алып врачтар дарыны дагы 3 күн беришкен. Арадан 5 күн өткөндөн кийин баланын көзүнүн өңү мурунку калыбына келген. Эмне үчүн мындай болгондугун окумуштуулар изилдей турган болушту.

Эки баштуу жылан Улуу Британияда жашоодо

Улуу Британиядагы зоологиялык дүкөндө жакында чочко сымал мурундуу жыландын баласы жумурткадан чыккан. Анын 2 башы бар. Оң жактагы башы сардина балыгын жегенди жакшы көрөт, ал тургай аны адамдын колунан алып жейт. Сол башынын кекиртеги ичке. Бирок бара-бара ал калыбына келет дешет окумуштуулар. Эгер калыпка келбесе азыркыдай эле тамагын кичинекей бөлүктөргө бөлүп берүүгө туура келет. Кызыгы, оң башы тамагын жеп жатканда сол башы эч нерсе жебесе деле жеп жаткандай кыймылдарды жасайт.

Айта кетчү нерсе, аталган жылан породасы Түндүк Америкада кездешет. Чоңойгондо узундугу 80 сантиметрге чейин жетет. Алар майда жыландар менен кескелдириктерди, курт-кумурскаларды жешет.

Тереңдиги 2 чакырым үңкүр

Абазахиядагы Верёвкин үңкүрүнүн тереңдигин москвалык спелеологдор изилдегенде 2223 метр экендиги аныкталды. Буга чейин дүйнөдө мынчалык терең үңкүр табыла элек болчу дешет изилдөөчүлөр.

Аталган үңкүр Гагра тоосунда, деңиз деңгээлинен 2309 метр бийиктикте жайгашкан. Верёвкин үңкүрүнөн көп алыс эмес Крубера-Воронья үңкүрү да бар. 2014-жылы кизилдөөдө анын тереңдиги 2199 метр деп табылып, “планетадагы эң терең үңкүр” аталышын алган.

Аялдын мээсинен курт алып чыгышты

Автсралиялык 64 жаштагы аял эс-тутуму начарлап, депрессияга түшүп кеткенине даттанып Канберра шаарындагы врачтарга кайрылган. Врачтар көптөгөн текшерүүдөн өткөргөн соң анын мээсинде курт бар экенин аныкташып, операция жасашкан. Мээсинен адатта питон жыландарда мителик кылуучу аскарида куртунун бир түрүнүн 1 даанасы чыккан. Узундугу 8 сантиметр. Аталган курттун адамдын органында жолугушу дүйнөдө 1-ирет катталды.

Аял врачтарга 2021-жылы да кайрылган. Анда ичи ооруп, ичи өтүп, кургак жөтөлүп, демигип, түндө көп тердеп жатканын айткан. Көрсө, ошол мезгилде курттун личинкасы ичегисинен, бооруна, өпкөсүнө карай жылып жатканынын белгилери байкалган окшойт дешет врачтар.

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Комментарийлер (0)
№ 1083, 8-14-cентябрь, 2023-ж.
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан